Азыркы глобалдык кризис үчүн биринчи кезекте банк кредитине негизделген татаал финансылык инструменттерди күнөөлөшүүдө. Алардын бири дериват деп аталат. Аны массалык кыргын салуучу куралга салыштырып жатышкандыгы учурдагы абалдын канчалык татаал экендигин айгинелейт.
Дериваттар төө буурчагы болобу, же мунай, акция болобу, ар кандай товардын соода-сатыгына негизделген. Мисалы, дыйкан буудайын келечекте белгилүү мөөнөттө алдын ала аныкталган баада сатууга макул болот. Мындай келишимге ылайык, буудайдын баасы түшүп кетсе да, дыйкан ал буудайын келишимдеги баа менен сатаарын билет, ошондуктан көңүлү ток. Бир гана жери, буудай кымбаттап кетсе да, дыйкан алдын-ала келишилген гана акчаны алат.
Соңку жылдары мына ушундай келишимге негизделген финансылык дериваттар додо болуп кеткен. Алардын ичинде турак-жай алууга негизделген дериваттардын жаңы түрлөрү баалуу кагаздар базарында триллиондогон долларларга соодаланып келди. Ал гана эмес, дериваттар боюнча топтолгон карыздар боюнча дериваттар жана алардын үстүнөн дагы дериваттар пайда болгон.
Кризисти токтотуш үчүн, ага түрткү болгон мындай финансылык операцияларды токтотуш керек. Бирок таң калбаңыз, биздин маектешибиз, тескерисинче, алардын жаңы түрлөрүн ойлоп чыгып, бул системаны дагы өркүндөтүш керек деп эсептейт.
Роберт Шиллердин көз карашында, учурдагы баш-аламандык үчүн финансылык ойлоп табуучулук эмес, кайтарылышы күмөндүү болгон турак-жай кредитине байланган айрым дериваттар күнөөлүү:
– Биз учакты ойлоп тапканда башында көп кырсыктар болгон. Бирок акырындап, кемчиликтер оңдолду, азыр биз баарыбыз коркпой эле учуп жүрөбүз. Биз учактарды жок кылбагандай эле, бул финансылык жаңы ыкмаларды да жок кылбашыбыз керек.
Шиллердин пикиринде, үй сатып алгандарда саналуу гана финансылык ыкмалар болгон. Көп кишилер тапкан-ташыганын бүт бойдон бир гана мүлккө - турак-жайга жумшаган. Ал эми турак-жай базарында тобокелге салуучулук күчтүү. Соода-сатык жайлаганда үйдү сатыш татаалданат, аны башында төлөнгөн баага сатыш андан да кыйын болуп калат:
– Алар үй сатып алганда, болгон акчасын сарптап салышкан. Өмүр бою чогулткан акчасын бир үйгө инвестициялашкан. Бул туура болгон эмес. Бизге мындай катачылыкты оңдой турган институттар керек.
Шилер ушуга байланыштуу үй ээлерине баалардын түшүп кетишинен коргой турган дериваттар керек дейт.
Профессордун мындай пикирин жактырбагандар жок эмес. Бирок Шиллер өзү ойлоп табууга жардамдашкан система бүгүн Чикагонун биржасында иштеп жаткандыгын, бирок ал тууралуу көпчүлүктүн маалымат жок экендигин бегилейт.