Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Түркия: Барак Обаманын сапарынан кийинки ой-толгоолор


АКШнын президенти Барак Обама жана Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган
АКШнын президенти Барак Обама жана Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган

АКШнын президенти Барак Обаманын Түркияга сапары соңуна чыкты. Ушул тапта Түркиянын Стамбул шаарында немис-түрк ишканасында иштеген, 1992-жылдан бери бул өлкөдө жашап келаткан Каныбек Осмонов түрк эли Обаманын сапарын кандай кабыл алганы тууралуу ойлору менен бөлүштү.

“Азаттык”: Жалпыбызга маалым болгондой, акыркы эки күндөн бери дүйнө АКШнын президенти Барак Обаманын Түркияга иш сапарын байма-бай талкуулоодо. Түркияда бир нече жылдан бери жашап жаткан экенсиң. Сенин баамыңда, бул окуя Түркияда кандай көз-караштарды пайда кылды?

Каныбек Осмонов: АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон мындан бир ай мурда Түркияга иш сапары менен келгенде, бир айдан кийин бул өлкөгө Обама келет деп айтып кеткен. “Бирок анын программасы азырынча белгисиз” деген. Анан Обама Чоң жыйырманын лидерлеринин саммитине катышып, Түркияга келери маалым болду. Ушундан кийин түрк эли аны чыдамсыздык менен күтүп жаткан. Анткени Обама аларга кандай сөз айтары бардыгына кызык болуп турду.

Убагында Жорж Буштан мындай жылуу маанайды күтүшкөн эмес болчу. Обаманын президент катары Түркияга карата саясаты, тактикасы кандай болору да кызык болду. Булардын да Ирактагы согушка байланыштуу чечилбей келаткан бир топ маселелери бар эле. Ошондой эле ислам дүйнөсүнүн өкүлү катары түрк эли чоң ролду ойногондуктан Обаманы чыдамсыздык менен күтүп атышкан.

Анан Обама Түркиянын парламенти - Мажилисте сөз сүйлөп, түрк элине кайрылды. Менин байкашымча, ошол кайрылуусунда Обама түрк эли күткөн кайрылууну айтты. Өзүңөр жакшы билгендей НАТОнун да саммити өтпөдү беле. Ошондо Даниянын премьер-министри Расмуссен НАТОнун баш катчылыгына сунушталганда түрк бийлиги буга каршы болду. Себеби өз убагында Данияда пайгамбарды мазактаган сүрөттөр чыгып, ошондо ислам дүйнөсү Даниянын өкмөт башчысы алардан кеччирим сурашы керек деген пикирде болчу.

Ошол саммитте Түркиянын премьер-министри да айтпадыбы, Обаманын кепилдиги менен Расмуссендин талапкердигин колдойм деп. Себеби Түркиянын Евробиримдикке умтулуусунда Обаманын колдоосу абдан чоң болууда. Обама мындан ары да колдой берерин айтты.

“Азаттык”:
АКШнын президенти Барак Обаманын Түркияга сапарын бул өлкөдөгү басма сөз каражаттары кандай чагылдырды?

Каныбек Осмонов: Көпчүлүктүн көз-караштары жакшы болду. Анткени Обама парламенттеги кайрылуусунда да көп жакшы ойлорду айтты. Гезит, үналгы, сыналгылардан позитивдүү пикирлер айтылып жатат.

Бирок Обама Түркия менен Армениянын мамилесин чечпей кетти деп ойлойм, анткени түрк эли андан ушундай кадамды да күтүп жаткан. Өзүңүздөр билгендей, Түркия менен Армения өткөн кылымдын башындагы окуялардан улам тил табыша албай келет. Обама да "мен бул маселени чече албайм, силер өз ара талкуулап, андан кийин гана бир чечимге келишиңер керек" деп гана айтты. Аны түшүнсө болот, себеби эгерде Обама "ооба, мен Арменияны же Түркияны колдойм" десе, анда эки өлкө менен мамилесин бузуп алмак да.

“Азаттык”: Каныбек, өзгөчө акыркы жылдары ислам дүйнөсү менен Батыш өлкөлөрү, АКШнын мамилеси солгундап кетпедиби. Барак Обама Түркияда АКШнын ислам дүйнөсү менен согушуу нийети болбогонун, достук мамиледе жашоо кааларын баса белгилебедиби. Обаманын бул сөздөрү Түркияда кандай кабыл алынды? Элдин маанайы кандай?

АКШнын президенти Барак Обама жана Түркиянын лидери Абдулла Гүл
Каныбек Осмонов:
"Менин кениялык туугандарым мусулман" деп айткан Обама ислам дүйнөсүнө каршы пикирин болбогонун да кошумчалабадыбы. "Мунун биринчи далили" деп ал Ирактан аскерлер чыгарыла турганын да айтты. Бирок ал мында Түркиянын жерин колдонуп-колдонборун айткан жок. Ислам өлкөлөрүнүн арасында Түркиянын салмагы бир топ эмеспи, Ирак болобу, суннилер болобу, мамилелери бардыгы менен жакшы.

“Азаттык”: АКШнын президенти Түркияга келатат дегенден баштап Стамбул менен Анкарада коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн, жолдор жабылып, паспорттор кылдаат текшерилип жатканын Түркиядагы досторум кат менен билдиришүүдө. Ушул нерсе көп ыңгайсыздыктарды жаратканын угуудабыз. Ушуга да токтоло кетсең.

Каныбек Осмонов: Ооба, Обама алгач Анкарага, андан кийин Стамбулга келбедиби. Эки шаарда тең коопсуздук чаралары абдан күчөтүлдү. Жолдордун көбү жабылды. Кээде айрым жолдор бир күнгө чейин жабылды. Коопсуздукту 8 миң полициячы камсыз кылды деп уктук. Элдер деле "Обама келип, жашообуз оорлошту" дешкен жок. Обаманы чыдамсыздык менен күткөндөр да, каршы демонстрация өткөргөндөр да чыкты. Бирок аларды полиция таратып жатты.

“Азаттык”: Рахмат.

Тасмада: Барак Обаманы Чехияда жылуу тосуп алышты

5-апрелде Прагада миңдеген адамдарга кайрылып сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти: "Апааттуу куралдардын жайылышына чечкиндүү каршы туруу абзел. Эреже кынтыксыз сакталышы зарыл, аны бузгандар жазаланууга тийиш, айтылган сөздөр сөз бойдон калбашы керек",-деди.

Барак Обаманы Чехияда жылуу тосуп алышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00

XS
SM
MD
LG