Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Тажикстанда балдардын жарамазан айтуусуна тыюу салынды


Тажикстан.
Тажикстан.

Тажикстанда балдардын Орозо айтта жана Курман айтта үй кыдырып, жарамазан айтуусуна тыюу салган мыйзам долбоору парламенттин төмөнкү палатасында колдоо тапканын 15-майда “Азаттыктын” тажик кызматы жазды.

"Идгардак" деп аталган жөрөлгөгө расмий түрдө тыюу салган мыйзам долбоору "Каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталат. Анда Орозо айт менен Курман айтты белгилөөдөгү негизсиз жана ашыкча ысырапкорчулукка мындан ары жол берилбей турганы, таттуу жана башка белектерди тапшырууга уруксат жок экени белгиленди.

Быйыл апрель айында Тажикстандын Билим берүү министрлиги мектеп директорлоруна окуучу балдардын "идгардакка" катышуусуна тыюу салган буйругун жолдогон. Айрым мектептерде, айрыкча борбор калаа Дүйшөмбүдө ата-энелерден тилкат алышканы да маалымдалган.

Бир нече жыл мурда Тажикстандын Уламалар кеңеши "идгардак" жөрөлгөсүн шариятка жана ханафи масхабына каршы келет деп, "исламда андайга орун жок" экенин билдирген.

Бирок “Озоди" радиосуна маек курган айрым маданият таануучулар анын каада-салтка жана тажиктердин улуттук маданиятына каршы келбей турганын, тескерисинче, жылуу сезимдердин калыптанышына жана коомчулуктун ички байланышын бекемдөөгө өбөлгө болорун айтышкан.

Бийлик мындай чектөөнүн негизги максаты балдарды туура тарбиялоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу экенин айтууда.

Ошону менен катар улуттук маданиятка туура келбейт деген кийим кийүүгө тыюу салынып, үйлөнүү үлпөт жана башка тойлорду, ажылык сапардан кайтып келгендерди тосуу иш-чараларын өткөрүү боюнча да чектөөлөр киргизилди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG