Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Садыр Жапаров ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Астанага барды


Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов. 27-ноябрь, 2024-жыл.
Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов. 27-ноябрь, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров 27-ноябрда иш сапары менен Казакстандын борбору Астана шаарына барды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы президент Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катыша турганын билдирди.

Быйыл Казакстан ЖККУда төрагалык милдетти аткарып жаткандыктан уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити бул жолу Астанада өтүүдө.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө – Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан бар.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян быйыл 12-июнда Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгарын жарыялаган. Ал Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу кайталаган. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG