Партиянын өкүлдөрү буга байланыштуу жергиликтүү күч органдарын айыптап жатышат. Облустук милиция болсо «мындай дооматтар негизсиз» деп билдирүүдө.
Өткөн айда аталган партияда бийлик талаш ачыкка чыккан. Ушундан улам бул жумада КСДПнын эки башка съезди өткөнү турат. Бирөөнү экс-президент Алмазбек Атамбаев, экинчисин болсо Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов уюштуруп жатат.
КСДПнын Жалал-Абад облусу боюнча жыйыны 30-31-март күндөрү өттү. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, анын артынан күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү тынбай аңдып жүрүштү, жыйын учурунда, андан мурун-кийин да ар кандай чагым жасалды.
«Даярдалган бир топ аялдарды жөнөтүшүптүр. Партияга эч кандай тиешеси жок адамдар келип алып «биз да киребиз» деп жаңжал салышты. Конференцияны өткөрүп жаткан учурда спорттук кийим кийген жаш балдар имаратка кирип келип тополоң, уруш чыгарганга аракет кылышты. Ушунун баары одоно түрдө болду. Жыйын өтүп жаткан имараттын жеке ишкер кожоюнуна да барып, ага да басым жасоо аракети болду. «Кафеңди жап, эмнеге ижарага бердиң?» дегендей сөздөрдү айтышыптыр. Ошол жерде тегеренип, айланып эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери жүрдү. Биз менен кошо журналисттер да жүрдү. Анын баарын сүрөткө, видеого тартып алдык», - деди ал.
Кундуз Жолдубаева облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылыч Жолдошевге жагдай тууралуу маалымат жеткирүүгө аракет кылганын, бирок майнап чыкпаганын кошумчалады. КСДПнын өкүлү Сузак райондук милициясына чагым тууралуу арыз жазылганын билдирди.
Жолдошев «Азаттыкка» комментарий берип жатып, КСДПнын өкүлдөрүнүн дооматтарын четке какты:
«Булар Жалал-Абадда үч күн жүрүштү. Үч күн бою адам таппай, чогулта албай, уят болуп, акыры аны милицияга шылтап жатышат. Чагым болгон жок. Өздөрү эки-үч мүчөсүн жыйынга киргизбей кошуптур. Ошол келип алып: «Эмнеге киргизбейсиңер, эмнеге тандалма мамиле кыласыңар?», - деп ары-бери болушуптур».
Ал арада Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын айрым депутаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдой тургандыгын ачык билдире башташты. Өткөн аптанын аягында Баткендеги партиянын жыйынына депутат Карамат Орозова, ал эми Оштогу конференцияга Анвар Артыков катышты. Артыков да күч органдары тарабынан тоскоолдук болгонуна даттанды:
«Эч кандай деле маселе көтөрүлгөн жок, делегаттарды шайладык. Тоскоолдук жакшы эле болду. Ар кандай ыкмаларды колдонуп, делегаттарды келтирбегенге аракет кылышты. Албетте, бул туура эмес. Ал жерде эч кандай деле саясат жок. Ар бир партия өз съездин өткөргөнгө укуктуу. Съезд өткөрүш үчүн делегат шайлаш керек. «Жыйын өткөрбөсүн, барбагыла» деген көрүнүш эч качан тарыхыбызда болгон эмес. Кыргыз тарыхында жаңылык болот го».
Ош милициясы мындай доомат тууралуу үн ката элек.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясий талдоочу Алишер Мамасалиев бийликтин саясий атаандаштарына куугунтугу, тоскоолдук бардык бийликке мүнөздүү көрүнүш экенин эске салды:
«Бүгүнкү күнү түзүлгөн саясий-репрессивдик система, ИИМ, УКМК оппозицияга жасап жаткан басым-кысым Акаевдин, Бакиевдин, ошол эле Атамбаевдин тушунда түзүлгөн. Тилекке каршы, азыр да болуп жатат, ошол эле каталар кайталанып жатат. Башкы прокуратура, ИИМ жасап жаткан туура эмес кадамдар жакшылыкка алып келбейт. ИИМдин жетекчилери, Башкы прокуратура бийликке «артык кылам деп тыртык» кылып жатышат. Фарид Ниязовго, КСДПнын мүчөлөрүнө жасалган андай мамиленин, кадамдардын кажети жок эле. Тескерисинче ИИМ, УКМК аларга «пиар» эле жасап жатат».
КСДП жер-жерлердеги өкүлдөрүнө кысым жасалып жатканы тууралуу өткөн айда да айтып чыккан. Партиянын катчылыгы УКМКны «съездди утурлай ага чакырылган мүчөлөр тууралуу тымызын маалымат топтоп жатат» деп айыптаган. Атайын кызмат болсо кысым-басым тууралуу доомат негизсиз экенин билдирген.
Өткөн айда КСДПда бийлик талаш ачыкка чыккан. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 3-апрелде кезектеги XVIII курултай өткөрөрүн жарыялаган. Ага чейин эле экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган бул партиянын курултайы 6-апрелге белгиленген. Парламенттеги КСДПнын Атамбаевди колдогон депутаттары Өмүркуловдун аракетин айыптаган, Өмүркулов болсо анын чечимин «мыйзамсыз, партиянын уставы менен жобосуна каршы келет» деп мүнөздөгөн дооматтарды четке каккан.