Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Трамп тополоңду армия менен басарын айтты


Калайман башаламандык, талап-тоноо, зордук-зомбулук менен коштолгон нааразылык акциялары 25-майдан бери токтобой жатат.
Калайман башаламандык, талап-тоноо, зордук-зомбулук менен коштолгон нааразылык акциялары 25-майдан бери токтобой жатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп бир канча күндөн бери уланып жаткан калайман башаламандыкты токтотуш үчүн армияны колдонорун эскертти.

АКШнын ондогон шаарында 25-майдан бери ынды кара жаран Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу башаламандык менен коштолгон нааразылык акциялары тыйылбай жатат.

Дональд Трамп дүйшөмбү күнү кечинде «өлкөдөгү башаламандык менен чектен чыккан аракеттерди тыюу максатында» мыкты куралданган армияны, тартип коргоо органдарынын миңдеген кызматкерлерин колдонорун билдирди. Ал зордук-зомбулук, талап-тоноо менен коштолгон каршылык акцияларын «ички террор» катары мүнөздөдү.

Трамп губернаторлордон чечкиндүү чара көрүүнү, «көчөлөргө үстөмдүк кылууну» талап кылды:

«Эгер шаарлардын же штаттардын бийлиги анда жашаган тургундардын өмүрү менен мүлкүн коргош үчүн керектүү аракеттерди көрүүдөн баш тартса, мен Кошмо Штаттардын армиясын колдоном жана алар үчүн маселени тез эле чечип коём».

Трамп мындай билдирүү менен чыгардын алдында полиция Ак үйдүн маңдайындагы Лафайет аянтындагы демонстранттарды кууп таратыш үчүн жаш агызган газ колдонду.

Андан соң президент бир канча адамдын коштоосунда резиденциядан чыгып, бул аянтка барды жана бир күн мурда өрттөлгөн Ыйык Иоанн чиркөөсүндө болду.

Мындан бир күн мурда Трамп неоулутчулдарга, фашизмге, расизмге жана ак адамдардын өздөрүн башкалардан жогору сезишине каршы чыгып келген «Антифа» («Антифашисттик аракет») кыймылын экстремисттик уюмдардын катарына кошорун эскерткен.

Анын алдында айрым федералдык аткминерлер соңку нааразылык акцияларынан улам бул кыймылды айыптап чыгышкан.

АКШ.
АКШ.

Кошмо Штаттардын ондогон шаарларында коменданттык саатка карабай башаламандык уланды жана ал дүкөндөрдү, соода-сатык жайларын талап-тоноо, бүлдүрүү менен коштолду. Бир катар чиркөөлөр өрттөлгөн учурлар катталды.

Мунун алдында Жорж Фойддун өлүмүнө байланыштуу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Анда ынды кара жаран муунтуунун айынан жан бергени, анын өлүмү зомбулуктун кесепети катары белгилениши керек экендиги жазылган.

Флойддун үй-бүлөсүнүн өтүнүчү менен жүргүзүлгөн көз каранды эмес экспертиза да ушундай эле тыянак чыгарган.

Патологоанатом Майкл Бейден Флойду муунтуп жатканда анын күрөө тамыры кысылып, белине күч келип, аба жетпей, мээсине кан жүгүрбөй калып жан бергенин айтты:

«Ал «мен дем ала албай жатам» деп айтып жатканда, тилекке каршы, анын жанында турган полиция кызматкерлери ишенбей, «сүйлөп жатса, демек дем алып эле жатат» деп ойлошкон. Бул туура эмес. Адам маңдайыңда туруп деле, кечке сүйлөп жатып деле дем жетпей калган учур болот», - деди Бейден.

АКШда бир жумадан берки нааразылык акциялары Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн ынды кара адамдын өлүмүнүн айынан башталган. Көчөгө чыккандарды Жорж Флойдду дем ала албай жатканына карабай, моюнун ныгыра басып муунткан полиция кызматкеринин аракети жаалданткан.

Окуяга байланыштуу төрт полиция кызматкери жумуштан алынган, кийин Флойдду тизеси менен ныгыра басып муунткан кызматкер камалган. Нааразылык акцияларына чыккандар калган үч полиция кызматкерин да камоону, полициянын расисттик аракеттеринин токтотулушун талап кылып жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG