Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:56

Президент Жапаров мектепте окуучунун апасы мугалимди тилдеген окуяны сындады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги №57 мектепте окуучунун апасы мугалимди урушкан окуя тууралуу комментарий берип, сабак өтүп жатканда аны эч ким үзгүлттүккө учуратпашы керек экенине токтолду.

Бул тууралуу мамлекет башчы 20-ноябрда педагогикалык кызматкерлерге “Жылдын мыкты мугалими“, жана “Мыкты тарбиячысы” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу иш-чарасында айтты.

“Мындай түркөйлүккө мектепте да, бала-бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсыл жеринде болбосун жол бербешибиз керек. Биз мугалим менен тарбиячыны ушундай салтанаттуу иш-чараларда эле эмес, иш жүзүндө коргоп, колдоп, көтөрүп алышыбыз маанилүү. Тамга таанытып, көзүбүздү ачып, ушул деңгээлге жеткирген мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыз бир эле мектеп менен бала бакчаларда эмес, кайсы жерде болбосун, бийик сый-урматка татыктуу болушун камсыз кылыш мамлекеттин милдети”, - деди ал.

6-ноябрда социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп жатканы тартылган видео тараган. Анда окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, “300 сомумду бер” деп акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап, “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирген.

Билим берүү жана илим министрлиги окуя Бишкек шаарындагы №57 мектепте болгонун билдирип, “мугалимге ыдык көрсөтүү, анын беделин түшүрүүгө аракет кылуу – жол берилгис көрүнүш” деп маалымат тараткан.

Андан кийин тарых сабагынан берген мугалим жумуштан кетип калганы белгилүү болгон. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева окутуучунун укуктарын тебелөөгө жол бербөө керектигин эскертип, аны кайра ишке кайтаруу тапшырмасын бергенин айткан.

9-ноябрда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматы мугалимди тилдеген аялга чара көрүү үчүн Укук бузуулар кодексинин “Педагогикалык кызматкерге карата сыйлабагандыкты көрсөтүү” менен материалдарды сотко жөнөткөн.

Окуучунун апасы журналисттерге мугалим башка мектептен жаңы гана которулуп келген кызын урушканын айтып, ушундан улам жаңжал чыкканын билдирген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG