Генерал Исмаил Исаковду Жалал-Абадда коменданттык сааттын бүтүшүнө арналган жыйындан кийин аймактагы кабарчыбыз сөзгө тартты.
- Коменданттык сааттын бүткөндүгүнө байланыштуу мен Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун бир топ жарандарын сураштырганымда алар өзгөчө абал мөөнөтүн бир ай, же жыйырма күндөй узартса болот эле, анткени дагы эле кооптуу жагдайлар бар деген жоопторун айтышты. Жарандардын тынчсызданууларына сиз кандай жооп айтаар элеңиз?
- Албетте бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында, Сузак районунда, жалпы эле Жалал-Абад облусунда абал туруктуу, стабилдүү десек жаңылышпайбыз. Себеби бүгүнкү жагдай ошондой нукта кетип атат, бардык мекемелер, базарлар, дүкөн, окуу жайлар өз убагында иштешти. Азыр экзамен тапшырылып атат. Демек келген күчтөр өз милдеттерин 10 күндүн ичинде так, өкмөттүн тапшырмасын ак ниет тилек менен аткарышып, ушундай жагдайга бүгүн алып келишти.
Элдин суроосунун жөнү бар. Себеби элибиз абдан чарчады, көп учуруда коопсуздугу сакталбай, жол тосуулар көп болду. Азыр алар тартипти сагынып калган. Мунун экинчи жагы бар, биз 1-2 ай деле кармап турсак боло берет, бирок кээ бир адамдардын укуктары чектелип калып атат. Саат ондон кийин эч жакка чыгалбай калып атышат, азыр студенттер окуу жайларды бүтүп атат, тойлор уланыш керек, дүкөн, мекемелер иштеши керек, мына ушул жагын карап көргөндө көп нерсеге тоскоолдук болуп калат экен.
Ошонун негизинде бүгүндөн тартып токтолсун деген чечим чыкты. Мен ойлойм, укук коргоо органдарыбыз, милиция кызматкерлерибиз бизден тапшырма алышты, коменданттык саатта кандай тартипти сактасак, ошондой тартипти сактап бергиле деген. Алар дагы убадаларын беришти. Кудай кааласа мындан кийин милдетти так аткарганга биз бардык профессионалдык деңгээлибизге карата күчүбүздү, билимибизди жумшайбыз деп. Элдин коопсуздугу сакталат. Керектүү жерде өзгөчө болуп калса биз ал жерге башкача көңүл буруп, башкача нукта ишти алып барабыз.
- Коменданттык саат учурларында адам укугунун сакталышы кандай болду?
- Коменданттык сааттын учурунда укуктары бир топ чектелип турду. Бирок тартипти сагынган элибиз ушул жакшы экен деп, чындыгында жакшы кабыл ала башташты. Бирок ушул учурда биз көп мыйзам бузгандарды кармадык, унаада кетип аткандарды, башка адамдарды, тергөө жүрүп аткандыктан, тергөөнүн өзүнүн жагдайы бар, мен ага көп токтобойун, бирок чынын айтканда коменданттык саат элдин турмушунда коопсуздугун сактаганга чоң жардам берди.
- 20-майда Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында өзүңүз катышкан митингде жаштар өзбек сыналгылары аркылуу сүйлөй берип, улуттар аралык мамилеге себепчи болду делген таанымал ишкер К. Батыровду жоопко тартуу талабын коюшкан эле. Ал маселе кандай чечилүүдө?
-18-19-майдагы окуя ушул маселенин тегерегинде болуп атат. Муну баарыбыз билебиз, тергөө иштери жүрүп атат. Кээ бирлери айтып аткан экен, Исаков убада берди эле үч күндүн ичинде деп. Биз эч кандай андай убада берген эмеспиз. Биз айтканбыз, биздин укук коргоо органдары болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт, ушунун аягына чыкканга деп. Азыр эле мага маалыматтарды прокуратура, укук коргоо органдары беришти, ушунун негизинде тергөө жакшы нукта кетип атат деп. Кудай кааласа эртедир-кечтир бул иштин аягына чыгып, анан элге жарыя кылабыз.
- Ушу убакта чек ара жайларындагы абал туруктуубу? Баткен облусунун Согмент айылы менен Өзбекстандын Хушяр айылындагы абал кандай чечилүүдө?
- Жалпысын алганда стабилдүү десек болот. Бирок кээ бир чек ара жерлерде кооптоно турган маселелер бар. Бүгүнкү күндө Сохтун тегерегинде чоң маселе чыгып атат, өзбек туугандар айтып атат, бизге кыргыздын жайыттарынан орун бергиле, малдарды жаялы, мурдагыдай эле жүрөлү деп. Эми мурда булар айыл өкмөттөр мененби, кимдер менен келишип алып, малын жайып жүргөн экен. Азыр биз "жок, андай болбойт, эки мамлекеттин ортосунда келишим түзүлсүн, эки жактын тең милдети бирдей белгиленсин, ошонун негизинде биз өз милдетибизди алсак, аны так аткарабыз, силер алсаңар да так аткаргыла" деген талапты коюп атабыз.
Бүгүн Баткен облусунда, чек ара жетекчилери менен да, губернаторлор ортосунда да бир топ жолугушуулар болуш керек. Жакын арада мен да барып көрүп келем. Кудай кааласа биз туугандарга эч качан жок деп айтпайбыз, бирок анан баары мыйзамдын чегинде, келишимдин негизинде болуш керек. Биз ошого чоң аракет жасайбыз.
- 30-майда Сохко Өзбекстан миң чакты өзгөчө багыттагы күчтөрүн киргизди деген маалыматтар айтылды. Ушундай маалыматтардын чындыгы барбы?
- Мунун чындыгы бар. Себеби анклавдын ичинде аскер кызматчылары бүгүнкү күндө бар, аны билебиз. Биз да мындай маселени коюшубуз керек, эгерде биз тууганчылыкта жашасак, кылымдар бою бир болуп келсек, эч талаш-тартыш болбосо, ошол аскер кызматчыларынын ал жерде кереги барбы, же жокпу деген маселени да биз коюшубуз керек, эгерде келишимдин тегерегинде иштеп калсак.
Мен ойлойм, аскер кызматчылары болгону менен алар эч качан Кыргызстанга чабуул жасабайт, алар өздөрүнүн элдерин тынчытканы, коопсуздугун сактаганы гана кирсе керек. Себеби чындыгында алардын эли да жетекчилердин, акимиаттын имаратынын алдына барып алып, талаптарды коюп атышат. Кечээ да биздин маселени чечип бергиле деген талаптарды коюшту. Менимче аскерлер ошонун негизинде алынып келинсе керек. Бирок эч качан Кыргызстанга атайын чабуул жасабайт. Себеби биз кылымдар бою бирге жашаганбыз, эки ортодо келишимдер бар, көп келишимдер. Анын негизинде өзбек жетекчилери, туугандарыбыз андай чараларга эч качан барбайт деп ойлойбуз.
- Мурдагы бийлик Баткен облусунда аскердик окуу борборун түзүп, ага АКШ акчалай жардам көрсөтмөк болгон. Эми ошол окуу борборунун айланасындагы маселелер кандай абалда? Ал тууралу америкалык тарап менен Убактылуу өкмөт сүйлөшүү жүргүзүүдөбү?
- Мен тактап койоюн, ал жерде аскердик окуу борбору салынган жок. Ал жерде биздин аскердик бөлүктөр орнотулуп, азыр отурукташты. Мен жакында барып баарын көрүп келдим, алар өздөрүнүн милдеттерин биздин документтердин негизинде аткарып, элдин, Баткен облусунун коопсуздугун сактаганга толук мүмкүнчүлүк алышты. Эми ошол аскердик борборду салуу боюнча биз бүгүн келишимдин үстүнөн иштеп атабыз. Ал жерге салганга туура болбой калат. Себеби аны салыш үчүн көп негиздер болуш керек. Ошондуктан ушул келишимди кайрадан карап, башка жерге ачуу боюнча келишимдин үстүндө иштеп атабыз.
- Америка тарап менен сүйлөшүү болгон жокпу?
- Азыр биз өзүбүздүн кол алдыбыздагы жетекчилерге тапшырма бергенбиз, алар ошол маселелер боюнча иштеп атышат. Ал кандай деңгээлде, качан чечилээрин азырынча биз айта албайбыз. Себеби бул акырына чейин чечиле элек.
- Түштүктөгү үч облустун жарандарынын Убактылуу өкмөткө кандай көз карашта экендигин сураштырып биле алдыңызбы?
- Мен абдан көп жолугушууларды өткөрдүм, карапайым жарандарыбыздан тартып облустук жетекчилер, мугалимдер менен да жолугушуулар болду. Чындыгында бир тараптуу айтуу өтө оор. Себеби канча адам болсо ошончолук пикир бар. Бир тарабы колдоп, ишти жакшы алып барып атасыңар, аягына чыккыла десе, экинчи тарабы айтып атат, бул ишиңер туура эмес, бул жерде кемчиликтер бар, үчүнчүсү, тезирек эле шайлоону өткөрүп койбосунарбы дешет. Бул абдан жакшы. Биз ушул көп пикирлердин ичинен элдин маселесин чече турган, элдин ишенимин актай турган чечимдерди кабыл алсак, биз, Убактылуу өкмөт, элдин ишенимин толук алабыз.
Бүгүн чынын айтканда, кемчиликтерибиз көп. Биздин келгенибизге аз эле убакыт өтпөдүбү, эки айга жакындап калды. Биз эки айдын ичинде көп ишти аткардык десек жанылышпайбыз, аткарып жатабыз. Эң негизгиси - жакынкы боло турган референдум. Референдумда эл колдоп берсе келечекте биз жакшы өкмөт, жакшы парламент, жакшы президентти шайлап алсак, келечегибизге жакшы жол салган болобуз. Ошондо өнүгүп-өскөнгө да жакшынакай шарт түзүлөт.
- Рахмат.