Ак үй Иранга каршы согуш башташы ыктымал деген кооптонуу күчөп турган кезде бул документти Конгресстин эки палатасы тең колдогон эле. Кийинки убакта Вашингтон менен Тегеранды кайраштырган бир катар окуялар болуп өттү.
Ак үй 6-майда тараткан билдирүүдө Дональд Трамп бул резолюцияны «беделине өтө шек келтирген» документ деп атады жана «мыйзамдар менен фактыларды түшүнбөстүккө негизделген» деп сыпаттады.
«Резолюцияда жазылгандай болгон жок, Кошмо Штаттар азыр Иранга күч колдонгон жок. Биз тирешкен дүйнөдө, коркунучтар күчөп турган заманда жашап жатабыз. Конституцияда президент душмандардын кийинки кадамдарын көрө билиши керек экендиги жана чечкиндүү чара көрүшү зарыл экени жазылган. Мен ошону кылдым!» деп айтылат Трамптын билдирүүсүндө.
Бул документти Сенат февраль айында кабыл алган жана бир айдан кийин ал Өкүлдөр Палатасында да колдоо тапкан. Резолюция президентти Иранга каршы согуш аракеттерин баштаардан мурда Конгресстин макулдугун алууга милдеттендирген. Эгерде аскердик иш-аракеттер башталып кеткен болсо, ал мыйзам чыгаруучулардын уруксатын алганга чейин 30 күн ичинде токтотулушу керек экендиги жазылган.
Кийинки убакта Вашингтон менен Тегеранды тирештирген бир катар окуялар болгон.
Жыл башында Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан курман болгон. Анда таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулганы айтылган.
АКШнын армиясы бул операцияны жүргүзгөнүн моюнга алып, аны «коргонуу» максатында уюштурганын, Сулеймани Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына сокку урууга камынып жүргөнүн билдирген.
Тегеран Вашингтондон өч алаарын жарыялаган жана АКШнын Ирактагы эки аскер базасына баллистикалык ракета менен сокку ура баштаган. Ошол маалда, 8-январда Тегерандан Киевди көздөй жол тарткан жүргүнчү учак асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле кыйраган. Каргашада 176 адамдын өмүрү кыйылган. Иран бул окуядан төрт күндөн кийин учакты кокусунан атып алганын ырастаган.
Трамп соңку билдирүүсүндө Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулейманинин көзүн тазалоого 2002-жылы Конгресс кабыл алган резолюция уруксат бергенин кошумчалады.
Вашингтон менен Тегерандын чатагы Кошмо Штаттар 2018-жылы Иран менен алты дүйнөлүк державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып кеткенден кийин курчуган. Дональд Трамп Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизген. Буга жооп катары Иран келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.
Ирандын президенти Хасан Роухани АКШнын өзөктүк келишимден чыгып кеткенин «жаңылыштык» деп билдирди. Ал 6-майда мамлекеттик телеканалдагы кайрылуусунда өз өлкөсүнө карата курал эмбаргосу алынбаса анын кесепети оор болорун эскертти:
«АКШнын жетекчилиги курал эмбаргосун алуу өзөктүк келишимдин башкы шарттарынын бири экенин түшүнүшү керек. Алар өзөктүк келишимден чыгып кеткенден кийин чоң жаңылыштык кетиришкенин аңдашкан. Эми алдыга да, артка да жол жок».
Эми Дональд Трамптын Иранга каршы аскердик аракеттерин чектеген резолюция кайра Сенатка жөнүлөт. Президенттин ветосунан ашып өтүү боюнча маселе кайра добушка коюлат жана ветону жеңиш үчүн аны депутаттардын кеминде үчтөн экиси колдошу керек. Республикачылар басымдуулук кылган Сенатта эми бул документ кайра колдоо табышы күмөн.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.