Түркмөнстан талаштуу 3 кендин тагдыры эл аралык сотто чечилет деп коркутуп келатканына далай жыл болду, бирок кийинчерээк Азербайжан менен мамилеси оңолуп, Каспийдин түбүндөгү кара май менен көгүлтүр отун келечекте Орусияны кыйгап өтүп, Набукко кууру аркылуу Европага ташыла баштайт деген үмүттү жандырган.
Түркмөнстан-Азербайжан ортосундагы кызыл чеке талашка Евробиримдик менен АКШлык ортомчулар аралашып отуруп, жакында эки өлкө биргелешип Батыштын кызыкчылыгында иштей баштайт деген көп убада сөз айтылган. Бирок, өткөн жума күнү Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өкмөт жыйынында өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Тойлы Комековдун отчетун окуп берип, талашты кайрадан кызытты.
- Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, Комековдун отчету көргөзгөндөй, Түркмөнстан менен Азербайжандын ортосунда деңиз үстүндөгү чек ара сызыгын аныктоо, ал жердеги табигый ресурстарды бөлүштүрүп, ортодо сызык өткөрүп, эки өлкөгө ажыратуу маселеси көптөн бери Бакунун бир өзгөчө көз карашынан улам чечилбей келатат. Башкы себеп – ал жерде, Каспийдин түбүндө абдан чоң табигый байлык жатат. Азербайжан ал жердеги жаратылыш байлыгынын баары өзүнө тийиштүү деп эсептейт, Советтер Союзу маалында да ал аймак эки өлкө ортосундагы тилке саналып, Промежуточное деп аталган, биз ал жерге өзүбүзчө Сердар тилкеси деп ат коюп алганбыз.
Түркмөн президенти андан ары Омар жана Осман кендерин Азербайжан эбак өздөштүрө баштаганын, чынында ал жерлер Түркмөнстанга таандык экенине токтолду. Ашгабат менен Баку ортосунда бул талаштуу кендер тууралуу 16 жолугушуу өтүп, эч кандай майнап бербегенин өкүнүч менен белгилеген Бердымухамедов тышкы иштер министри Рашид Мередовго мындан ары кандай аракет көрүүгө тапшырма берди. “Ушундай себептерден улам, Мередов, сиз деңиздеги талаштар боюнча адвокат, эксперттерди чогултуп, маселени Эл аралык арбитраждык сотто караштыруу үчүн кандай кагаз-документтер керек экенин изилдеп чыгыңыз”, - деп өкмөт жыйынында дароо көрсөтмө берди Бердымухамедов.
Байкоочулар Түркмөнстандын бул кадамы Европа Биримдиги чоң үмүт байлап жаткан Набукко долбооруна сокку урат деп эскертүүдө. Узундугу 3300 чакырымдык куур Грузиянын батыш тарабынан башталып, Түркия аркылуу Европага барып такалмак. Ал куурду көпчүлүгү жаратылыш газынын запасы жагынан дүйнөдө 1-орунда турган Түркмөнстан толтурмак.
Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Халаф Халафов Баку сотто өз кызыкчылыгын коргоого даяр деп комментарийледи. Бакулук энергетика маселелери боюнча эксперт Илхам Шабан Ашгабаттын сунушун колдоорун айтат.
“Сотко берүү – ортодогу талашты чечүүнүн бирден-бир туура жолу. Биз эл аралык сот адилет чечим чыгарат деп ишенебиз. Атүгүл Эл аралык арбитраждык сот Баку менен Ашгабатты жакындаткан чечим чыгарып калышы ыктымал”, - дейт азербайжандык эксперт.
Азырынча Түркмөнстан сотко тийиштүү документтерди камдап, иш каралганча европалык чоң табылга саналган Набукко долбоору алдыга жылбай токтоп калаары бышык.