- Кыргызстан Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңешине добуш берүүчү укукка ээ мүчө болушуна кандай шарттар негиз берди сиздин оюңузча?
- Биринчиден, Кыргызстан жогорку деңгээлдеги уюмга мүчө болгону мени жаран катары абдан кубандырат, бул жакшы жөрөлгө. Ушундай жогорку эл аралык уюмга мүчө болгондон кийин Кыргызстан артка чегинүүлөр болгон демократиялык принциптерди кайра кайтарып, адам укуктарын сактоого өтө чоң көңүл бурат деген чоң ишеничте турабыз?
- Кайсы-кайсы шарттар түрткү болду деп ойлойсуз буга чейин?
- Өзбекстандан келген качкындарды макам берип, ушул жерде кармап туруп, үчүнчү мамлекетке өткөрүүгө болгон аракеттерди ага түрткү берген бир шарт катары карасак болот. Ошол эле убакта өлүм жазасы башка коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда биринчилерден болуп алынып салынышы жана коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу демократиялык кээ бир принциптердин учкундары бүгүнкү күндө Кыргызстанда сакталып турушу деген шарттар түрткү берди. Мен бул жерде дагы бир кошумча нерсени айткым келет, Кыргызстан биринчи чынында эле демократиялык көп принциптерди сактап, көп жакшы жаңылыктарды киргизген мыйзам боюнча дагы. Андан кийин бизде азыр артка чегинүү болуп калды. Бирок эл аралык деңгээлде биз демократияны сактаган өлкө катары түшүнүк калып атат. Бүгүнкү күндөгү чыныгы абалды билген өлкөлөр болсо, 174төн дагы көпчүлүгү добуш бергенден баш тармак.
- Ушул эле мезгилде акыркы учурларда былтыр Ноокат окуясы болду, андан кийин Петровка жаңжалы сыяктуу окуялар болуп кетти. Ушулар Кыргызстандын кадырына, кийинкисине көлөкө түшүрбөйбү? Азыр кыйла эл аралык укук коргоочу уюмдар ушундай бааларды берип атышпайбы?
- Ноокат окуясы боюнча жакшы айтып кеттиңер. Бүгүн Ноокат окуясы боюнча Жогорку Сотто кароо башталат. Мен ойлойм, Кыргызстан ушунчалык жогорку деңгээлдеги уюмга мүчө болгондон кийин бүгүн Ноокат окуясын оң чечүү, же артка чегинүү деген эки жолдун ортосунда турабыз азыр. Ошондуктан Ноокат, Петровка окуялары сыяктуу окуяларда укук коргоо органдары чыныгы адам укуктарын тандаган, чыныгы акыйкат туура жолду тандаган жолдорго барыш керек. Ноокат окуясы абдан чоң көлөкө түшүрүп койду Кыргызстандын аброюна. Бүт эл аралык уюмдар карап турушат. Бүгүн өтө көп эл аралык уюмдар бизге тынымсыз кайрылып, сурап, эмне болуп атат, кандай болуп атат деп, кызыгуусун жогото элек.
- Бүгүн Жогорку Сотто 22 кишинин көзөмөл арызы каралаары айтылууда.. Жогорку Сот сиздердин укук коргоо кеңешинин иликтөөсүнүн бүтүмүн эске алабы?
- Эске алат деген үмүттөбүз, эске алыш керек. Себеби бул комиссия жөндөн-жөн эле түзүлбөстөн Омбудсмен институтунун, Акыйкатчынын өзүнүн буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик деңгээлде, мамлекеттик уюмдар менен биргелешип иштеген бүтүм болгон. Бул бүтүмгө көңүл бөлөт деген ойдобуз. Андан тышкары президенттик администрациясына, Баш прокуратурага, сотко, депутаттарга баарына кайрылып өзүбүздүн тыянактарыбызды бергенбиз.
- Кечээ жакында Кыргызстандагы саясий куугунтукка каршы күрөш комитети камакта отурушкан Жекшенкуловду, Аргынбаевди, Бөлөкбаевди саясий туткун деп жарыялашты. Сиз мындай баага кошуласызбы?
- Мен кошулам, айрыкча Сапар Аргынбаев менен Бөлөкбаевдин камалып турушу түздөн-түз саясий буйрук. Себеби булардын Петровкадагы окуяга тиешеси жок. Петровканы козгогон, татаалдаштырып койгон милиция кызматкерлери өздөрү болгон. Эми кимдир бирөөнү күнөөлөп коюш оңой эле экен.
- Кыргыз бийлигине кандай кеңеш берет элеңиз. Ушундай жаман атка кабылбаш үчүн эмне кылыш керек?
- Кыргыз бийлигине эң биринчи ушул уюмга мүчө болгондон кийин, ошол уюмга көптөгөн мамлекеттин өкүлдөрү катышып, жыйындар болот. Ошол жерде сын пикирлер айтылат. Ошого көңүл бөлүп, башкалардан сабак алып, башкалардын кетирген кемчиликтерин кайталабай, ал эми биз кетирген катачылыктарды оңдогонго аракет кылса Кыргызстандын келечеги алдыда, келечеги чоң.
- Маегиңизге рахмат.