Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:00

ИИМ оң рулдуу машинелерди өлкөгө киргизүүгө каршы чыкты


Иллюстрациялык сүрөт. Кыргызстандагы автоунаа базары.
Иллюстрациялык сүрөт. Кыргызстандагы автоунаа базары.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) парламенттин айрым депутаттарынын өлкөгө оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө уруксат берүү сунушуна каршы чыкты. Бул тууралуу мекеменин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 26-апрелдеги жыйынында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, тыюу салынганга чейинки статистика боюнча 2015-жылы жол кырсыктарынын 33% оң рулдуу автоунаалар себеп болгон. 2021-жылы бул көрсөткү 21% түзгөн.

“Оң рулдуу автоунааларга чектөө койгондон кийин алардын катышуусу менен жол кырсыктары азайды. Азыр деле оор кесептери менен коштолгон жол кырсыктарынын себепкери оң рулдуу машинелер болуп жатат. ИИМ каршыбыз”.

Исралов учурда Армения, Абхазия жана Орусиядан келип жаткан оң рулдуу автоунаалардын саны канча экенин тактоо мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Аталган комитетте оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Демилгечилердин бири Чолпон Султанбекова соңку учурда башка өлкөлөрдөн оң рулдуу автоунаалар кирип жатканын жүйө кылып, аларды мыйзамдаштырып бажы төлөмүн алуу жана өлкөнүн автопаркын жакшыртуу керек экенин билдирди.

Буга чейин ИИМ Кыргызстанда оң рулдуу автоунаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салууну сунуштаган. ИИМдин расмий маалыматына караганда, 2022-жылдын алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда жалпысынан катталган 1366 жол кырсыгынын 456сы оң рулдуу машинелер менен болгон. Жалпысынан үч айда 110 адамдын 38инин өлүмүнө оң рулдуу машинелердин кырсыкка учураганы себеп болгону аныкталган, бул каза тапкандардын 34,5% түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG