Жалал-Абаддан келген Кумарбек Азимбаев быйыл “Жылдын мыкты жаш мугалими” деп табылып, президенттин сыйлыгына ээ болду. Айыл жеринде өзгөчө эркектер үчүн өөн көрүнө баштаган мугалимдик кесипти Кумарбек ата энесинин жолун улантуучу катары тандап алган. Ал 2004-жылдан бери Сузак районундагы №11 мектепте математикадан сабак берип келет. Кесиби өзүнө абдан жагат. Бирок былтыр гана үй бүлөлүү болгон бул жаш жигит мугалимдик кесип менен гана үй-бүлө багуу мүмкүн эместигин моюнга алат:
- Мен үйлөнгөндө да бардык чыгымымда ошол чарбалык иштеримден тапкан каражат менен жаптым. Мугалимдин айлыгы чынын айтканда сооротуучу эле сыйлык да. Азыр мугалим сабак берип жатып да оюнда “талаадагы жумуш эмне болду, малды караш керек” деген сыяктуу нерселерди аргасыз ойлонот. Ошентсе да мектептин аз акчасына каниет кылып, мектепке шашкан мугалимдер менен сыймыктанам.
Кумарбек мугалимдер жамаатынын эң жаш өкүлү болуп саналат. Кесиптештеринин дээрлик бардыгы пенсиялык курактагы адамдар. Анын айтымында учурда айыл мектебине жаштар өз каалоосу менен келе бербейт. Көпчүлүгү аргасыз турмушка байланып гана иштөөгө мажбур болушат:
-Айылдагы жаш мугалимдер кимдер болушу мүмкүн. Келин болуп келип, айылга калып калган жаштар. Үч төрт жылга башка жумуш жок келип калгандар. Иш чыга калса эле чет жакка сапар тартышат. Анан кантип балдарда сапаттуу билим болсун.
Мектепке 30 жылдык өмүрүн берген Роза эже оор турмуштун айынан ар кайсы жумушка чабылган мугалимге карата коомчулуктун көз карашы терс жакка бурулганына кабатыр. Анын айтымында азыр мугалимге экинчи сорт адам катары караган көз караштар жаңылык деле болбой калган. Бирок “билим берүү тармагын оңдойбуз” деп байма бай айтылчу убадалар дагы эле мугалимдердин үмүтүн өчүрбөй келе жатканын белгилейт педагог айым:
-Мисалы, ата энелерди эле алалы. Мугалим айлык алып жатабы, демек баланы ошондой окутуш керек дейт. Кээ бири булардын айлыгы аз, эч нерсеси жок, ар кайсы жумушта жүрөт деп жаман көрүшөт. Билим берүү сапаты төмөндөп кетти дешет. Анан айлык жетпесе мугалим эмне кылат. Акыркы жылдары мен “мугалимдерди окутуш керек, мугалимдердин акчасын көтөрүш керек, мугалимдерди колдош керек, коомчулук жардам бериш керек, айыл өкмөтү милдеттүү” деген убадаларды угуп келем. Менимче алардын бир 30 пайыздайы гана ишке ашса керек. Дагы эле үмүтүбүз илгери.
Жыйында президент Курманбек Бакиев бүгүнкү жыйында билим берүү системасын реформалоого эми гана убакыт келип жеткенин билдирди. Ал учурда өлкө жогорку компетенттүү, заманбап мугалимдерге муктаж экенин, бул үчүн мугалимдердин иш, жашоо шартын оңдоо зарылчылыгын белгиледи. Мындай милдет билим берүү министрлигине эмес, бардык мамлекеттик структураларга жүктөлүшү керек:
-Акыркы үч жылда мугалимдердин айлыгы 80 пайызга көбөйүп, орточо айлык акы 3000 сомду түзүп калды. Бирок муну менен катар минималдуу керектөө бюджети 3 жарым миң сомду түзүп калды. Демек, айлык кайра эле аз болуп калды. Биз мугалимдерди өстүрмөйүн, билим берүү системасында реформаны ишке ашыра албайбыз. Мамлекет каражатты билим берүү тармагынан аябаш керек. Залда кээ бир чиновниктер менин буга эмне тиешем бар, мени эмне чакырды деп олтурса керек. Андайлар бар. Мен билем. Менимче бардык мамлекеттик структуралар, жалпы коомчулук бул көйгөйдү чечүүгө кызыкдар болушу керек. Антпесе, келечек оор болуп калат.
Бул ойлор ишке ашырылгыча билим берүү министри Абдылда Мусаев мугалимдердин кесибине болгон мамилесин өзгөртүүнүн жаңы жолу иштелип жаткандыгын билдирди. Министр жаңы киргизиле турган каржылоо системасы жаштарды ишке тартат деген ишенимде:
-Бул системанын негизинде мугалимдер тажрыйбасына, иш стажына карабай, сабак берүүнүн сапатына жараша айлык алышат. Демек, бул жерде улуу муундагы жана жаш мугалимдердин ортосунда конкуренттик абал түзүлөт. Жаш мугалим жакшы иштесе, анын стажы бар мугалимдерден да көп айлык акы алууга мүмкүнчүлүгү болот. Демек биз новаторлорду, инновация менен иштеген мугалимдерди тартуу максатын көздөп жатабыз.
Быйыл мектептерге 3 миңден ашуун мугалим жетпей калган. Бүгүнкү күндө мектептерде 72 миңден ашуун мугалим эмгектенип келет.