Toолуу Карабак боюнча талаш алигиче жөндөлө элек, бирок жумурият өз алдынча жашоосун улантууда. Карабактын бир тургуну 23-майдагы шайлоого турмуштун оңолушуна үмүттөнгөндөн келгенин билдирди:
– Жашообуз оңолот деп үмүттөнөбүз. Дагы эмне дейм? Баалар арзандайт деп үмүттөнөм. Мен буга көзүм жетет. Эмне үчүн экенин билбейм, бирок ушундай болооруна ишенем.
Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабактын эгемендигин тааныган эмес. Өткөн аптада Европа биримдигинин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштон бул шайлоо мыйзамсыз экендигин белгилеп, ал «Тоолуу Карабак жаңжалынын тынчтык жол менен жөндөлүшүнө карата тескери пикир жаратпашы керек» деди.
Жикчил жумурияттын президенти Бако Сахакиян добуш берүү жумурияттын демократияны туу тутаарынын далили деп мүнөздөдү:
– Демократиялык асыл-нарктарды барктаган өлкөдө жашаган кандай сонун. Мындай баалуулуктар биз үчүн көз карандысыздык, суверендүүлүк сыяктуу эле мааниге ээ.
Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясы Карабактагы добуш берүүнү «дагы бир көз боемочулук» деп баалап, ага эл аралык байкоочуларды жолотпоого чакырган.
Ошого карабастан айрым байкоочулар жүрүштү. Алардын бири - абхаз парламентинин төрагасынын орун басары Вячаслав Цугба шайлоо шайма-шай өттү деп ырастады:
– Биз төрт аймакта болдук, ондогон оодандарды кыдырдык. Элдин маанайы жакшы. Башка талапкерлерден же партиялардан даттануу болгон жок.
33 орундуу парламентке төрт партия ат салышты. Беш жыл иштей турган органда өкмөтчүл Эркин Ата Мекен жана Артсах Демократиялык партиялары үстөмдүгүн сактап калат деп күтүлүүдө. Шайлоого дагы Дашнакцутюн, же Армян Төңкөрүшчүл федерациясы менен Карабактын Компартиясы да катышууда. Шайлоонун мыйзамдуу болушу үчүн, аймактагы добуш берүүгө укуктуу 90 миң кишинин аз дегенде 25 пайызы катышышы керек
Карабак Азербайжандан 1990-жылдардын башында бөлүнүп кеткенден тутанган согушта 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.
Карабакта шайлоо Түркия менен Армениянын алакаларын жөнгөрүүнү караган келишимди жактыруу үзгүлтүккө учурагандан кийин өттү. 22-апрелде Армения Азербайжан менен шериктеш Түркия Карабак жаңжалын жөнгө салууну талап кылгандыгын себеп кылып, бул келишимди ратификациялоодон баш тарткан эле.