Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:51

Жапония: 47 жыл абакта отурган адамга 1,5 млн доллардай кенемте төлөнөт


Ивао Хакамада
Ивао Хакамада

Жапониянын Сидзуока префектурасынын аймактык соту 89 жаштагы Ивао Хакамадага 47 жылдан ашуун түрмөдө адилетсиз отурганы үчүн 217 миллион иен (болжол менен 1,44 миллион доллар) компенсация төлөө тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу NHK жана The Mainichi маалымат агенттиктери жазышты.

Хакамада 1966-жылы Сидзуока префектурасында бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсүн өлтүрүүгө айыпталып, өлүм жазасына өкүм кылынган. 2024-жылдын октябрында анын иш кайра каралып, сот Хакамаданы толук актаган.

Маалыматка караганда, 50 жылдай мурда анын иши каралып жатканда тергөөчүлөр далилдерди бурмалашкан.

Анын жактоочулары Хакамада 47 жыл жана жети ай мыйзамсыз түрмөдө отурганын, бул анын ден соолугуна олуттуу зыян келтиргенин жүйө келтирип, 2025-жылдын январында сотко доо арыз беришкен.

Сот Хакамаданын ден соолугуна жана психологиялык абалына өтө оор залака келтирилгенин эске алып, кенемте төлөнүш керек деген чечим чыгарды.

Бул Жапония тарыхында жаранга берилген эң ири кенемте болуп саналат.

Хакамаданын юридикалык тобу Сидзуока префектурасына жана жапон өкмөтүнө каршы дагы кошумча доо арыз берүүгө ниеттенүүдө. Жактоочулардын бири сот чечимин кубаттаганы менен, "бийликтин катасы 200 миллион иен менен жабыла турган күнөө эмес" деп билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG