Иракта акыркы эки күндөгү чабуулдарда 150дөн ашык кишинин каны төгүлдү. Жума күнү эки жанкечти аял Багдаддагы шийи мечитинде өздөрүн жардырып жибергенде 71 адам каза таап, дагы көп киши жараат алды. Бул акыркы бир жылдагы Багдаддагы эң кандуу кол салуу болуп калды. Мындан бир күн мурда ушул өңдөнгөн чабуулдарда кеминде 80 киши набыт кеткен эле.
Мына ушул окуялардан кийин Иракка келген Клинтон «бул - секталар аралык зордук-зомбулуктун кайра күч алгандыгынын белгиси эмес» деп айтты.
Кувейттен келатканда кабарчылар менен баарлашканда мамкатчы Иракта кырдаал терең жакшырганын билдирди. Ал соңку жардырууларды «козголоңчулар Ирактын түз жолго түшкөндүгүнөн корккондугунун далили» деп мүнөздөдү.
Кийинки кездери айрыкча ал-Каидага каршы күрөштө сунни козголоңчулары АКШ менен бир тарап болуп кеткенден бери, өлкөдө абал кыйла тынчыган эле. Бирок соңку бир нече аптада бомбалоолор жана жан кечтилердин чабуулдары кескин көбөйдү.
Ишембиде Багдадда жума күнкү чабуулдун курмандыктарынын ысымдары жазылган кара байрактар илинип, кан төгүлгөн жерге гүл коюлду. Багдад тургундары «алардын күнөөсү эмнеде?» деп беймаза болушууда.
Кан төгүү америкалык аскерлер июндун аягына чейин ирактык шаарлардан чыгарыла турган мезгилге туура келүүдө. Кошмо Штаттары куралдуу күчтөрүн өлкөдөн 2011-жылдын аягына чейин биротоло алып кетмекчи.
Соңку чабуулдар Ирак полициясы жана улуттук армия өлкөдөгү кырдаалды жөнгө сала алабы деген кооптонууларды күч алдырды.
Клинтон франкциялардын козголоңун биротоло тизгиндеп, ирак элине куралдуу кол салууларга жол бербөө үчүн ирактыктар менен Кошмо Штаттары биргелешип аракеттениши керектигин белгиледи.
Клинтон Багдадда өкмөт башчысы Нури ал-Малики жана АКШнын Ирактагы кол башчысы генерал Рей Одиерно менен жолугушууда. Бирок анын америкалык элчиликте 150дөй ирактык менен жолугушуусу визитинин эң урунттуу окуясы болуп калмакчы. Клинтон Ирактан америкалык аскерлер чыгарылгандан кийинки жашоого даярдык көрүүнүн ийгилигин камсыздоо боюнча ирактыктардын пикирин билгиси келгендигин айтууда.