Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

БЭКтин штабы курултайга он миң адамдын камын көрүүдө


БЭКтин марттагы митинг акциясы
БЭКтин марттагы митинг акциясы

Бириккен оппозиция эртең Аламүдүн районунун Арашан айылында кезектеги курултайын өткөргөн атат. Анын күн тартибинде Кыргызстандагы саясий-экономикалык кырдаал жана оппозициядан бирдиктүү талапкер көрсөтүү жөнүндө эки маселе каралат. Бул курултайга президент Курманбек Бакиев дагы чакырылды. Аталган иш чарага камылгалар тууралуу "Азаттыкка" уюштуруу штабынын башчысы Болот Шерниязов айтып берди.

- Болот мырза, курултайды өткөрүүгө эмне үчүн Арашан айылы тандалып алынды?

-Өзүңүздөргө белгилүү 20-апрелде Бириккен Элдик кыймылдын саясий бюросу президенттикке бирдиктүү талапкер катары Алмаз Атамбаевдин ысымын аныктап, жарыялады. Арашан айылы - ал кишинин туулган жери.

- Курултайга канча киши чакырылды, кайсы региондордон келет, камылгалар кандай болуп атат азыр?

- Бизде болгону төрт күн убакыт бар курултайды уюштурууга. Курултайга Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан делегаттар чакырылды. Андан башка дагы келем дегендерге жол ачык. Он миңден ашык адам болот го деп ойлоп атабыз.

- Бийликтен чакырдыңыздарбы?

-Мен сиздердин мүмкүнчүлүктү колдонуп, курултайды уюштуруучу штаб жетекчиси катары президент Курманбек Бакиевди дагы расмий чакырып кетейин деп атам.

- Күн тартибинде кайсы маселелер бар?

- Күн тартибине бүгүнкү Кыргызстандын саясий-экономикалык ахыбалы жана жалпы оппозиция тандаган талапкер тууралуу маселе кирди.

- Буга чейин нааразылык акцияларын уюштуруу демилгеси айтылып келатты эле. Ошол маселе күн тартибине кирдиби? Кирсе кандай талаптар коюлушу мүмкүн анда?

- Оппозициянын талаптарына берген бийликтин жообун бардыгыңыздар уктуңуздар, көрдүңүздөр. Бизге катчылыктын башчысы эмес, анын жардамчысы кол койгон куру жообу келип түштү. Бул бийликтин оппозицияга болгон мамилеси. Анан оппозиция койгон талаптар, андан аркы иш-чаралар курултайда да каралат го дейм.

-Азырынча так белгилүү эмес турбайбы?

-Ооба.

- Коопсуздук боюнча кандай чаралар көрүлүп атат?

- Өзүңүздөр билесиздер биз митингдерди, курултайларды өткөргөндө дайыма тартипти бузбаганга, мыйзамды бузбаганга аракет кылабыз. Бирок кечээ ички иштер министри киши өлтүрүү өнөкөткө айланды деп жар салды. Бакиевдин бийлигинин жүзү тууралуу мындан артык айтуу мүмкүн эмес. Бул учкул сөздү уккан туристтер, инвесторлор Кыргызстанга “агылып келет” го деп атам...

- Курултай өткөрүү боюнча бийликке маалымдалды беле, жыйындын, анын катышуучуларынын коопсуздугун сактоо боюнча ички иштер кызматтары менен макулдашуу барбы?

- Штабдын башчысы Азимбек Бекназаров өзү маалымдап, алар биз менен чогуу курултай өткөн жерде коопсуздукту сактоого аракет кылабыз дешти.

- Рахмат сизге.

XS
SM
MD
LG