Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

20-декабрь Эл аралык Боордоштук күнү


Жакырчылыктан биринчи иретте балдар жана аялдар жапа чегүүдө.
Жакырчылыктан биринчи иретте балдар жана аялдар жапа чегүүдө.
Арктикадагы муздун баары кылым соңуна чейин эрип, жок болушу мүмкүн. Суусу Ганга дайрасына куюлган Индиянын Гималайында, Кытайда Янзцы дайрасына кошулган суулардын башындагы тоолордо мөңгүрлөр эрип жок болуп баратат.

Бүгүнкү күндө ушул өңдөнгөн экологиялык зилзаларга финансылык капсалаң кошулуп, айрыкча жарды улуттардын заманасы куурулуп турган чак. Ошого карабастан, үстүндө үйрүп кийээр жакшылыктуу кийми жок жардылардын арасында колунан келгенинче тырмалап, өз жанын да багып, жаратылышты коргоого да салым кошуп жаткандар бар.

Бул аял Кытайдын машина да барбаган, алыскы айылдарынын биринде жашайт, ал мурда тезек жагып, үйү ышталып тамак жасаса, бүгүн био-газ пайдаланып, көздөн жаш агызган түтүндөн арылып, жөтөлбөй калганын айтат. Көрсө, анын күйөөсү кыкты бир жерге чогултуп, андан чыккан метан газды түтүк менен ашканага алып барып койгон экен. Метан газын жакканда кадыресе отун, көмүргө караганда көмүр кычкыл газы 20 эсе аз чыгат. Ал эми көмүр кычкыл газы жер абасын ысытып, мөңгүрлөрдүн жана деңиздеги муз тоолордун эришине, анын кесепетинен суу деңгээлинин көтөрүлүшүнө жана башка алааматтарга алып келип жаткандыгы маалым.

Албетте көп түкүрсө көл болот демекчу, кытайлык бир үй-бүлөнүн аракети канчалык көп колдоо тапса, бардыкка шыпаа. Ушундан улам 2005-жылы Бириккен Улуттардын Баш жыйыны 20-декабрды Адамзатынын Эл аралык Боордоштук күнү деп жарыялаган. Боордоштук күнүндө адамзатынын ар түрдүүлүктөгү биримдигин майрамдайбыз, ошондой эле боордоштуктун маанисин кеңири журтка жеткирип, жакырчылыкты азайтуу боюнча жаңы демилгелерди колдошубуз керек.

Быйыл бул күнгө карата БУУнун баш катчысы Пан Ги-мун мындай эскертүү жасады:

- Биз БУУнун Өнүктүрүү пландарын ишке ашырууда кыйын абалда турабыз. Өз алдыбызга койгон максаттарда биз сөзгө алаарлык жылыштар бар, бирок иштер артка да тартылып жатат.

Пан Ги-мун учурдагы финансылык кризиске байланыштуу жаркырчылык менен күрөш айрыкча мааниге ээ болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Өнүктүрүүнүн Миң жылдык декларациясында дүйнө лидерлери боордоштук 21-кылымдагы эл аралык мамилелердин түп-негиз баалуулугу экендигин белгилеп, кыйналган турмушта жашагандар барчылыкка колу жеткендерден жардам алса, бул адамгерчиликке жатаарын эскертишкен.

Бириккен Улуттар уюмунун бүткүл ишмердүүлүгү боордоштук түшүнүгүнө негизделген деп айтсак, аша чапкандык болбойт. Бул уюм тынчтыкты бекемдеп, адам укуктарын сыйлоо жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү тездетүү ишинде дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн жана улуттардын башын бириктирүү максатында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG