Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

"Жашоо кооптуу болуп калды". Москвага жапырт соккулар мигранттарды бушайманга салды

 Москва. 20-сентябрь, 2026-жыл
Москва. 20-сентябрь, 2026-жыл

Украиналык дрондордун Москвага жапырт чабуулунан кийин айрым кыргызстандык мигранттар мекендештерине кайрылып, орус башкалаасына келбей турууну эскертүүдө. Орусиянын миграциялык катаал саясатына карабай бул өлкөдө иштеп жүргөн жүз миңдеген кыргызстандыктар бар. Көпчүлүгү Москвада эмгектенет.

Орусия Украинага негизсиз бастырып кирип, согуш ачкандан бери мигранттар түрдүү тоскоолдуктарга кабылууда. Бирок ошого карабастан миграциянын агымы токтогон жок.

Социалдык тармактарда өрттөнүп жаткан мунай заводдун көптөгөн видеолору жарыяланды. Москвадагы кыргызстандыктар да чабуул учурунда тартылган видео, сүрөттөр менен бөлүшүп жатышат. Арасында Орусияда жашоо кооптуу болуп калганын айтышып, мекенине кайтуу керектигин айткандар бар.

"Бүгүн таңкы саат 4төн баштап жардыруу башталды, кыздарым менен жер төлөдө отурдук, ошондо мекенибизге кетким келди", - деди Инстаграмдагы Замира аттуу колдонуучу.

Инстаграмдагы дагы бир баракчада асманга көтөрүлүп жаткан коюу кара түтүн көп кабат үйлөрдүн бирининин терезесинен тартылган тасма жарыяланды. Баракчанын ээси да видеонун алдына: "Болду кетем", - деп жазган.

Тасмада уюлгуп асманга көтөрүлүп жаткан коюу кара түтүн менен кошо жардыруулардын үнүн да угууга болот.

Москвада жашаган Акын аттуу Инстаграмдын колдонуучусу украиналык дрондордун жапырт чабуулунан кийин мекендештерине кайрылып, орус башкалаасына баруу кооптуу болуп калганын айтты.

Орусиядагы мигранттардын укугун коргоп иштеген юрист Эрлан Токтосунов олку-солку кырдаалга карабай, мигранттардын саны азайбай жатканын белгиледи:

"Орусияда мигранттарга Мамлекеттик думанын деңгээлинде мамиле катаалдашып жатса да Кыргызстандан мигранттар келүүсүн токтотпой жатышат. Ар бир адам кайсы жерде кандай тиричилик кылууну өзү чечет. Ошентсе да, согуш уланып жаткан чакта биздин мекендештер өмүрлөрүн тобокелге салбай эле койгону оң болуп турат".

Юрист Орусиянын маалымат каражаттары кырдаал канчалык коопуу экенин жаап-жашырып ачык айтпайт, андыктан Кыргызстанда жарандарга эскертүү зарыл экенин белиглейт.

Социалдык тармактарда жарыяланган тасмалардын алдына жазылган комментарийлерден да "болду, мекениме кетем, өмүрүмдү тобокелге салгым келбейт", "акча табылат, Кыргызстанга эле келгиле", "Кыргызстанда да айлык акы көтөрүлүп, иш орундар көбөйдү, бул жакта иштесеңер да ошол акчаны табасыңар" деген сыяктуу пикирлерди окууга болот.

Ушул тапта уулу менен кызы Москванын четинде иштеп жатышкан кыргызстандык жаран Элмира Алматова балдарынын өмүрү үчүн кооптонуп отурганын жашырбады.

"Менин да балдарым Орусияда иштешет. Ал жагына дрон түшүптүр, бул жагында мунай база жарылыптыр деген кабарларды уккан сайын кабатыр болуп, жүрөгүм түшөт. "Апа, биз жакта жок, тынч эле, ал бизден алыс жактарда" деп жооткотуп коюшат. Эмнеси болсо деле келе бергиле деп айтып атып, уулум менен келиним жакында кайтып келди. Азыр эми кызым менен күйөө балам так ошол дрон түшүп аткан кампаларда иштешет. Күйөө баланын апасы экөөбүз "келгиле, бул жактан деле пул табылат" деп чакырып атабыз утуру".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы элчиликтин ишеним телефону иштеп жатканын, кырдаалга көз салып турушканын кабарлады:

"Элчиликтин ишеним телефону иштеп жатат. Эч кандай кайрылуу түшкөн жок. Жарандар адаттагыдай эле кабыл алынууда", - деген маалымат берди.

20-сентябрдын таңында украиналык дрондор Москвага жана Москва облусуна жапырт чабуул койду. Соккуда Капотнядагы мунай иштетүүчү завод да бутага алынган.

Москванын мэри Сергей Собянин муну "согуш башталгандан берки эң ири дрон чабуулу" деп мүнөздөдү. Анын айтымында, Москвага жакын аймактарда жана шаардын үстүндө жалпысынан 1600гө жакын дрон атып түшүрүлгөн. Собянин учкучсуз учактар мунайды кайра иштетүүчү заводго тийгенин, турак жайларга зыян келтирилгенин ырастады.

Москва. Котельникидеги дрон тийген көп кабаттуу үй
Москва. Котельникидеги дрон тийген көп кабаттуу үй

ASTRA басылмасынын маалыматына караганда, Москвадагы Борисовские Пруды көчөсүндөгү 16к2 номурлуу үйдүн жанында дрон кулап, жарылган. Бул шаардын түштүк-чыгыш бөлүгү. Жекшембидеги соккуларда Москва шаарында жана облусунда жалпы үч киши каза тапты.

Буга чейин 18-июнга караган түндө жана таңга жуук Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери Орусиянын борбор калаасы Москва шаарына жана Москва облусуна учкучсуз учактар менен жапырт сокку урган. Ракета соккуларынан улам Москвада жана Подмосковьеде жарылуулар болуп, өрт чыккан. Соккудан кыргызстандыктар көп иштеген "Садовод" базары жабыркаганы кабарланган.

Дрон соккулары урулган учурларды кыргызстандык жарандар да тасмага түшүрүп, соцтармактарга жарыялашкан.

ТИМдин маалыматына караганда, 2026-жылдын май айына карата 268 миңден ашуун кыргызстандык жаран Орусияда миграциялык каттоого турган.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG