Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:21

Жолго төлөнүүчү акча күйүүчү май аркылуу алынат


Балыкчы-Жалал-Абад (альтернативдүү) жолу. Иллюстрациялык сүрөт.
Балыкчы-Жалал-Абад (альтернативдүү) жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы Жол фонду унаалардан жолдо жүргөнү үчүн акча - 1 сомду күйүүчү майдын баасына кошуп алат.

Бул жобо "Салыктык эмес кирешелер тууралуу кодекске жана Жол фонду тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү" тууралуу мыйзам долбооруна киргизилген. Аталган мыйзам долбоору 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда шыр эле үч окуудан кабыл алды.

Транспорт жана байланыш министринин орун басары Бекназар Базаралиевдин депутаттарга берген маалыматына караганда, былтыр Жол фондунун бюджети 4,5 млрд сом болгон.

"2025-жылы 5 млрд сом түшөт деп күтүп жатканбыз. Бул мыйзам ишке кирсе, бюджет 7 млрд сомго чыгат", - деди Базаралиев.

Айрым депутаттар жолго алынуучу акы күйүүчү майдын кымбатташына алып келерин айтып, бул өз кезегинде азык-түлүктөн тартып бардык товардын баасынын көтөрүлүшүнө алып келерин эскертти.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген. Ага ылайык, "ким көп жолдо жүрсө, ошол көп төлөйт" принцибин карманган өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен жол акысы күйүүчү майдын ар бир литрине кошулган.

Өкмөт буга чейин өлкөдөгү жолдорду оңдоп-түзөө үчүн Жол фондунун бюджетин жылына 10 млрд сомго чыгаруу зарылдыгын билдирген. Былтыр фондго 4,5 млрд сом түшкөн. Аталган мыйзам долбоору ишке кирсе, Жол фонду 7 млрд сомго чыгары белгиленген.

Маалыматка ылайык, учурда Жол фонду күйүүчү майга киргизилген акциздик маркадан, айып пул, автоунааларды каттоо, өткөрүү жана башка автоунаага байланыштуу төлөмдөрдөн чогулууда.

Транспорт жана байланыш министрлиги автоунаалардын эски дөңгөлөктөрүн, айдоого жараксыз автоунааларды, иштетилген майды жок кылууга да акы алууну демилгелеген.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда автоунаа жолдорунун узундугу 34 миң чакырым, анын ичинен 19 840 км жол Транспорт жана байланыш министрлигинин карамагында. Автоунаа жолдорунан жылына болжолдуу 98% жүргүнчү жана 96% жүк ташылат.

2022-жылдын башына карай Кыргызстанда 1 млн. 387 551 автоунаа катталган. Анын ичинде басымдуусу жеңил унаалар - 1 млн. 103 445;

Жүк ташуучу - 234 650;
Жүргүнчү ташуучу - 49 456.

2016-жылдан бери транспорт каражаттары 29% көбөйгөн.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG