Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Достук айылынан көчүрүлө турган элге турак жай салуу башталды


Достук айылынын эли Чет-Булак жерлигинде. 14-март, 2025-жыл.
Достук айылынын эли Чет-Булак жерлигинде. 14-март, 2025-жыл.

Чек араны делимитациялоо ишинин жыйынтыгы менен Тажикстанга өтүп жаткан Баткен районунун Достук айылынын элине Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигинде 14-мартта турак жай комплексин куруу башталды. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер бөлүнүп, жалпы 179 үй курулат жана ар бири үч бөлмөлүү болуп, бардык шарт түзүлөт. Курулушту күз айларына чейин бүтүрүү пландалууда. Курулуш ишине президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев старт берип, кыргыз-тажик чек арасын тактоого жергиликтүү элдин салымы чоң экенин айтты.

Достук – район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.

2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп баары жаңыланган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар жер алып жатканын айткан.

6-мартта Достук айылында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен элдин жолугушуусу болгон. Анда айылдын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынган.

Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов анда мамлекет турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган. Бул окуядан кийин коомдо нааразылык жаралып, президент Садыр Жапаров Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берген.

Жыйынтыгында элге 10 сотых жерге үй куруп берүү, 10 сотых тилке келечекте турак жай салганга жана дагы 10 сотых жерди айыл чарбага пайдаланууга бөлүп берүү чечими кабыл алынган.

13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койду. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашты.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG