Кыргыз парламентинин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев Казакстандагы президенттик шайлоодо Назарбаевдин бийлигинин узарышы укуктук жагынан Конституциянын чегинде болуп жатканы менен чыныгы демократиялык дөөлөттөрдүн алкагынан караганда өкүндүрө турган көрүнүш дейт.
- Укуктук жагынан шайлоо Казакстандын Конституциясына ылайык укуктук жол менен болуп жатат. Бул бир кеп. Саясий демократиялык жагынан алганда бул таң кала турган иш эмес, күтүлгөн эле иш. Мындай окуя Казакстанда биринчи жолу болуп аткан жок.
Чыныгы демократиялык дөөлөттөрдүн алкагынан караганда, албетте, бул өкүндүрбөй койбойт. Демократия - бул бийликтин алмашылып турушу. Жетекчилик белгилүү бир мөөнөткө шайланып, андан кийин кан жаңылангандай улам жаңыланып турганы жакшы болот. Дүйнөлүк алдыңкы тажрыйба ушундай.
Классикалык үлгүсү катары Американын демократиясын алсак болот. Баарыбыз билгендей 1945-жылга чейин АКШнын Конституциясында президент эки мөөнөттөн ашык шайланбайт деген чектөө жок болсо да, Жорж Вашингтон баштаган Американын президенттери аны жөн гана салт катары кармашып, эки мөөнөттөн ашык шайланбай өрнөк көрсөтүшкөн. Бул бүт дүйнөгө өрнөктүү тажрыйба катары жайылтылууда.
Тилекке каршы, демократиялык салты жок, авторитаризмге жакын өлкөлөрдө өмүр бою президент болуп жүрүшөт. Анын кейиштүү жактарын мына көрдүк Жакынкы Чыгыш менен Европада кандай болуп атканын. Европага жакын турган Египет менен Тунисте, Ливия менен Йеменде болуп жаткан окуялар, Йорданияда башталган окуялар эртердир-кечтир мындай жолдун туюкка алпарарын көрсөтүүдө. Ушул окуялардан Орто Азия жана жалпы эле Шериктештик өлкөлөрү сабак алса болот эле деген өкүнүчүмдү айткым келет,-деди Абдыганы Эркебаев.
Ошол эле учурда Назарбаевдин феномени - Казакстан өткөөл мезгилде тандап алган жана өзүн актап жаткан жол, эми Казакстандагы саясий башкаруу шайлоо өнөктүгүндө убада кылынгандай модернизация жолу менен кетеби жокпу - кеп ошондо, дейт “Айкөл Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов.
- Президент Нурсултан Назарбаевге каршы чыккан көрүнүктүү атаандаш деле талапкер көрө алган жокпуз. Бирок биз мүчө болгон ЕККУ уюмунун берген баасын эске алышыбыз керек.
Ар бир өлкөнүн өзүнүн жолу бар. Кыргызстан демократиялык жолду тандап алды. Казакстан байлыгына таянып, өткөөл заманда эл башы деп атап, бир адамдын колуна бийликти топтоп берип, ишенип турат.
95 пайыз болбосо да элдин көпчүлүгү колдоп бергени анык. Мына эми - Назарбаев реформа жүргүзөт, модернизация кылат деп көп айтып жатышты эле, кеп ошондо. Эртедир-кечтир Каримов да, Назарбаев кетет, андан кийин мындай чоң инсандар болбойт, бийликти парламентке жайылтып беребиз деген сөз боордош өлкөлөрдөн угуп жатабыз, - дейт Эдил Байсалов.
Бир катар эксперттер Назарбаевдин жеңишинин Кыргызстан үчүн кубаттуу коңшусу менен экономикалык алакаларды сактап калуу жагынан маанилүү экенин белгилешүүдө.
- Казакстан менен биздин экономикалык алака-катышыбыз абдан тыгыз. Ошондуктан Назарбаевдин жеңишке жетишкени биз үчүн жакшы, себеби мурдагы келишимдер өз деңгээлинде сакталып кала берет, биз ушул жагынан утабыз, - дейт саясат таануучу Элдияр Рымбеков.
Казакстандагы президенттик шайлоолорго Кыргызстандан БШКдан төрага Акылбек Сариев баш болгон байкоочулар тобу байкоо салганы кетишкен. Жарандык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү байкоочу катары чакырылган эместигин айтышууда.