Словакиялык тарыхчы жана публицист Бранислав Красновскийдин "Интергелпо" ("Interhelpo") аттуу китеби кыргыз тилине которулду.
Илимий басылма Кыргыз Республикасынын Словакиядагы элчилигинин (баш кеңсеси Венада жайгашкан) колдоосу астында жарык көрүүдө.
Тарыхчы, профессор Тынчтыкбек Чоротегин кыргызчалап, 500 нуска менен "Турар" басмаканасында басылган китеп жакынкы күндөрү окурмандарга сунушталат.
Словак тарыхчысы жана публицисти Бранислав Красновскийдин китеби мурдагы Чехословакиядан 1925-жылы мурдагы советтик Кыргызстанга келип, "Интергелпо" (Interhelpo) кооперативин курган словак, чех, мажар жана украиндердин ишмердүүлүгүн чагылдырат. Алардын Ала Тоодо өнөр жайларды жана айыл чарбаны түптөөдөгү салымы белгиленип, кийин айрымдарынын сталиндик репрессияга кабылганы баяндалат.
Тарыхчы, журналист жана публицист Бранислав Красновский Словакиянын Братислава шаарында 1967-жылы туулган. 2022-жылы ал "Приателство-Достук" аттуу кыргыз-словак коомун негиздеген.
Быйыл “Интергелпо” кооперативинин Кыргызстанга келгенине 100 жыл толду. 1923-жылы Словакиянын Жилин шаарында түзүлгөн кооперативдин алгачкы мүчөлөрү түшкөн поездди Кара-Кыргыз автоном облусунун борбору Пишпек (азыркы Бишкек) 1925-жылы март айынын соңунда тосуп алган.
Тарыхчылардын маалыматында миңден ашуун адамдан турган кооператив мүчөлөрү өлкөдөгү алгачкы электростанцияны, кант, булгары, сыра жана Фрунзе заводу баштаган ири өнөр жайларын, 22-мектепти, ипподромду, Өкмөт үйүн (азыркы Маданият министрлиги отурган имарат) ж.б. бир катар маанилүү имараттарды курушкан.
Эгемендик жылдарында Кыргызстандагы бул завод-фабрикалар иштебей, айрымдары таланып-тонолуп кеткен. Борбор калаада азыр бул кооперативди эске салган Фучик паркы жана Интергелпо аттуу көчө бар. (ST)
Шерине