Экономикалык тескөө министрлигинин маалыматы боюнча, март айында буудай баасы 13 пайызга көтөрүлүп, килограммы 15,77 сомдон сатылууда. Февраль-март айларында кумшекер, эт, сүт жана өсүмдүк майынын баасы өзгөрүүсүз калып, республика боюнча кумшекердин орточо баасы 61,9 сомду, уй эти 251, кой эти 252, сүттүн литри 26,5 жана өсүмдүк майы 92,8 сомду түздү. Нандын баасы 8,6% кымбаттаган. "Кымбаттоо көбүрөөк Баткен облусунда байкалууда", - дейт аталган министрликтин маалымат кызматы. (КЕ)