Жарыштан реформачыл талапкерлердин көбү четтеп калгандыктан негизги таймаш ашынган эскичил көз караштагы талапкерлер менен башка консерваторлордун ортосунда болмокчу.
Иранда үгүт өнөктүгү шаршембиден бейшембиге караган түнү расмий башталды жана 19-февралга чейин уланмакчы.
Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, парламенттик шайлоого катышкысы келген талапкерлерди 12 адамдан турган Сакчылар кеңеши тандап-иргейт. Бул кеңеш реформачыл талапкерлердин дээрлик баарын каттабай койду. Депутаттар төрт жылдык мөөнөткө шайланат жана канча жолу шайлана аларына чек коюлган эмес.
Парламенттик шайлоо менен кошо эле 88 адамдан турган Эксперттер кеңешинин мүчөлөрү да шайланмакчы. Бул кеңеш Ирандын бийлик башчыларын тандайт. Кеңештин мүчөлөрү сегиз жылдык мөөнөткө шайланат.
Шайлоону утурлай Иран бийлиги жарандарды добуш берүүгө жигердүү катышууга бир канча ирет үндөп чыккан. Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өлкө күчтүү парламентке муктаж экенин айткан.
Бул шайлоо байистүү саясатчы катары сыпатталган президент Хасан Роухани үчүн чоң сыноо катары каралып жатат. Ал АКШ Иранга каршы санкцияларын калыбына келтиргенден бери өлкөнүн экономикалык маселелерин жөнгө сала албай келет.
Роухани Сакчылар кеңешин талапкер болууну көздөгөн 14 миң адамдын тогуз миңдейин жарыштан четтеткени үчүн кескин сынга алган. Алардын ичинде буга чейин депутат болгон 90 адам да бар болчу.
Роухани Ислам революциясынын 41-жылдыгына карата сүйлөгөн сөзүндө ирандыктарды «мажирөө болбой» шайлоого катышууга чакырган.
Бир катар эксперттер өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу коомчулукта нааразылык көбөйгөнүн белгилешет. Ошондой эле шайлоонун ачык-айкын өтөрүнөн күмөн санагандардын айынан добуш берүү солгун болушу ыктымал деген пикирлер да бар.
Былтыр ноябрь айынын ортосунан баштап Ирандын жүздөн ашык шаар-кыштактарында нааразылык акциялары өткөн. Ага өкмөттүн бензиндин баасын алда канча жогорулаткан, күйүүчү майды сатууну чектеген чечими негиз болгон. Полиция демонстранттарды кууп тараткан жана тоз-тополоңдо ондогон киши ажал тапкан.
Өлкөдөгү жагдайга быйыл жыл башында таасирлүү генерал Кассем Сулеймани Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын буйругу менен Багдадда өлтүрүлгөнү жана ирандык аскерлер 176 жүргүнчүсү бар украин учагын кокусунун атып түшүргөнү да кошул-ташыл болгон. Буга байланыштуу да өлкөдө нааразылык акциялары өткөн.
Бул жолку шайлоо Тегеран менен Вашингтондун мамилеси курчуп турган убакка туш келди. 2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири өлкөсү (АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Франция жана Германия) менен «өзөктүк келишим» деп аталган келишим түзгөн эле. АКШ эки жыл мурун ал келишимден чыгып кеткен. Андан соң Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизген. Буга жооп катары Иран келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан. Вашингтон менен Тегерандын мамилеси ошондон бери чыңалып турат.
Иранда 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо реформачыл талапкерлер менен консерваторлор 290 орундун 41% жеңип алышкан. Ашынган эскичил көз карашты кармангандар 29%, ал эми көз каранды эмес талапкерлер 28% түзгөн.
Бул жолку добуш берүү 21-февралда өлкөнүн 31 провинциясында өтөт. Иранда шайлоочулардын жалпы саны 57 миллион адамдан ашат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.