Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Аба ырайы: күн сууктап, айрым аймактарда кар жаайт


Бишкек.
Бишкек.

24-мартта аба ырайы кескин өзгөрүп, түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

"Кыргызгидромет" тараткан маалыматка ылайык, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 12…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17;

Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 16…21;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 16…21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16;

Бишкекте түнкүсүн 10…12, күндүз 15…17 градус болот.

"Кыргызгидромет" 24-25-марттарында туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суу кириши мүмкүн экенин эскертти. Арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштады.

Шерине

XS
SM
MD
LG