Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

Дональд Трамп демонстранттардан тазаланган Лафайет аянтында сейилдеди


Дональд Трамп менен Уильям Барр. Иллюстрациялык сүрөт.
Дональд Трамп менен Уильям Барр. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Трамп юстиция министри Уильям Барр, Пентагондун башчысы Марк Эспер, кызы Иванка, күйөө баласы, администрация кызматкерлери жана журналисттер менен кошо резиденциядан чыгып, ээн аянтка барды.

Ал бир күн мурда өрттөлгөн Ыйык Иоанн чиркөөсүнө барып, Библияны кармап туруп, «Америка - дүйнөдөгү эң улуу өлкө!» деп айтты. Андан кийин мамлекеттин коопсуздугун сактоого убада берди.

Андан мурдараак америкалыктарга кайрылуусунда президент Трамп башаламандыкты токтотуш үчүн жарандык жана аскердик күчтүн баарын мобилизациялай турганын билдирген.

«Биз өлкөнү каптаган бардык башаламандыкты жана ээнбаштыкты токтотобуз. Биз аларга мына азыр чекит коебуз», - деп убада берди Трамп.

Ыйык Иоанн чиркөөсү - 1815-жылы курулгандан бери АКШнын бардык президенттери мамлекет башында турган кезде жок дегенде бир жолу барган чиркөө.

Лафайет аянты президент барардан бир аз убакыт мурда нааразылык акциясына чыккандардан тазаланган болчу. Полиция демонстранттарды кууп таратыш үчүн көздөн жаш агызуучу газ менен кошо желим окторду пайдаланганын «Wasgington Post» жазды.

Бир жума мурда Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында афроамерикалык жаран Жорж Флойд полициянын колунан каза болгондон бери толкундоолор өлкөнүн башка аймактарына да жайылды. Вашингтондо 31-майда Ак үйдүн маңдайындагы Лафайет паркына жүздөгөн киши нааразылык акциясына чогулуп, кээ бирлер парктын кире беришин курчоого алган полицияны көздөй желим шишелерди ыргытып жатты.

Караңгы кирип эки жерде өрт чыкканда тартип коргоочулар жаш агызчу газ жана кулак тундурган граната колдонушту.

Бир катар шаарларда коменданттык саат киргизилди. Миннесотанын губернатору Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин биринчи жолу Улуттук гвардиянын толук мобилизациясын жарыялады. Айрым жерлерде нааразылык акциялары талап-тоноо, зомбулук менен коштолду.

XS
SM
MD
LG