Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

2025-жылы Украинада уруш токтойбу? Тынчтык келишими кандай болот?


Украинанын президенти Владимир Зеленский өз элине жаңы жылдык куттуктоо менен кайрылууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өз элине жаңы жылдык куттуктоо менен кайрылууда.

Эгер тынчтык келишими түзүлсө эки коңшу өлкөнүн 2014-жылдан бери уланып келаткан куралдуу кармашына чындап чекит коюлабы? АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп шайлоо маалында Украинадагы урушту 24 саатта токтоторун айткан. Ал убадасынын өтөөсүнө чыгабы?

Согуштун алгачкы эки аптасында эле Орусиянын Украинаны толук баш ийдирип алуу аракети оңунан чыкпагандан кийин эки жылдын ашуун созулган кан күйгөн кармаштын жакында бүтөрүнөн күмөн санагандар көп.

Соңку айларда жагдай өзгөрдү. Ага майдандагы кырдаал, АКШда Трамптын кайра президенттикке шайланышы менен коомдук пикирдин өзгөрүшү сыяктуу факторлор себеп болду. 20-январда Ак үйдө кызматка кирише турган Трамп Европада тутанган от күйгөн кармашты бир же эки сутканын ичинде токтоторун айткан.

2025-жылы Украинада уруш токтойбу?

Көптөгөн аналитиктер согуш токтосо дагы чыныгы тынчтык келишими түзүлбөйт деп санашат. Кандайдыр бир деңгээлде мунун жүйөсү Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинада Москванын үстөмдүгүн калтыруу тууралуу ачык эле билдирүүлөрүнөн байкалат. Мындай шартты Киев жана анын сырттагы өнөктөштөрү кабыл албайт.

Эксперттер белгилегендей, Путин Орусиянын Украинага такай коркунуч жаратып, Батышка сес көрсөтүп туруусун каалайт.

Эгер Украинанын кайсы бир аймагы Орусияга өтүп, Москва тынч жаткан коңшусуна жана анын калкына жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартылат деген үмүт аткарылбай турган болсо украиндер андай тынчтык келишимин каалашпайт.

"Бул согуш жакында бүтпөйт", - дейт Лондондогу Эл аралык стратегиялык иликтөөлөр институтунун Орусия жана Евразия боюнча эксперти Найжел Гулд-Дэвис.

Ошол эле маалда ок атышууну токтотуу Трамптын согушту тез арада басуу убадасын эске алганда ишке ашчудай болуп турат. 2022-жылы согуш башталгандан кийинки майнапсыз сүйлөшүүлөрдөн айырмаланып бул ирет аракет оңунан чыкчудай таасир калтырат.

"[Трамп] орусиялыктарды да, украиндерди да аны менен жана бири-бири менен сүйлөшүүгө мажбурлай алышы ыктымал" - деди Crisis Group тобунун Европа жана Борбор Азия программасынын директору Ольга Оликер.

"2025-жылы де-юре болбосо да де-факто ок атышуу токтогонуна, кайсы бир деңгээлдеги жашыруун жана ачык сүйлөшүүлөргө күбө болобуз" - деген пикирин Лондондогу Падышалык коллеждин алдындагы Орусия институтунун профессору Сэм Грин билдирди.

Украинанын жери жана коопсуздугу

Ок атышууну токтотуу опурталдуу да болушу ыктымал. Анткени Орусия ал маалда болгон күчүн кайра топтоп алып, Украинаны коргоо жана Орусияны ооздуктоо үчүн эффективдүү чаралар көрүлбөсө Москва кайрадан кол салышы мүмкүн.

Ошондой эле кандай гана макулдашуу болбосун, толтура тоскоолдуктар бар. Алардын айрымдары жаңжалдын маанилүү жагдайлары боюнча келишкистей болгон көз караштарга барып такалат.

Анын бири өлкөнүн территориясы. Ок атышууну токтотуу макулдашуусу мурдагыга караганда азыр ишке аша тургандай кыязда. Оликер белгилегендей, соңку маалда майдандагы орус күчтөрү жай, канчалык кымбатка турса дагы туруктуу алга жылып баратса, Украинанын армиясы "чарчап-чаалыгып, артка чегинип жатканы" көрүнөт. Андыктан учурда Киев Орусия оккупациялап алган аймактарды убактылуу жана бейрасмий негизде Москванын көзөмөлүнө берүүгө көнүшү да ыктымал.

Бирок Путин аны менен эле токтоп калбашы мүмкүн. Ал башында турган орус расмийлери Украинанын материктик бөлүгүндөгү төрт облусун, анын ичинде Украина көзөмөлдөп турган райондорду кошуп, Орусияныкы деп таануу талкууланбай турган маселе экенин айтып жүрүшөт. Киев андай көз карашты кабыл албайт.

Дагы бир тоскоолдук - Украинанын коопсуздугу үчүн олуттуу, эффективдүү кепилдиктин зарылдыгы.

Орусия Украинанын НАТОго мүчө болуп киришине карманча каршы. Москва согушту алдын алуу шарты катары Киевден эч качан аскердик альянска мүчө болуп кирбей турганын расмий бекитүүнү талап кылган. Аналитиктер Кремль дагы деле кандай гана макулдашуу болбосун, аны Киевдин Батыштын аскердик блогунун виртуалдуу мүчөсү болгондой кабыл аларын белгилешет.

Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү "маңызы окшош, бирок формасы башкача болгон кызматташуунун жолун тапкан күндө дагы Путин андайды кабыл албай турганын ачык билдирет", - дейт Гулд-Дэвис.

Эки тарапты тең ынандырган коопсуздук кепилдиктерин табуу "өтө эле татаал болорун" эксперт белгилейт.

"Путиндин жеңиш теориясы"

Соңку апталарда Украинада ок атышуу токтосо Батыштын аскер күчтөрүн жиберүү тууралуу сунуш талкуунун чордонуна айланды. Бул боюнча Европанын өзүндө да бир пикир жок. Орусия чет элдик аскерлердин Украинага киришин колдобойт.

"Ок атышууну токтотуу режиминин сакталышына Батыштын армиясы, анын ичинде НАТОнун күчтөрү көз салып турганын Кремль көргүсү келбейт. Орусия демилгени колдон чыгарбай, эгер эскалация болуп кетсе кырдаалды өзү көзөмөлдөгүсү келет" — дейт Грин.

Орусия майданда улам алдыга жылып, ар кандай божомолдорго карабай анын экономикасы кыйроодон алыс экенин, Батыштын Украинага берчү жардамы бүдөмүк экенин эске алган шартта жогорудагыдай перспектива реалдуулуктан алыс экени сезилет.

"Ушул тапта [Путин] өзүнүн жеңиш теориясы далилденип жатат деп санайт. Орусия узак мөөнөттөн алып караганда эбегейсиз жана кубаттуу өлкө болгондуктан чакан коңшусу Украинаны согушта жеңип, саясий айдыңда Батышка туруштук бере алат" - деп санайт Гулд-Дэвис.

"Трамптын администрациясы Путиндин келечекке болгон көз карашына таасир этип, өзгөртүшү мүмкүн. Эгер Вашингтон Путинге чындап олуттуу басым жасап, согушту улантууга көмөк көрсөтөрүн билдирип коркутса, анда Путинди өзүнүн режими коркунучка кабыларына ынандырмак, — дейт эксперт.

Трамп согушту токтоторун гана айтпастан, Украинага берилип жаткан жардамды Киев менен Москвага таасир этүүнүн куралы катары колдонорун эскерткен.

Путин азырынча Трамптын кызматка киришүүсүн күтүп турган чакта бир эле учурда эки башка сигнал берип, эки оюн ойноп жаткандай. Бир жагынан Орусияны конструктивдүү, тилге көнчүдөй көрсөтүп, ошол эле маалда Киев жана Батыш кабыл алган кандай гана макулдашуу болбосун, ага бут тосот.

19-декабрдагы төрт саатка созулган түз эфирде Путин Орусия Украина маселеси боюнча компромисске даяр экенин билдиргени менен ошол эле маалда бир катар маселелерди айтканы анын тескерисин далилдейт.

"Согушка байланган"

Путин бир жагынан Украинанын президенти Владимир Зеленскийди легитимдүү эмес лидердей көрсөтүп, аны менен тынчтык макулдашуусуна кол койбой турганын ишарат кылган.

Ошол эле маалда Украинада уруш башталгандан кийин бир нече айдан кийин Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурардан бир аз мурун кабыл алынган Стамбул коммюникеси деп аталган макулдашуусу кандай гана сүйлөшүү болбосун негиз болуп берерин айткан.

Орусия боюнча эксперт Марк Галеотти "ал бул процессти мүмкүн болушунча татаалдаштырып, ошол эле маалда канчалык ийкемдүү кылып жаткандай таасир калтыргысы келет", - деп чечмелейт.

Грин белгилегендей, Москва коңшусун коркутуп, Батышка каршы турумун сактап каларына Путин ишенсе гана Орусия Украинада зордук-зомбулукту жана ок атышууну токтотот:

"Орус экономикасы согуш үчүн гана иштеп турат. Орусиянын саясий системасы согушка гана байланган. Ал репрессиялардын, идеологиялык көзөмөлдүн деңгээлин согуш менен түшүндүрүп актайт. Орусия ок атышууну токтоткон күндө дагы Украина жана Батыш менен азыркы тирешин сактап калууга умтулат".

Пропаганданын көз карашынан алганда "Путин жана Кремль жалпысынан риторикалык маневр үчүн жетишерлик айдың түзүп алышты. Алар жеңишти, керек болсо убактылуу жеңишти, жарым-жартылай жеңишти ар кандай жолдор менен жарыялай алышат" - дейт Грин.

"Олуттуу ката"

Ольга Оликердин пикиринде, Орусиянын аймактык жана башка маселелер боюнча койгон суроолору эгер сүйлөшүүлөр башталса тынчтык макулдашуусуна жетишүүгө бөгөт боло албайт.

"Эң башкы артыкчылык - сүйлөшүүлөрдү баштоо. Ошондо тараптар ага чейин айтылбаган нерселер боюнча ыкка көнүп, макулдаша алат. Адатта, баары болушунча өз кызыкчылыгын коргошот, башкача кандай болмок эле", - дейт ал.

2025-жылы тынчтык макулдашуусуна кол коюлбай калышы да мүмкүн. Эгер сүйлөшүүлөр өтүп, макулдашууга жетишилсе аналитиктер Батыш өлкөлөрүнө кыраакы болууга кеңеш берет.

"Ок атышууну токтотуу тууралуу кандай гана макулдашуу болбосун, Европанын реакциясы - европалыктардын өздөрү, ошондой эле украиналыктар үчүн өтө маанилүү" - деди Лондондогу Падышалык коллеждин аскердик кафедрасынын эксперти Рут Дейермонд.

"Көптөгөн өлкөлөр өз ичинде саясий олку-солку [көбүнчө Орусия от чачкан] кырдаалга туш болуп жаткандыктан, жаңжалдын аяктаганы жарыяланса Орусия менен алакасын кайра жандандыруу үчүн азгырыкка кирип кетиши мүмкүн. Бул өтө чоң ката болот. Орусия Европанын коопсуздугуна өтө олуттуу коркунуч келтирүүдө" - дейт эксперт.

Макаланын автору: Стив Гуттерман

Шерине

XS
SM
MD
LG