Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

Трамп антифашисттик уюмду «кара тизмеге» киргизет


Жорж Флойд каза болгон жердин жанындагы мемориал. 31-май, 2020-жыл.
Жорж Флойд каза болгон жердин жанындагы мемориал. 31-май, 2020-жыл.

Жекшембиде Кошмо Штаттардын бир нече шаарында расалык адилетсиздикке каршы акциялар уланды. Бир жума мурун Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында афроамерикалык жаран Жорж Флойд полициянын колунан каза болгондон бери толкундоолор өлкөнүн башка аймактарына да жайылды. Вашингтондо 31-майда Ак үйдүн маңдайындагы Лафайет паркына жүздөгөн киши нааразылык акциясына чогулуп, кээ бирлер парктын кире беришин курчоого алган полицияны көздөй желим шишелерди ыргытып жатты. Караңгы киргенде кеминде эки жерде өрт чыкканда тартип коргоочулар жаш агызчу газ жана кулак тундурган граната колдонушту.

Нью-Йоркто миңдеген киши шаардын бир нече районун аралап жүрүш жасады. Полиция бөлүмүнүн жанына келгенде алар бир мүнөт унчукпай Флойдду эскеришти.

Бир катар шаарларда комменданттык саат киргизилди. Миннесотанын губернатору Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин биринчи жолу Улуттук гвардиянын толук мобилизациясын жарыялады. Айрым жерлерде нааразылык акциялары талап-тоноо, зомбулук менен коштолду.

Бир катар жетекчилер толкундоого ашынган солчулдар аралашкан болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Президент Доналд Трамп «Антифа» («Антифашисттик аракет») кыймылын террордук топтордун тизмесине кошорун эскертти.

XS
SM
MD
LG