41 жаштагы Сайфиддин Тажибаев Тажикстандын Согд облусунун Спитамен районунун тургуну. Ал "Жамаат ат-Таухид вал-жихад" диний тобунун аскердик канатынын командири болгон жана "Хайят Тахрир аш-Шам" тобу (АКШда жана бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган) менен бирге Сириянын мурдагы башчысы Башар Асаддын өкмөтүнө каршы согушкан. Бул топтун катарындагылардын көбү Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган согушкерлер экени айтылып келет.
"Хайят Тахрир аш-Шамдын" ичиндеги тажик блогерлер 3-январда социалдык тармактардагы баракчаларында Тажибаев Сириянын жаңы өкмөтүнүн Коргоо министрлигиндеги оперативдүү штабдын командачысы болуп дайындалганын жазып чыгышты.
Тажибаев блогерлерге жаңы кызматта иштей баштаганын айткан.
8-декабрда Башар Асад өлкөдөн качып кеткенден кийин түзүлгөн Сириянын жаңы өкмөтү бул кабарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
31-декабрда "Рейтер" агенттиги өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө чет элдиктер бекем позицияларды ээлей баштаганын кабарлаган. Маалымат агенттигине маек курган булактын айтымында, Сириянын жаңы Коргоо министрлигиндеги 50 жогорку макамдын алтоо чет элдиктерге берилген.
5-январда "Азаттыктын" тажик редакциясы "Озоди" радиосунун Тажикстандын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булагы расмий Дүйшөмбү Тaжибаевдин кызматка дайындалганынан кабардар экенин билдирди.
"2013-жылдан бери Тажибаев бир тууганы менен Сирияда террордук топтордун катарында согушуп жүргөн. Ал бир канча кишини террордук топтордун катарына тарткан. Ага карата иш козголуп, издөөдө жүрөт", - деди "Озоди" радиосунун булагы.
Тажикстандын Улуттук банкынын сайты Тажибаевди терроризмге айыпталган адамдардын тизмесине киргизип, алар менен каржылык операцияларга тыюу салган.
"Хайят Тахрир аш-Шам" тобунун блогерлери бул дайындоодон кийин Тажибаевге полковник наамы ыйгарылганын жазышты. Бирок анын Сириянын жарандыгын алган-албаганы белгисиз.
Тажикстандын мамлекеттик маалымат каражаттары Тажибаев мекендештерин чет өлкөлөрдөгү согушка жалдап жүргөнүн жазышкан.
Сирияга кеткенге чейин ал Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" мүчөсү болгон. 2012-жылы партиянын Спитамен районунда жетекчиси болуп, кийин бул кызматтан кеткен.
Мурда парламентте да депутаттары болгон "Ислам кайра жаралуу партиясы" 2015-жылы "экстремисттик" деп табылган. Жетекчилери камалып же чет өлкөгө качып кеткен. Партия лидерлери тажик бийлигинин бул чечимин негизсиз деп эсептешет.
Тажик бийлиги 2013-2017-жылдар аралыгында эки миңден ашык жараны Сирия менен Иракка кеткенин билдирген. Алардын көбү "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында болгон, бирок кийинчерээк ал топ талкаланган.
"Хайят Тахрир аш-Шамда" согушкан тажиктер негизинен 2015-жылдан бери бул топ көзөмөлдөгөн Идлиб провинциясында жашашат. Расмий Дүйшөмбү Идлибде 400гө жакын тажик жараны согушуп жүргөнү тууралуу маалымат бар экенин белгилеген.
Сирияда согушка катышкан борбор азиялыктар
Буга чейин "Эркин Европа/Азаттык" радиосу Сириянын аймагында тартылганы аныкталган, социалдык тармактарда тараган айрым видеолорду изилдеген. Анда Сирияда бийликти кулаткан "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал тобунун катарында борбор азиялыктар согушуп жүргөнүн көрүүгө болот.
Журналисттер кайсы жерде тартылганын тактаган тасмалардын биринде Сириянын экинчи чоң шаары Алепподон 30 чакырымдай түндүк-батышта жайгашкан Дейр-Семаан шаарындагы христиандардын диний имаратынын жанында да аскердик кийимчен ондогон жоочуларды көрүүгө болот.
Видеодо тажик тилинде сүйлөгөн киши алардын тобу "каапырлардын" жерин басып алганын айтат. Бул видео 3-декабрда тартылган.
Тажикче сүйлөгөн кишинин кайсы топтун катарында согушуп жүргөнү белгисиз. Алсак, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан баргандар "Хайят Тахрир аш-Шам" менен байланышы бар делген "Катибат ал-Имам Бухари" жана "Катибат Гураба ал-Түркстан" сыяктуу бир нече чакан топтордун катарында согушат.
"Озоди" радиосу менен байланышкан, атын атагысы келбеген Тажикстандын атайын кызматынын өкүлү расмий Дүйшөмбү Сирияда тартылган тажиктердин видеолоруна "өтө тынчсызданып", аларды "убакыт бомбасына" салыштырып жатканын билдирген.
Батыш өлкөлөрүнүн министрлери Дамаскка барды
Чейрек кылым башкарган Башар Асаддын авторитардык режими кулагандан кийин "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал тобу өлкөнүн басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турат.
Убактылуу өкмөттүн башына Мухаммед ал-Башир келген. Ал өткөөл өкмөттү 1-мартка чейин жетектерин Сириянын мамлекеттик медиасы 10-декабрда билдирген. Аны "Хайят Тахрир аш-Шамдын" лидери Ахмед ал Шараанын (Абу Мухаммед ал-Жулани) жакын санаалашы деп аташат.
Ал тапта Батыш мамлекеттери акырындан Сириядагы де-факто бийлик менен байланыш түзө баштады. Декабрдан бери Дамаскка АКШнын өкүлдөрү, Түркиянын, Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери барды.
3-январда Германиянын жана Франциянын тышкы иштер министрлери Анналена Бербок менен Жан-Ноэл Барро Дамаскка барып, Ахмед ал-Шараа менен жолугушту.
Алардын сапары Еврошаркеттин атынан жаңы лидерлерди таанууга ачыктыгын билдирип, адам укуктарын, анын ичинде азчылыктардын укуктарын коргоого жана бийликти тынч өткөрүүгө чакырууга багытталган.
Жолугушуу Дамасктагы Элдик сарайда өтүп, бирок алардын эмне жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу маалымат айтыла элек.
"Биз "Хайят Тахрир аш-Шам" тобунун идеологиясы каяктан чыкканын, буга чейин эмне иштерди жасаганын билебиз", -деген Бербок Сирияга сапарын утурлай. Ал ошондой эле алака аймактагы радикал топтор жана экстремизм жок кылынганда гана жандана турганын баса белгиледи.
Министр Барро Дамаскта 2012-жылдан бери жабык турган Франциянын элчилигине барды. Ал Париж дипломатиялык алакаларды калыбына келтирүү боюнча иштерин айтты.
Сирия менен 2012-жылы дипломатиялык алакасын үзгөн түрк бийлиги 14-декабрда Дамасктагы элчилиги кайра ачылганын жарыялаган. Анын ачылышына Түркиянын чалгын кызматынын жетекчиси Ибрагим Калын өзү барып катышкан.
22-декабрда тышкы иштер министри Хакан Фидан да Дамаскка барып, Ахмед ал-Шараа менен жолугушкан.
Белгилей кетсек, Сирияды жарандык согуштан качып, Түркияда баш калкалаган качкындардын саны үч миллионго жакын экени расмий кабарланган.
2024-жылдын 8-декабрынан бери Түркия, Иордания, Ливан өлкөлөрүнөн 115 миң сириялык мекенине кайтып барганын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттиги кабарлады.
Качкындар агенттигинин 2-январдагы маалыматында, Сириянын ичинде жер которгон 664 миң адамдын көпчүлүгү Алеппо жана Идлиб провинцияларында жашайт. Алардын 75% аялдар.
11-декабрда Түркия бийлиги 3 миллионго жакын качкынды мекенине коопсуз жол менен жөнөтүүнү көздөй турганын, Сирия менен чек арадагы үч өткөрмө бекет 11 жылдан кийин кайра ачылганын билдирген.
Шерине