Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Фарид Ниязовго кылмыш иши ачылды


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, Кыргызстан социал- демократтар саясий партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязовго карата жазылган арыздын негизинде козголгон иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматкери Жаркынай Азиева маалымдады.

Мекеме өкүлү ырастагандай, арызды Максат Чегирткеев аттуу жаран жазган. Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Иштин беренеси так айтылган жок.

Социалдык тармактарда Ниязовдун үстүнөн жазылган «Максат Чегирткеевдин арызы» деген кат да тарады. Анда аталган жаран 2010-жылдын 6-7-апрелинде каза болгон жарандардын жакындарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Фарид Ниязовду жана анын мүчөлөрүн жоопко тартууну өтүнгөнү жазылып турат.

Чегирткеев өзү апрель окуясынын катышуучусу экенин, анын дарылануусуна Саламаттык сактоо министрлиги бөлгөн 200 миң сомду Ниязов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кайтарып салганын белгилеген.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдиргендей, бул факт боюнча Фарид Ниязовго органдар тарабынан билдирүү же чакыруу келе элек. Ниязов жакын арада өзү билдирүү жасашы мүмкүн. (ErN)

XS
SM
MD
LG