Эшектер азайганына африкалыктар сарсанаа
Африканын Гана жана Кения өлкөлөрүндө эшектер кескин азайды. «Washington Post» гезити Кытайдагы эшектин терисине болгон чоң суроо-талаптан улам дүйнөдө бул үй жандыгы барган сайын азайып бара жатканын жазды. «Англиядагы эшектерди коргоо уюму жакынкы беш жылда Жер бетинде эшектин жарымынан көбү жок болуу коркунучунда экенин эскертүүдө. Кытайда эшектин терисинен жасалган, адамды жашартчу бет майга муктаждык көбөйгөн сайын Африка менен Азиянын эли эшектен кол жууйбузбу деп сарсанаа. Кытайдын инфратүзүмдүк колдоосуна марыганы менен бул аймактардын айылдары дагы эле экономикалык оор кырдаалда.
Айылдыктардын негизги кара күчү болгон эшектерди түнкүсүн уурдай качып, терисин сыйрып, 70 доллардан 130 долларга чейин кытайлык алармандарга сатышууда. Гананын түндүк аймактарында азыр эшек сойгон 9 касапкана иштеп жатат. Бул сүт эмүүчү жандык 2007-жылдан бери Ботсванада 37%, Бразилия менен Кыргызстанда 53% азайып кетти. Ал эми Кытайдын өзүндө 76% кемиди. Ганадагы касапкананын ээсинин айтымында, күнүгө 20дай эшек союлат. Ал эми уурулар түнкүсүн оттоп жүргөн эшектердин тирүүлөй эле терисин сыйрып кетип жатышат. Ушундан улам күнүмдүк тиричилигин эшексиз элестете албаган дыйкандар менен малчылар түнкүсүн күзөткө чыгып жатышат», деп баяндайт басылма.
Иран-АКШ чырынын Борбор Азияга чачыраган учкуну
АКШдагы Тышкы саясатты изилдөө институтунун Интернеттеги сайтына Иран менен Кошмо Штаттардын ортосундагы тирештин учкуну Азербайжанга, Арменияга Түркмөнстанга чачырап, бул өлкөлөрдүн коопсуздугуна тескери таасир этерин баяндаган макала чыкты.
Саясий талдоочу Максимиллиан Хесс: «Ирандын постсоветтик үч коңшусу - Азербайжанга, Арменияга жана Түркмөнстанга азыркы аскердик тирешүүнүн эпкини жетип, андан бүтүндөй Борбор Азия менен Кавказга таркашы толук ыктымал.
Дал ушул үч өлкө АКШнын тышкы саясатында көз жаздымда калып жаткандай. Маселен Иран менен чектеш Азербайжанда да шииттер көп жашайт. Эгер кырдаал курчуса Бакунун коргонууга алы келбейт. Азербайжанга качкындар агылып, өлкөнүн тынчы кетет. Анан калса азери бийлигинин АКШ менен Иран боюнча анык позициясы да жок. Ал эми Армения Ирандан газ импорттоп, электр энергиясын сатууда. Бирок аймактагы геосаясатка кеңири сереп салсак, Кремлдин Армениянын газ куурларына болгон көзөмөлү Иран менен ымаласынан да күчтүү.
Бир жагынан Грузия менен болгон начар мамилесин эске алганда, ага Ирандан качкындар кошулса Еревандын шаштысы кетиш толук ыктымал. Иран менен бир да кызыкчылыгы төп келбеген Түркмөнстан аскердик кагылышууда башын кумга тыгып, кайдыгер мамиле кылып жатат. Түркмөн мамлекеттик каналдары Иран-АКШ маселеси тууралуу ооз ачкан да жок.
Ашхабад өзүнүн бейтараптыгы менен бул кагылышты кыйгап өтүүнү көздөп турат. Анткен менен Ирандан жана Ирактан түркмөн аймагына киргиси келген качкындардын саны аз болсо да бийликте мөөнөтсүз өкүм сүргөн Гурбангулы Бердымухамедовдун шаштысын кетирет. Канчалык өз алдынча, бейтарап калууга аракет кылса да Түркмөнстан Орусия менен Кытайга жок дей албайт. Ашхабад Бээжин менен Москванын саясатын кылдат карап турмакчы» деген ойдо.
Англия монархтары падышалык милдеттен баш тартты
Узаган аптада дүйнөлүк басылмалардын дээрлик бардыгы падышалык милдеттеринен баш тартарын жарыялаган Англиянын ханзаадасы Гарри менен анын жубайы Меганды талкуулашты.
«Foreign Policy» журналы эмнеге дүйнө эли буга ашыкча көңүл буруп жатканына жооп издеген. «Британ басма сөзүндө Гарринин ата-энеси Диана менен Чарлздан кийин эле эң көп талкууланган адам Меган Маркл болду. Айрымдар ал тургай Меган расисттик себептерден улам басма сөздү кызыктырып жатканын айтып чыгышты.
Падышалык милдеттеринен баш тарткан монархтар буга чейин деле болгон. Падыша Эдвард VIII америкалык актрисага үйлөнүп, тактыдан баш тарткан эле. Элдин көбү Меган менен Гарри падышалык үй-бүлө мүчөсү болбой калса, аларга төлөнгөн акча эмне болоруна кызыгууда. Британиянын жылдык кирешесинин 25% падышалык үй-бүлөнү багууга кетет. Башкача айтканда 100 миллиондой доллар кан сарайларды оңдоого, кечелерди уюштуруп, аларды тейлеген адамдардын айлыгы менен саякатына, кийим-кечесине жумшалат. Эми мындай кымбат баалуу жашоодон жубайлар кантип баш тартары Британияны түйшөлтүп турган чагы», деп жазат басылма.
Сергек жашоо өмүрдү узартат
Туура тамактануу, таза, дени сак жашоо өмүрдү узартарын Гарвард университетинин окумуштуулары далилдешти. 2018-жылы жүргүзүлгөн илимий изилдөөнүн жыйынтыгы «Time» журналына чыкты.
Жашылча-жемишти көп жеп, туура азыктанып, ичимдик ичпей, тамеки чекпегендердин өмүрү 10 жылга узагыраак болору билинди. Илимий байкоо 1980-жылы башталып, ага 30 жаштан 75 жашка чейинки 111 миң адам катышкан. Катышуучулардын жашоо мүнөзү талданып, алардын ичинен сергек жашаган аялдардын өмүрү орто эсеп менен 34 жылга, эркектердики 24 жылга узак болгон. Окумуштуулар тынымсыз кыймыл-аракет, туура азыктануу адамдарды кант диабетинен, жүрөк-кан тамыр дарттарынан коргой турганын белгилешти.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.