Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:51

Депардье сотто зордуктоо боюнча айыпты четке кагып, орой сүйлөгөнүн мойнуна алды


Франциялык актер Жерар Депардье
Франциялык актер Жерар Депардье

25-мартта франциялык атактуу актер Жерар Депардье биринчи жолу Париждеги сотто көрсөтмө берип жатып, аны сексуалдык зордук-зомбулукка айыптаган аялга орой жана катуу сүйлөгөнүн, анын белинен кармаганын мойнуна алды. Бирок аялган "зомбулук көрсөткөн" деген дооматты четке какты.

Париждеги соттук териштирүүнүн экинчи күнү 2021-жылы тартылган "Les Volets Verts" ("Жашыл пардалар") фильмин тартуу аянтчасында болгон окуяларга арналды.

Дал ошол жерде актер менен чогуу иштеген эки аял Депардье аларга сексуалдык ыдык көрсөткөнүнө даттанышкан. Алардын биринин айтымында, актер аны кууш коридордон өтүп бара жатканда зордуктоого аракет кылган.

Сотто 76 жаштагы актер өзүнүн узак жана жемиштүү карьерасы жөнүндө айтып, 250дөн ашуун тасмага тартылганын белгиледи.

Депардьенин талантына таазим кылгандардын арасында француз президенти Эммануэл Макрон да бар.

Ал 2023-жылы актердин дарегине бир катар сексуалдык зордуктоо боюнча дооматтар айтылып жаткан кезде аны “улуу актер” деп атап, “Франциянын сыймыгы” экенин белгилеген.

Эгерде Депардье күнөөлүү деп табылса беш жылга чейин эркинен ажыратылып, 75 миң евро (81 миң доллар) айып пул төлөшү мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG