Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Милицияны видеого тартып, жарыялагандарды жазалоо долбоору биринчи окуудан өттү


Күч органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 28-ноябрдагы отурумунда биринчи окуудан кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, баяндамачы депутат Сүйүн Өмүрзаков долбоорго депутаттардан жана Министрлер кабинетинин сунуштары, өзгөртүүлөр экинчи окуудан киргизилерин билдирди.

Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунун маанилүүлүгүн айтып, бирок милиция кызматкерлерин сүрөт-видеого тарткан жарандардын укугуна байланышкан маселе көтөрдү. Мыйзамдын автору милиция кызматкерлерин иш үстүндө сүрөт-видеого тартып, аны монтаждап, интернетке жарыяласа гана, жоопко тартыларын айтты. Бекешев мыйзам долбоорунда андай жоктугун эскертти.

"Милиция кызматкери иштеп жатканда эч ким тоскоолдук кыла албайт. Мугалимдер сабак өтүп жатканда, дарыгерлер операция жасап жаткан кезде, алардын ишине эч ким кийлигише албагандай эле, милиция кызматкерлеринин ишине да эч ким тоскоолдук кыла албашы керек", - деди.

Дастан Бекешев ага жооп кылып, мыйзам долбоорунда милиция кызматкерлерин мыйзамсыз сүрөт-видеого тартып, интернетке жарыялаган окуяны кайра эле милиция териштиргени туура эмес болуп каларын эскертти.

"Бул жерде так жазылган эмес. Өтө көп кайчы пикирлер жазылган. Азыр жарандардын колунда болгону бир гана куралы - телефону калды. Эми аны да алабыз дегениңер туура эмес, мен колдой албайм", - деди Бекешев.

Жыйынтыгында парламент депутаттары көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоорунун концепциясына биринчи окууда макулдугун беришти.

Парламент аталган мыйзам долбоорун 30-октябрдагы отурумунда болочокто укугун коргогусу келген жарандарга каршы иштеп калышы ыктымалдыгын айтып, артка кайтарган.

Мыйзам долбооруна ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө, алардын ишине кийлигишүү жана дискредитациялоо максатында тартылган видеолор үчүн 50 эсептик көрсөткүч (5000 сом) өлчөмүндө айып пул же 5 суткадан 7 суткага чейин камакка алуу жазасы каралат.

Долбоордо Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр сунушталды. Анда коомдук тартипти бузууга бөгөт койгон кызматкерлерге каршылык көрсөтүү же кызмат милдетин аткарып жаткан адамга зомбулук көрсөтүү үчүн 500дөн 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтө айып пул салуу же 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу чаралары каралган.

"Медиа полиси институту " коомдук фонду мыйзам долбоорунун айрым беренелери укук коргоо кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна алып келерин эскерткен. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG