1995-жылы 70ке таяп калганда ал ысык аба үйлөтүлгөн балон менен жарыш боюнча дүйнөдөгү эң таанымал Гордон Бенет мелдешине катышат. Бирок бул мелдештен Стюарт-Жервис кайра кайтпай калды, аны беларус армиясы кесиптеши менен кошо атып түшүрүп, АКШ менен Беларустун ортосунда ири дипломатиялык чатак башталды. Андан бери 14 жыл өтсө да, анын жесири көп суроолорго жооп ала элек.
Каролин Сюарт-Жервистин күйөөсүн Беларус армиясынын тикучмасы замбирек менен атып өлтүргөнүнө 14 жыл болгону калды.
Жесиринин айтымында, күйөөсү жана анын шериги, америкалык атуул Алан Френкел ал жылкы мелдешти айрыкча чыдамсыздык менен күтүшкөн:
– Алар түн ичинде учуп чыгышты. Экөөнүн америкалык байракты желбиретип, «Бул Гордон Беннет мелдеши» деген жазуусу бар сүрөтү турат. Алар жаңы эркиндик алган өлкөлөрдүн үстүнөн биринчи жолу учушмак. Советтер Союузу кулагандан кийин алардын асманы да ачылбады беле.
Швецариядан башталган мелдештин үчүнчү күнүндө экөө Чыгыш Европанын бир топ өлкөлөрүн айланып учуп, жеңе тургандай болуп калышкан. Бирок Беларустун аймагына киргенден бир нече сааттан кийин алардын тилеги таш капты:
– Согуштук базанын үстүнөн келип калышкан окшобойбу. Бирок мындай база эч бир картада көрсөтүлгөн эмес. Анын бар экенин эч ким билген да эмес. Ошол базадан чыккан армиянын тикучмасы экөөнү атып түшүрүп жатпайбы.
Желим шар 2 миң метр бийиктиктен токойго кулап түшөт. 68 жаштагы Стюарт-Жервис жана 55 жаштагы Френкел дароо мерт болушат.
Бирок 1995-жылдын 12-сентябрындагы ал аткылоонун максаты бүгүнгө чейин түшүнүксүз. Мелдештин уюштуруучулары Беларустун асманы аркылуу учууга уруксат алынган деп ырастаган. Минск өкмөтү Стюарт-Жервис Френкел экөө Беларустун аба көзөмөлү менен байланышкан эмес деп айткан. Айткандай эле желим шардын кара үкөгү да экөө андай кабар жөнөтпөгөнүн көрсөткөн.
Атууга буйрук берген Беларустун Аба күчтөрүнүн ошол кездеги командири Валерий Кастенканын айтымында, аэронавттар радио байланышка да, эскертүү иретинде ок атууга да жооп кайтарган эмес, ушундан улам, ал ичинде кишиси жок учуучу тыңчы аппарат экен деген бүтүм чыгарып, желим шарды атууга буйрук берген.
Бирок ошол окуядан кийин Кастанка менен маектешкен журналист Васил Зданюктун айтымында, трагедия - атуулдук жана аскердик бийликтердин ортосунда байланыштын иштебегендигинин кесепети болуп калган:
– Мелдештин уюштуруучулары Беларустун учууларды көзөмөлдөгөн кызматтарын эскертишкен. Бирок куралдуу күчтөр менен эч кандай байланыш болгон эмес. Учуучу шар Беларустун үстүнөн учуп өтөөрүн армияга эч ким кабарлаган эмес. Трагедия ушундан чыккан.
Ал окуядан кийин Беларустагы көз карандысыз маалымат каражаттары өлкөнүн куралдуу күчтөрүн айыпташкан. АКШнын Минскидеги элчилигинин алдында чогулган эл жана желим шар кулап түшкөн жерге жакын жайгашкан Бяроза шаарындагы демократиячыл активисттер «Бизди кечиргиле» деген жазуусу бар эстелик тургуза башташкан. Бирок президент Александр Лукашенконун өкмөтүнө көз каранды маалымат каражаттары учкучтардын өлүмүн үстүрт гана чагылдырган.
Валера Карбалевич минскилик аналитик:
– Ал кезде өкмөттүн саясий багыты, анын ичинде тышкы саясаты толугу менен калыпка түшө элек болчу. Лукашенко чаржайыт сүйлөдү. Башында «бул - ката, Беларус желим шарды аткан жок» деди, кийин «ал калпыстык менен атылган» деп чыкты. Андан кийин учкучтарды «Беларустун аскердик жана өнөр-жай ишканаларын сүрөткө тартууну максат кылган тыңчылар болчу» деди.
Жон жана Каролин Стюарт-Жервистин үйлөнүү тоюнан сүрөт, 1959-жыл.Бул окуяны дароо өз көзөмөлүнө алган АКШнын Мамлекеттик департаменти Минскинин мындай ырастоолорун «шылдыңдоо» деп айыптаган.
Андан бери АКШнын Беларус менен алакасы кыйла салкындап, кийинки кездери кайра жылый баштады. Ушундан улам учкучтун өлүмүнө байланыштуу баардык маалыматты чогултуп келаткан анын жесиринин додологон документтин арасына эми акыркысын – президент Лукашенкo кечирим сураган катты кошсом деген үмүтү кайра жанданып турган чак.