Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Чек ара: Кыргыз, өзбек жана тажик өкмөт башчылары кесилиште кездешти


Адылбек Касымалиев, Абдулла Арипов, Кохир Расулзода. 8-январь, 2025-жыл.
Адылбек Касымалиев, Абдулла Арипов, Кохир Расулзода. 8-январь, 2025-жыл.

Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкмөт башчылары үч өлкөнүн чеги кесилишкен жерде жолугушуп, чек аралардын такталышын символикалуу түрдө белгилешти.

Алар мындан ары өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды күчөтүү жөнүндө сүйлөштү.

Үч өлкө чек араларын узак жылдар бою чече албай келип, соңку эки жылда гана чекит коюшту. Адистер бул жагдай чөлкөмдүн өнүгүшүнө импульс берерин белгилешүүдө.

Чек ара тогошкон жердеги кездешүү

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун жана Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын 8-январдагы үч тараптуу жолугушуусу Баткен, Фергана жана Согд облустарынын аймактарындагы үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын тогошкон чекитинде өттү.

Кыргызстандын Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу. 8-январь, 2025-жыл.
Кыргызстандын Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу. 8-январь, 2025-жыл.

Кыргыз өкмөтүнүн сайты кабарлагандай, үч мамлекеттин өкмөт башчылары өлкөлөр соода жана логистикадан тартып суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга чейин негизги тармактарда кызматташтыкты күчөтүү үчүн эбегейсиз зор потенциалга ээ экендигин белгилешти. Алар бул үчүн чек ара маанилүү роль ойной турганын айтышты.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул жолугушуунун маанисине токтолду:

Адылбек Касымалиев
Адылбек Касымалиев

“Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык биргелешкен жана конструктивдүү аракеттер менен гана биздин чөлкөмдү туруктуу өнүктүрө ала турганыбызды айгинелеп турат. Бүгүн өлкөлөрүбүздүн мамилелерин жакындатуу үчүн бардыгыбыз бирдей умтулуп жатабыз. Биз өзүбүздүн алдыбызга чек араларыбызды кызматташтык, ишеним жана ачыктык мейкиндигине айлантууга максат коюп олтурабыз. Биздин чек аралар элдерибизди жакындаткан, достугубузду жана тынчтыкты чыңдоочу көпүрө болуп калсын. Бүгүнкү отурум элдердин жана өлкөлөрдүн жыргалчылыгы үчүн аймактын келерки ондогон жылдардагы тагдырын алдын ала аныктай турганына ишенебиз”.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан – үч өлкө тең эгемендикти 1991-жылы алганы менен, дээрлик отуз жылдай мезгилде чек араларын такташа албай келишкен. Буга СССР түзүлгөн маалдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүүнүн татаалдыгы жана ошондо чийилген карталар себеп болуп келген.

Өзбекстан жана Тажикстан узак талаш-тартыштан кийин чек араларын делимитациялоо 2019-жылы бүткөн. Демаркация иштери дале уланууда.

Кыргызстан менен Өзбекстан да канча жылдан соң чек ара келишимдерин 2022-жылы кабыл алып, парламенттердин ратификациясынан өтүп, 2023-жылы грамоталар алмашылды. Деген менен мында да демаркациялоо жумуштары бүтө элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо соңку жылдары өтө татаалдашып, 2021-жылы жана 2022-жылы куралдуу кагылышка да алып келди. Бул окуялардан соң Бишкек чек арасын бир тараптуу жаап, ошондон кийин гана тактоо иштери алдыга жылды. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумуш топтору бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин 2023-жылы декабрда аяктады. Бирок соңку келишимге кол коюла элек жана аны парламенттер ратификациялай элек.

Үч премьер-министрдин кездешүүсүндө мына ушул жагдайлардын позитивдүү жагы белгиленди.

Үч өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу өткөн чек аралардын кесилиши. 8-январь, 2025-жыл.
Үч өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу өткөн чек аралардын кесилиши. 8-январь, 2025-жыл.

Расмий маалыматта алдыда үч мамлекеттин президенттери да кездешери кабарланды. Бирок лидерлердин жолугушуусу качан өтөрү такталган жок.

Саясий тирештер жана болочок кызматташтык

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан эгемендик тарыхында эл аралык уюмдардын алкагында да, жекеме-жеке да өз ара мамилелерин чыңдап, өнүктүрүп келишкен. Ошол эле маалда чек араларды тактоого, соода, энергетика жана башка маселелерге байланыштуу талаш-тартыш жана саясий тирештерди да баштан кечиришкен.

Маселен, Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосунда Өзбекстандын Фархад ГЭСине же Тажикстандын Рогун ГЭСине байланыштуу карама-каршылыктар болгон.

Өзбекстан 2005-жылы өзүнүн аймагындагы Анжиян окуясынан кийин, Кыргызстандагы 2010-жылкы “Апрель окуясынан” жана “Июнь окуясынан” соң кыргыз тарап менен чек арасындагы көп түйүндөрдү жапкан.

2016-жылы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов көзү өтүп, бийлик башына Шавкат Мирзиёев келген соң ал Тажикстан менен да, Кыргызстан менен да мамилесин жакшыртканга өткөн. Чек ара тилкелерин тактоону жана каттоону жеңилдетүү да ошондон кийин оңолду десе болот.

Талдоочу Эдил Марлис уулу чек ара маселесинин чечилиши мамилелерди жакындатууга салым кошконун белгилеп, бирок карым-катыш дале тереңдей электигине токтолду:

Эдил Марлис уулу
Эдил Марлис уулу

“Бул азырынча символикалык мааниде десек туура болчудай. Өзбекстан менен Тажикстан мамилесин оңдоп келатканына он жылга жакындап баратат, бирок толук жолго коюла элек. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы экономикалык мамиле соңку кандуу окуялардан кийин токтоп калды десек да болот. Менимче, андагы карттын баары кетип, жаралар айыгып, мамиле толук калыбына келишине дагы бир топ жыл керек. Чек ара боюнча акыркы келишимдер кабыл алынып, мамилелер оңолсо, баарыбызга эле жакшы болот. Бирок мен эмне үчүн бул жолугушууну “символикалык” деп жатам? Анткени буга чейин Борбор Азиядагы беш мамлекет – Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан лидерлеринин ортосунда достук келишимин кабыл алуу аракети болуп, ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан гана кол койгон. Түркмөнстан кол койбогонун өзүнүн нейтралдуулук саясаты менен түшүндүрүп келет. Ал эми Тажикстандын позициясы дагы деле так эмес. Эгер Тажикстан ошол келишимге кол коюп, азыркы трио квартетке айланса, анда Тажикстан оюн шарттарын кабыл алды, мындан ары Борбор Азиядагы мамлекеттер менен мамилесин түздөп, кызматташууга даяр деп айтсак болот. Азыр эми премьер-министрлердин деңгээлиндеги жолугушууну экономикалык деп мүнөздөп турсак болот. Эгер мындай үч тараптуу, балким, төрт же беш тараптуу жолугушуулар президенттердин деңгээлинде өтүп, саясий жана коопсуздукка байланыштуу билдирүүлөр жасалса, анда башка маселе. Ошондуктан мен президенттердин жолугушуусун күтүп, ошондон кийин бир жыйынтык чыгармакмын. Премьер-министрлердин жолугушуусун ошого даярдык жана чоң бир иштердин башталышы катары болжоп туралы”.

Кыргызстан он жылдан бери Евразия Экономикалык Биримдигинде мүчө болсо, Өзбекстан менен Тажикстан ага кирбейт. Бирок бул ортодогу сооданы көбөйтүүгө тоскоол болгон жок. Маселен, акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода көрсөткүчү алты эсе көбөйгөнү расмий маалымдалган. Бирок мында Өзбекстандын соодасы көбүрөөк артыкчылыкка ээ экени белгилүү.

Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасы жабык турат. Бирок чек ара макулдашуусуна толук чекит коюлса, ал да кайра ачылышы керек.

Адистер мына ушундан соң соода-экономикалык мамилелерди күчөтүү такталган оюн-эрежелери менен жүрүшү керектигин, бир тарап экинчи тарапка үстөмдүк кылбашы туура болорун белгилешет.

“Легендарлуу парламенттин” депутаты, академик Жамин Акималиев мындай деди:

Жамин Акималиев
Жамин Акималиев

“Менин оюмча, Садыр Жапаровдун президент болуп келгендеги эң чоң жеңиши Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны чечкендиги болуп саналат. Албетте, Кыргызстан бул өлкөлөр менен өз-өзүнчө деле мамиле кыла берсе болот. Бирок үч өлкөнүн өкмөт башчыларынын бир жерде жолугушуусу үч мамлекет алдыга бир максат коюп жаткандыгынан кабар берет. Мунун ичинде Өзбекстандын экономикасы кубаттуу, элинин саны 40 миллионго жакындап калды. Бирок алар коңшулары менен мамиле курууда “чоңдук” менен үстөмдүк кылууга аракет жасоонун арты туура эмес жыйынтыктарга алып келерин аңдап турса керек. Тажикстандын бийлиги деле соңку кагылыштардан кийин акылына келсе керек. Ошондуктан мындай үч тараптуу мамилелер, ага негизделген соода алака да тең ата мамиледе жүрүшү керек жана ар бир өлкөнүн кызыкчылыгы сакталышы зарыл. Айталы, эрте жазда Кыргызстандын түштүк облустарын Өзбекстан тараптан чыккан жашылча-жемиш басып кетип, нааразылык чыккан учурлар бар эмеспи. Эгер жазда өзбек дыйкандары бизге жашылча сатып жатышабы, анда бизде көбүрөөк өндүрүлгөн картошканы Өзбекстанга сатуу жолго коюлуп, ага тоскоолдук коюлбашы керек. Тажикстан же Өзбекстан биздин мал же эт азыктарыбызга кызыгат, демек, биз ошону аларга сатышыбыз керек, алардын да бизге керектүү товарын сатуусуна тоскоолдук кылбашыбыз зарыл. Айтор, мына ушундай жагдайлар эске алынышы шарт. Соода эрежелерин жана мыйзамдарды сактап, алака кылгыдай болушубуз керек”.

Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Казакстан лидерлери акыркы жылдары Кытай, Орусия, АКШ жана Европа Биримдигинин лидерлери менен чогуу “Борбор Азия+1” форматындагы саммиттерди өткөрүп келатат. Айрым эксперттер муну чөлкөмдөгү беш мамлекеттин чогуу бир күч болуу аракети катары мүнөздөп жүрүшөт.

Бирок бул өлкөлөрдүн ортосунда чек ара, суу-энергетика жана жүк ташып өтүүдөгү тоскоолдуктар боюнча ич ара дооматтарга чекит коюла элек. Андыктан соңку жолугушуу мына ушундай көйгөйлөрдү “сүйлөшүү менен чечүү мүмкүн” деген ишарат сыяктуу болду.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG