Жогорку технологиялар паркынын мүчөлөрү 2024-жылы 11,4 млрд сом (130,3 млн долларды) киреше тапты. Анын 94% экспортко туура келет.
Аталган уюм тараткан маалыматта, 2023-жылы экспорттун көлөмү 7,8 млрд сом (89,1 млн доллар) болсо, былтыр ал 10,67 млрд сомго (122 млн доллар) жетип, жалпы кирешенин 93,6% түзгөн.
"2024-жылы ЖТПнын мүчөлөрүнүн саны 24,5% көбөйүп, киреше 46% өстү. Жумуш орундарынын саны 18% жогорулады", - деп жазылган маалыматта.
Уюмга 2023-жылы 383 компания мүчө болсо, учурда алардын саны 477. Парк өткөн жылы мамлекетке 304,7 млн сом (3,5 млн доллар) салык төккөн.
Аталган уюмдун жетекчиси Азис Абакировдун белгилешинче, 2025-жылдан тартып ЖТП мөөнөтсүз статусун алган.
Бүгүн, 26-мартта премьер-министр Адылбек Касымалиев Жогорку технологиялар паркына расмий иш сапар менен барды. Өкмөт башчы IT-тармагын өнүктүрүү Кыргызстан үчүн стратегиялык артыкчылык экенин белгиледи.
Былтыр Жогорку технологиялар паркы АКШнын Сан-Франциско шаарынын Силикон өрөөнүндө өз үйүн ачкан.
Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркын түзүү демилгеси көп жыл мурда сунушталып, тиешелүү мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Натыйжада ал өз алдынча түзүм катары 2013-жылдан иштеп баштаган. Ал Кыргызстандын IT компанияларын көмүскөдөн чыгаруу максатында уюшулган. Парктын мүчөлөрүнө жеңилдетилген салык режими каралган. Уюм креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө басым жасап келет. (ST)
Шерине