Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:23

Футбол: Кыргызстан Катарды 3:1 эсебинде утту


Кыргызстан менен Катардын футболчуларынын мелдеши. Алимардон Шүкүров (22) менен Ахмед ал-Рави (15) топ талашууда
Кыргызстан менен Катардын футболчуларынын мелдеши. Алимардон Шүкүров (22) менен Ахмед ал-Рави (15) топ талашууда

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-айлампасынын алкагында Катардын курамасы менен беттешип, 3:1 эсебинде утту.

Мелдеш 25-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.

1-таймдын аягында Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин алгачкы голду киргизсе, 2-таймдын башында Катардын оюнчусу Ахмед Сухайль эсепти теңеди. 56-мүнөттө Катардын оюнчусу Лукас Мендеш "кызыл карточка" алып, Катар курамасы бир оюнчуга кемиди. Андан кийинки голдорду Александр Мишенко (82), Алимардон Шүкүров (90+3) киргизишти.

Кыргызстан футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнөн 3-айлампага чыгып, Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары жана Түндүк Корея менен А тайпасында таймашып жатат.

Иран курамасы А тайпасында буга чейинки алты беттеште утуп, Өзбекстан менен тең чыккан. Азыр 19 упайы менен тайпанын сап башында келатат.

Экинчи орунда 16 упай топтогон Өзбекстан келе жатат.

Кыргызстан 6 упай менен 5-сапта. Кыргыз футболчулары алты оюнда утулуп, 2 оюнда жеңишке жетти.

2026-жылы АКШда, Мексикада жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.

3-айлампадагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама тандалып, алтыдан үч тайпага бөлүнгөн. Оюндар ар бир өлкөнүн өзүндө же атаандаш команданын мекенинде өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомону камсыздайт.

5-сентябрда башталган 3-айлампадагы тандоо оюндары 2025-жылдын июнь айында аяктайт. 4-5-айлампадагы тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айына чейин созулат.


Шерине

XS
SM
MD
LG