Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:00

Ысырапкорчулук мыйзам менен тыйылабы?


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары аш-той өткөрүү тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Соцтармактарда мыйзам долбоору кантип ишке ашырылат деген суроонун айланасында кызуу талаш-тартыш жүрүп жатат.

Кыргыз бийлиги той-аштагы ашыкча чыгымды азайтуу боюнча буга чейин да жарлык чыгарганы менен, ал аткарылбай келет. Кезектеги эреже ишке ашабы?

"Эл аш-тойдон тажап калды"

Парламенттин депутаттары Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиев даярдаган аш-той өткөрүүдөгү эрежелер камтылган мыйзам долбоору 27-январда коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзам маркумду узатуудагы жана той өткөрүүдөгү ысырапкорчулукту жоюу үчүн сунушталып жатканы сыпаттамасында жазылган.

Ага ылайык, маркумду акыркы сапарга узатууга келген кишилердин саны чектелбейт, бирок мал союлбайт. Үч күндөн кийин гана маркумду эскерүү иш-чарасы же куран окутуу бир жылкы же бодо мал союу менен өткөрүлүшүнө уруксат берилет. Ошондой эле маркумдун зыйнатына үчүлүк, жетилик, кыркылык жана жылдык өткөрүүгө тыюу салынат.

Ал эми үйлөнүү тойго чакырылган коноктор 250 адамдан ашпоосу керек, бир жылкы же бир бодо союуга уруксат берилет. Кыз узатууда бир бодо же жылкы союлуп, коноктор 100 кишиден ашпашы керек. Эгерде үлпөт той жана кыз узатуу чогуу өтсө, бир бодо же жылкы союлуп, коноктор 350дөн ашпоого тийиш. Ал эми үйлөнүү салтанатына үч гана автоунаа катышуусуна уруксат.

Түрдүү тойлордо кийит кийгизүү, себет берүү, конок берүү, түштөндүрүү сыяктуу ысырапка учураткан үрп-адаттарга да уруксат жок.

Тыюу салынган каадалардын арасында акыркы убактарда күч алган ажылыкка, умрага баргандарды узатуу жана тосуп алуу салтанаттарын өткөрүү да бар. Демилгечилер муну үй-бүлөлүк чөйрөдө эле өткөрүүгө болот деп эсептешет.


Мыйзамдын авторлорунун бири - Замирбек Мамасадыков азыркы учурду мурдагы убакка салыштырууга болбосун айтып, мыйзам долбоорун демилгелөөгө элдин өтүнүчү, суроо-талабы негиз бергенин "Азаттыкка" билдирди.

Замирбек Мамасадыков
Замирбек Мамасадыков

"Кыргыздын ата-бабасынан калган салт деп айтылып жатат. Бирок мурунку убактарда аш-тойго коноктор алыс-жакындан атчан келген. Алыс жолдон чаалыгып келген коноктор бир нече күн конуп, өздөрү да, аттарын да эс алдырып, кайра жолго чыккан. Ошондон улам конок берүү, түштөндүрүү деген салттар болгон. Азыр анын кажети жок. Жок жерден чыгаша болуп жатат. Биз шайлоочулар менен жолугушууга барганда да ушул маселе көп көтөрүлөт. Эл аш-тойдон тажап калды. "Тапканыбыздын баары эле тойго кетип жатат, тыйылса болот эле" дешти. Миллиондон ашык уул-кыздарыбыз миграцияда ден соолугун тобокелге салып, жаштыгын өткөрүп, тапканы бүт тойго кетип жатат. Ажы той, умрага баргандарды узатуу, тосуп алуу деген жаңы салттар пайда болду. Ушуга окшогон ысырапкорчулукту тыюу максатында 2022-жылы президент да жарлык чыгарган. Биз да жакшылыкка себеп болуп калалы деп, мыйзамды демилгелеп, коомдук талкууга алып чыктык. Башкы максат - ысырапкорчулукту тыюу жана жоюу", - деди депутат.

"Хан бийлигинен нарк күчтүү"

Кыргызстанда аш-тойлордогу ысырапкорчулукту тыюу демилгеси буга чейин да бир нече ирет көтөрүлгөн. 2008-жылы Жогорку Кеңеште ошол кездеги депутат Ибрагим Жунусовдун демилгеси менен ашыкча каада-салт, ырым-жырымдарды чектөө жөнүндө мыйзам долбоору жазылып, бирок өтпөй калган. Кийинчерээк аш-тойлорду чектөө тууралуу өкмөт токтом кабыл алган. Бирок ал токтом иштеген эмес. 2016-жылы депутат Аида Салянова кайрадан демилге көтөрүп, мыйзам жазган. Бирок ал парламенттин колдоосун таппай, 2018-жылы коомчулуктун колун топтоого аракет кылганда, ал да ишке ашкан эмес.

Аш-тойлор 2020-жылы пандемия учурунда да тыйылбаганын белгилеген коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев кыргыздын канына сиңген каада-салтты тыюу оңойго турбайт, мындай элге тийиштүү маселени элге салып, чечүүнү элге коюш керек деген пикирде:

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

"Кыргызда байыртадан келе жаткан "Хан бийлигинен нарк күчтүү" деген улуу сөз бар. Кыргыздын салтын, наркын бийлик өзгөртө албайт. Кылычынан кан тамган Сталин деле наркты буза, өзгөртө алган эмес. Ошондуктан мындай маселени мыйзам жаза калып, мыйзам менен өзгөртө коюу оңой эмес. Биздин президентибиз Садыр Жапаров Курултайда да айтты го, "айрым бир маселелерди эл өзү чечет" деп. Ошондуктан бул маселени да жалпы элдин талкуусуна алып чыгып, эл кабыл алса, "ушундай кылалы" деп эл чечиши керек. Ошондо гана иштеп, тыйылышы мүмкүн. Элдин канча кылымдардан бери келе жаткан салтка кирип калган каадасы бар. Маркумду узатуу, кыркылык, аш берүү, уул үйлөп, кыз берүү, уулга бата алуу деген салт. Ал эми андагы чыгымдар бул - каада. Каада мезгилге шайкеш болуп, өзгөрө берет. "Аш көп болсо каада көп" дегендей, элдин колунда аш көп болсо, түштөндүрүү, кол чайкатуу, эскерүү, эстелик коюу деген сыяктуу каада көбөйө берет. Эгер элдин колунда аш жок болсо, маркумду бир улак союп узатып, бир казан жарма кайнатып, той берип коё бериши мүмкүн. Демек, каада деле мезгилге жараша, келип кайра кете берет. Мунун баарын тыйып, жок кылып салуу үчүн элдин өзүнүн каалоосу керек. Ал үчүн айылдык, жергиликтүү деңгээлде жыйындарды өткөрүп, элди угуш керек".

Чолпонбек Абыкеев акыркы убактарда айрым айылдардын мүрзөлөрүндө маркумга мурдагыдай күмбөз тургузуп, эстелик коюу азайганын, бул элдин өз демилгеси менен чечилип жатканын мисал келтирди.

Мыйзамды бузган той ээси 300 миң, тойкана ээси 100 миң сом айып пул төлөйт

Жаңыдан сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда аш-той өткөрүү эрежелерин бузгандардын жазасы да көрсөтүлгөн. Ага ылайык, Укук бузуулар кодексинин 138-беренесинде белгиленген тартипте чара колдонулуп, сөөк коюу жана аза күтүүнү уюштурган жоопкер тарапка 200 миң сом, ал эми той ээсине 300 миң сом айып пул салынат. Ашыкча мал союлуп, тиешелүү өлчөмдөн көп киши чакырылган аш-тойду өткөргөн кафе-ресторандардын ээси 100 миң сом айыпка тартылат.

Мыйзамдын ишке ашырылуусун көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, шаардык мэрияларда каада-салттарды, майрамдарды жана салттарды тескөө боюнча жергиликтүү комиссиялар түзүлөт.

Мыйзамдын автору Замирбек Мамасыдыков бул комиссиялар аркылуу аш-тойго келген кишинин санын, ага союлган малды, сарпталган акчаны көзөмөлдөөгө шарт түзүлөт деп эсептейт.

"Эл колдоп, элдин сунушу менен жазылды. Биринчиден, райондук, шаардык деңгээлдеги комиссиялардын курамына мэр, акимдер баш болуп, милиция, билим берүү, социалдык коргоо жетекчиси, имам кирет. Алар көзөмөл кылышат. Экинчиден, айыл өкмөттүн деңгээлинде да жергиликтүү комиссия түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөт башчысы, айыл башчылар, аялдар комитетинен, жаштар комитетинен өкүлдөр, участкалык милиционер, айылдын молдосу болот. Булар дагы аш-тойдогу чыгашанын ашып кетпөөсүнө, мыйзамдын бузулбоосуна көзөмөл кылууга жооптуу болушат", - деди Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасыдыков.

2022-жылы президент Садыр Жапаров тажыяда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарган. Ал өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган талап колунда бары-жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскерткени менен, бул көрүнүш толук тыйылган жок. Ысырапкорчулукту тыюу максатын көздөгөн президенттин жарлыгын дагы коомчулук өз убагында кызуу талкуулаган.

Кыргыздын той-топуру ашкере чыгым жана аша чапкан каада менен өтүп жатканын айтып, салт-санааны иретке келтирүүнү талап кылган мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы да учурунда коомчулуктун сынына кабылган.

Чектөө эрежелери Тажикстанда да киргизилген

Той-топурду чектеген чечимдер былтыр коңшу Тажикстанда да кабыл алынган. "Каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга ылайык, үйлөнүү тоюна арналган иш-чаралар экиден, жаңыдан баш кошуп жаткан жубайларды коштогон машинелердин саны төрттөн ашпашы зарыл.

Дасторкон жайып, акча короткондун ордуна ошол каражатты социалдык объектилерди курууга же кайрымдуулукка жумшоо сунушталган.

Ажылык сапардан кайткандарды тосуп алууну өзүнчө салтанатка айландырууга, короону, көчөнү жана ал киши отурган машинени кооздоого да тыюу салынган. Бийлик ажыларды үй-бүлө мүчөлөрү эле чогулуп, тосуп алуусу жетиштүү болорун белгилеген.

Тажикстанда балдардын Орозо айтта жана Курман айтта үй кыдырып, жарамазан айтуусуна да тыюу салынган. "Идгардак" деп аталган жөрөлгөгө да расмий түрдө тыюу салган мыйзам долбоорунда Орозо айт менен Курман айтты белгилөөдөгү негизсиз жана ашыкча ысырапкорчулукка мындан ары жол берилбей турганы, таттуу жана башка белектерди тапшырууга уруксат жок экени белгиленген.

Бийлик мындай чектөөнүн негизги максаты балдарды туура тарбиялоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу экенин айткан.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон былтыр 20-июнда "улуттук маданиятка жат кийимди сатууга, өлкөгө алып кирүүгө жана коомдук жайларда кийип жүрүүгө тыюу салууну караган" мыйзамга кол койгон. Эрежени бузгандарга 7920 сомони же 733 доллар айып пул салынат. Буга чейин Тажикстан парламенти документти коомдук талкууга чыгарбай туруп эле кабыл алган.

Хижаб жана диний кийимдерге байланышкан маселелер Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да талкууланып келген. Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы 2023-жылдын 5-сентябрында коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартууну караган мыйзам долбоорун жактырган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG