Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев аталган өлкөлөрдөн мыйзамсыз ташылган 15 миңдей машине бар экенин, алардын 90% документи жок экенин билдирди. Жүздөгөн айдоочулар чет өлкөлүк номурлуу машинелерди мыйзамдаштырып берүүнү суранып, маселе парламентте бир нече жолу көтөрүлдү. Ал автоунаалар кандай жол менен ташылып келген жана эми көйгөй кантип чечилет?
“Баары эле айдап жүрөт дешкен”
Ушул күндөрү Абхазия, Армения номурлуу жүздөгөн автоунаа ээлеринин санаасы санга бөлүнүп турган учур. Арасында күнүмдүк нан таап жеген такси, насыяга же арзан деп бирөөдөн сатып алганы да бар. Алардын бири 10 миң долларлык абхаз номурлуу Subaru алган Таалайдын машинеси төрт айдан бери айып жайында турат.
“Мен токтоп тургам. МАИ менен Бажы кызматынын балдары келип, машиненин документин сурады. Мен эч нерсени ойлобой эле көрсөтсөм, базадан чыккан жок деп Садыгалиев көчөсүндөгү айып жайына токтотуп салды", - деди шаар тугуну.
Андан бери Таалайдын ишине машине керек болгондуктан, маселени чечүү үчүн барбаган жери, какпаган эшиги калбаганын айтат. Бир жыл мурун арзан бирок, жаңыраагын издештирип, базардан сатып алган машинесинин тагдыры белгисиз болуп турат.
“Бир-эки сапар баргандан кийин УКМКга өткөрүштү. УКМКдан бир бала чакырып, өзүм байланышка чыгам деп телефон номурумду алып калды. Насыя алып алгандар көп экен, алардын бири мен. Чынын айтканда баарыбызде эле тааныш бар да. МАИде иштеген тааныштардан сурасам, “баары эле айдап” жүрөт дешкен. Ошондуктан алгам. Мага саткан баланы эч таппай жатам. Ошол машине базарга ишемби сайын барып жаттым. Азыр базарда абхаз номурлуу машине сатпай калыптыр”, - деди айласы куруп турган Таалай.
Таалайга окшош миңден ашык айдоочу кирген Whats App тайпаларда мындай машинелерге мунапыс берилет деп үмүт кылып турушат. Тайпалардын биринде чет өлкөдөн мыйзамсыз машине ташып келгендерди аныктоо, алар 2-3 колдордон сатып алгандарын далилдөө керек экенин сүйлөшүп жатышат. Алар автоунаалардын көпчүлүгү оң рулдуу экенин, бирок жаңы жана техникалык сапаты жакшы экенин айтышууда.
Чет өлкөлүк номурдагы автоунааларды текшерүү уланат
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) 13-декабрдагы маалыматына ылайык, ушул тапта Абхазия, Орусия жана Армениянын номуру менен жүргөн 300дөн ашуун автоунаа айып кароо жайына турат. Жол инспекторлору Бажы кызматы менен бирге мындай текшерүүлөрдү улантып жатат.
Бул маселе боюнча 11-декабрда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев өткөргөн жыйында Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Улан Кимсанов буларга токтолгон.
“Армения тарап жооп берди. Ал жакта дагы бажы төлөмдөрүнөн өткөн эмес. Демек, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мыйзамсыз жолдор менен кирген. Азыр 318 автоунаа турат. Алардын 90% Армениядан келген, 80% оң рулдуу. Абхазиядан дагы бар. Орусиядан дагы мыйзамсыз автоунаалар киргени аныкталган”, - деди бажычы.
Мындай учурда чет өлкөлүк номурлуу автоунааларды үйүндө катып же өз баасынан эки эсе арзан сатууга аракет кылгандар дагы жок эмес. Өкмөт учурда алардын маселесин чечүүнүн жолдорун караштырып, бир чечимге келе элек.
“Тооккана кыласыңар...”
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев баскыч-баскычы менен мыйзамдаштыруу каралып жатканын, бирок таптакыр каттоого алынбай турган автоунаалар бар экенин эскерткен.
“Биз аларды мыйзамдаштырууну үч баскыч менен карайбыз. Биринчи - анча-мынча документи барларды карап чыгабыз. Эч кандай документи жок эле “мыйзамдаштырып бергиле” дейт. Кантип мыйзамдаштырабыз? Экинчиден, абалы жакшы автоунааларды комиссия карап чыгат. Анан такыр эле мыйзамдаштырууга болбой тургандары да бар. Аларды тооккана кылышат же кайра чет өлкөгө алып чыгып кетишет”, - деди ал.
Абхазия, Армения номурлуу машинелерди мыйзамдаштыруу, тактап айтканда Кыргызстанда транспорт катары каттоо маселеси акыркы эки-үч жылдын ичинде кайра-кайра көтөрүлүп келет. Бул боюнча ондогон айдоочулар чогулган митингдер өтүп, мыйзамдык шарттарды түзүү үчүн петиция да түзүшкөн.
Парламентте бул маселени айтпаган, көтөрбөгөн депутаттар калган жок окшойт. Айрым депутаттар белгилүү суммадагы бажы төлөмдөрүн аныктап, бир жолку мунапыс берүүнү сунуштап жүрүшөт. Эл өкүлдөрүнүн жүйөсүндө муну менен айдоочулардын маселеси чечилип, казынага дагы каражат түшөт.
Кандай жол менен ташылган жана ким жоопкер?
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон 2015-жылдан баштап оң рулдуу машинелерди алып кирүүгө тыюу салынганына карабай Абхазия, Армения жана Орусиянын номуру менен оң рулдуу жапон автоунаалары акыркы эки-үч жылда өлкөгө арбын кирди. Бул тармакты жакшы билгендердин бири анонимдүү түрдө буларды айтып берди.
“Кадимкидей эле биздин жарандар Жапониядагы акциондорго катышат. Анан порт менен Орусиянын Владивосток шаарына алып келет. Ал жактан Кыргызстандык жүк ташуучу автоунааларга жүктөйт. Алар келе жатып Новосибирск шаарынан 5000-7000 рублге Абхазия, Армения жана Орусиянын номурларын тандап сатып алып, тагып коет. Кийин Казакстанда же Кыргызстандан деле 15 миң сомдон мындай номурларды, техникалык күбөлүгүн жасап алууга мүмкүнчүлүк болуп калды. Тийиштүү органдарда, тийиштүү кызматкерлер бар. Алар машине жүктөп келе жаткан “фураны” жүгү жок деп каттап коюшат. Анан ал машинелер чек арадан мыйзамдуу өткөн сыяктуу Абхазия, Армения жана Орусиянын номурлары менен айдап жүрө беришет”, - деди ал.
Өлкөдөгү укук коргоо органдары Абхазия, Армения жана Орусия номурлуу автоунаалар аткезчилик жол менен ташылып келингени аныкталды деп айрым учурда маалымат таратканы болбосо, мындай машине менен шугулдангандар мыйзамдарды кыйгап өткөн жолдорду табышкан.
Анонимдүү булагыбыз буларды айтты.
“Машинелерди тетик катары алып кирет дегенди айтып берейин. Документ боюнча Бишкекке ал машиненин сөөгү эле келет. Бирок, ал машине бажыдан бүтүн бойдон эле кирген. Анан ал чет өлкөлүк жаңы машинеге Кыргызстанда буга чейин мыйзамдуу кирип бирок эскирип, утилизация болгон машиненин документин тууралашат. Ошентип, азыр айрым 2015-жылкы жаңы машинелердин документи 2000-жылкы эски автоунаалардыкы. Ошону куралган, тетик болуп кирген машине деп жатышат. Бул жерде машине ташып киргендер дагы мыйзамсыз киреше табышкан, аларга жол бергендер дагы күнөөлүү”, - деди булак.
Кыргызстандагыдай маселе Казакстанда дагы жаралып, алар белгилүү мезгилге чейин жеңилдик беришкен. Кыргызстандын Экономика министринин орун басары Искендер Асыкулов коңшу өлкөдөгү тажрыйба башкача болгонун билдирди.
“Ал жакта мунапыс жарыялаган. Документтерди тапшырып, Армениядан барып каттоодон чыгып келип, бажы төлөмдөрүн төлөп, андан сырткары 200 миң теңге (40 миң сом) төлөп каттоого турушкан. Азыркы учурда бизде изилдеп көрсөк бирөө дагы Армениядан каттоодон чыгып келе албайт, ал эми Абхазияны биз тааныбайбыз”, - деди.
Кыргызстанда расмий маалымат боюнча миллиондон ашык машине бар. Алардын ичинен 200 миңдейи оң рулдуу автоунаалар.
Дүйнөлүк коомчулук Абхазиянын көз карандысыздыгын Грузиянын жикчил аймагы катары тааныбайт. Ал аймакка 2008-жылы Грузия менен болгон “беш күндүк согуштан” кийин Орусия өз аскерлерин жайгаштырып, аларды көз карандысыз деп тааныган.
Тбилиси бул аймактарды Орусия басып алган деп эсептейт. Абхазияны өзүнчө мамлекет катары дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан да тааныган эмес.
Шерине