Быйыл жайда өткөн президенттик шайлоонун алдында “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев Бириккен элдик кыймылдын катарынан чыгып, президенттик шайлоого өз алдынча катышкан эле. Ошондон тарта ал президенттин жүргүзгөн саясатын мурдагысындай сындаганын токтотуп, үстүрт гана айтып калган эле. Айрым талдоочулар Т.Сариевдин мындай позициясын “алдын-ала бийлик менен сүйлөшүлгөн иш” катары баалашкан болчу. Бирок “сүйлөшүлгөн сценарий боюнча бийликке барат” делген Т.Сариев ушу кезге чейин партиялык иштери менен гана алек болуп келүүдө.
Темир Сариевдин 23-декабрындагы кайрылуусу өлкөнүн саясий айдыңындагы жанданып бараткан оюндарга дагы бир кошумча болду. Ал дароо эле президент сунуштаган Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору өлкөнү туңгуюкка кептээрин, аны кабыл алдырбоо керектигин айтып жалпы коомчулукка кайрылды.
Сунушталып аткан мыйзам долбоордо президент милдетин аткара албай калган учурда өлкөнү ким башкара тургандыгы тууралуу эреже өзгөртүлүүдө. Ага ылайык, мурдагыдай президент кызматын аткара албай калса – парламент төрагасы, ал да аткара албай калса - премьер-министр өлкөнү жетектемекчи деген эреже өзгөртүлүп, андай учурда өлкөнү ким башкара турганын президенттик кеңешме чечмекчи:
- Эмне үчүн эле президент бүгүн бир нерседен чочугансып, кызматын башка бирөө аткарып каларынан чочугансып, бир нерсе боло турган болсо президенттик кеңешмеге берем деп атат. Ал эми президенттик кеңешмеге ким кирерин конституцияга жазбай турат. Бул – кандайдыр бир эл билбеген, саясатчылар билбеген, адистер, мамлекеттик кызматкерлер билбеген нерсенин башын баштагандай болуп атат. Бул жерде өтө коркунучтуу жагдай болуп калышы мүмкүн. Анткени президенттик кеңешме бири-бири менен сүйлөшө албай калса же эки-үчөө ооруп калса кандай болот? Анда президенттин милдетин ким аткарары билинбей калып атпайбы. Элдин турмушун, мамлекеттин тагдырын тобокелге салып коюп атпайбызбы.
Ошондой эле ал бүгүнкү күнү президент өзүнө түздөн-түз баш ийген Өнүктүрүү агенттиги сыяктуу баш мыйзамда көрсөтүлбөгөн борбордук органдарды түзүп, өкмөттүн иштеринин бардыгын колуна алып койгонун, бүгүнкү өкмөттүн салык жыйнап, айлык-пенсия тараткандан башка иши калбаганын баса белгиледи. Темир Сариевдин пикиринде, президенттин мындай жүрүшү илгеркидей эле бир нерсе болсо өкмөттү садага чаба коюу амалын көздөө болуп саналат. Андыктан президент өкмөткө эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүсү, же болбосо өкмөттү жана премьер-министр кызматын жоюп, экономикалык блокту ачык колуна алуусу керек.
Ушул тапта президент парламентке жөнөткөн баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Конституциялык сотто жатат. Конституциялык сот ага үч айдын ичинде өз кортундусун бериши керек.
“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуевдин айтымында, Конституциялык сот өз кортундусун бермейинче бул боюнча бир нерсе айтыш эртелик кылат:
- Парламентке келгенде бул мыйзам долбоорду комитет карап, Конституциялык сотко жөнөттү. Эми Конституциялык соттун кортундусу чыкмайынча бул боюнча бир нерсе айта албайм. Чыксын чечим, анан айта алам.
Ал эми Бириккен элдик кыймылдын сыясий кеңешинин мүчөсү Эмил Каптагаев бул маселе тууралуу буларды айтты:
- Мамлекетти башкарууда эч качан бүдөмүк суроо калбашы керек. Так жазылып турат, “Президентти эл шайлаган, президент милдетин аткара албай калса ошол эле эл шайлаган парламенттин төрагасы аткарат” деп жазылып турат. Ал дагы кечке аткара бербейт. Дароо президенттик шайлоо жарыяланат. Үч айдын ичинде президенттик шайлоо өтүшү керек, ошого чейин гана убактылуу аткарат. Ошо үч айдын ичинде президенттин милдетин аткарып аткан адамдын да укуктары чектелүү. Ал Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизе албайт, өзгөчө кырдаал киргизе албайт, кызмат орундардагы адамдарды алмаштыра албайт. Үч айдын ичинде ал мыйзамдуулукту, мамлекеттүүлүктү сактап, кийинки президенттик шайлоонун туура өтүшүн гана камсыз кылып бериши керек. Кимди эл шайласа, ошол президент болуп кетиши керек. Ал эми азыр болсо маселе бүдөмүк...
Айрым талдоочулардын божомолунда, тынчый түшкөн Темир Сариевдин мындай кайрылуу менен чыга калышы көп нерседен кабар берип турат.
Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, бийликтеги тымызын оюндардан кабары бар Темир Сариев президенттин абалы кыйындап баратканын сезгендей.

Кандайдыр бир эл билбеген нерсенин башын баштагандай болуп атат. Бул жерде өтө коркунучтуу жагдай болуп калышы мүмкүн. Т.Сариев

Мамлекетти башкарууда эч качан бүдөмүк суроо калбашы керек. Э.Каптагаев