Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:35

Миграция: Жаштарды сыртка чыгарууда жана өз мекенине кайтарууда кандай саясат керек?


Рафис Абазов
Рафис Абазов

Биз тездик менен өзгөрүп жаткан глобалдашкан дүйнөдө жашап жатабыз. Дүйнө жүзүндө 280 миллиондон ашуун киши же Жер бетиндеги калктын 3,65% мигрант болуп бөтөн элде жүрөт. Жакшы жашоо издеп, сыртка кеткендер аларды кабыл алган өлкөлөрдүн жана өз мекенинин экономикасына эбегейсиз салым кошот. 

Улуттар Уюмунун "Жаңы Жибек Жолу" академиялык өнүгүү программасынын аткаруучу директору, илимдин доктору Рафис Абазовго кайрылып, миграция жараянындагы соңку тенденциялар, глобалдык агымга кошулган жаштардын ролу тууралуу суроолорду узаттык.

- Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн миграцияга кетип жаткандар негизинен жаштар. Соңку маалда миграция жараянында кандай тенденциялар байкалууда? Оболу сөздү ушундан баштайлы.

- Бул маселенин түпкүрүнөн карап, үч факторго көңүл бурмакмын. Биринчи – демография. Соңку 20-25 жылда Борбор Азияда демографиялык секирик болду, Кыргызстанда, Өзбекстанда, өзгөчө Тажикстанда төрөттүн деңгээли эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Казакстанда да бул тенденция байкалган. Мына ошол жаш муун - көп сандагы жаштар 3-4 жылдан бери эмгек базарына кирип жатат. Бул биринчи фактор.

Экинчи фактор – маданий-агартуучулук. Ошол эмгек базарына күрүлдөп кирип жаткан муун башкача билим алып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө жолунда. Алар башка, жаңы баалуулуктарды таанып-билип өстү. Бул муун 20-кылымды билбейт, мурдагы саясий система менен тааныш эмес. Аларда жакшы жашоого, жакшы ишке умтулуу күч.

Үчүнчүдөн, албетте, алар эмгегинин туура бааланышын, жасаган ишине жараша төлөнүшүн талап кылганды билет. Карьералык жактан өспөсө кескин нааразылыгын билдирет. Кимдир бирөөнүн жердеши же кайсы бир кландан чыкканы жана башка ушул сыяктуу "артыкчылыктары" бар үчүн алга сүрөгөнүн көрсө, ага унчукпай коё албаган муун жетилди.

Мына ушул факторлор Борбор Азиядагы жаштардын миграциялык маанайына катуу таасир этет.

- Борбор Азиянын өлкөлөрү өзүнүн жаштарына сиз белгилегендей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, ошол нукта алардын керектөөсүн канааттандыра турган саясат жүргүзө албай жатабы?

— Мен андай ойго кошулбайт элем. Мындай эски икая бар го – стакандын жарымында суу бар, жарымы бош деген.

Борбор Азиянын ар бир өлкөсүндө, айрыкча баш калааларында өзүн жагымдуу шартта сезген жаштар бар. Алар аз, тилекке каршы, өтө чакан топторду түзөт. Мен Бишкекке барып турам, жакында эле Ташкентте болдум, Алматыдагы бизнес-долбоорлорго, стартаптарга, инновациялык долбоорлорго, социалдык инновациялар боюнча жаштардын чогулуш-жыйындарына катышып турам.

Ал жерлерде жаштар өз ишинин өтөсүнө чыга алат. Андай жерлерде айлык акы өтө жогору болбосо да, жаштар өздөрүнүн акылын, жөндөмүн көрсөтө алышат. Ооба, бул ишкердик, инновация, социалдык инновация жана стартаптар айкалышкан, жаштар өз ордун таба алган жерлер.

Ырас, бул көрсөткүч анчалык жогору эмес. Жаштардын 10-12%, эң көп болгондо 20% деп аймакчымын. Мына ошол жаштар өз ордун таап, өз пикирлештери менен жагымдуу шартта жашайбыз деп сезишет.

Бирок ошол эле учурда турмушта өз ордун таба албаган, өз жөндөмүн көрсөтө албаган калың катмар турат.

Алар адатта чакан шаарлардан, айыл-кыштактардан келген, чоң шаарда өскөн курбалдаштарына компьютердик, инновациялык жана башка ушул сыяктуу тармактарда жөндөмдөрү боюнча атаандаш боло албаган жаштардын катмары. Мына ошол катмар, жаштардын болжол менен 15-20%, өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүн, келечегин сырттан издеп, глобалдык эмгек миграциясынын агымына кошулат. Андыктан кандай саясат жүргүзүлбөсүн, өз мекенинде орун-очок таба албаган ошол 20% башка өлкөлөргө жол тартат.

- Соңку учурда бул 20% жаштардын багыты кандай өзгөрдү? Ага кандай факторлор таасир этип жатат?

- Жаштардын басымдуу бөлүгү азыр Жакынкы Чыгышка багыт алганы байкалат. Мен өзүм эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган жаштардын көпчүлүгүн Дубайдан, Араб Эмирликтеринен, Сауд Арабиясынан жана башка Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн кезиктирдим. Сонку кезде өтө көп сандагы жаштар Европага чыгып жатат.

Албетте, мигранттардын калың катмары Евразия мейкиндигинде жүрөт. Ошол эле Орусия Федерациясына, Казакстанга, Ыраакы Чыгышка, андан ары Түштүк Кореяга чейин агылгандар бар. Мен бул жерде оболу географияга эмес, базар талабына көңүл бурар элем. Жаштар барып кошулган эмгек рыногуна, өзүнүн жөндөмүн, билимин пайдаланып, өзү канааттагандай жашоо тапканына көңүл бурмакмын. Андай мүмкүнчүлүк жоголгондо, алар башка аймактарга жер которуп кетишет.

- Албетте, Борбор Азиядан эмгек мигранттары эң көп барган өлкө – Орусия. Украинадагы Москванын согушу мигранттардын жашоосуна опол тоодой оорчулук жаратып, улам катаалдашып баратат. Бул кырдаалды кандай өзгөртөт? Эмнени байкап жатасыз?

- Мен бул жараянга глобалдык алкактан карамакмын. 21-кылым тынчтыктын, технологиялык революциялардын, маалыматтык жаңылануунун доору болот деп күтүлгөн. Глобалдык көйгөйлөрдүн, регионалдык маселелерди чечүүнүн жолдорун табууда адамдар кыраакы болот деп күтүлгөн. Жашоо бейпил болуп, дүйнө өнүгүү жолунда болмок. Бирок, тилекке каршы, мындай божомолдор ишке ашкан жок. Жаңжалдар токтогон жок, Африка жана Жакынкы Чыгыш тынчыган жок.

Евразия чөлкөмүндө чыр-чатактар азайганы менен, Түштүк Азияда кырдаал кооптуу. Бул глобалдык тенденция мигранттардын кошумча агымын жаратууда. Алар өз аймагынан чыгып кетүүгө мажбур болууда.

Ошол эле учурдар аларды кабыл алган өлкөлөрдүн тизмеги кеңейди. Алар эмгек мигранттары, саясий качкындер келгенин көрүнүп турат. Ал агым менен жаңы коомго аралашууга каалоосу жоктор дагы келип жатат. Андыктан дүйнөлүк тенденцияны алсак, Орусия Федерациясы, Чыгыш Европа, Батыш Европа, Британия, АКШ жана Канада мигранттарды кабыл алуунун жол-жобосун катаалдаштырып жатат. Айрымдары өтө кескин чараларга барса, башкалары жумшагыраак талаптарды коюуда. Кантсе да, бардык өлкөлөр эмгек мигранттарын жана башка келгиндерди кабыл алуу жол-жобосун кайрадан караштырып жатат.

- Мындай өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө мигранттар кантип жайлуу орун табат? Миграция дүйнөлүк базарда мунай сыяктуу эле экономикалык инструмент деп айтсак канчалык негиздүү болот?

- Сөзүбүздүн башында социалдык-маданий фактор тууралуу айтканбыз. Көптөгөн жаштар ата-энеси турган, өздөрү өсүп чоңойгон үйдү таштап кетүүгө даяр. Башкача айтканда бул жерде социалдык-маданий жана экономикалык факторлор турат. Ооба, экономикалык жагы басымдуулук кылганы менен, социалдык-маданий жагынын дагы мааниси чоң. Эгер жаштардын социалдык жетилүүсүнө жол ачылбаса, өз ордун табууга мүмкүнчүлүк берилбесе, жаштар өздөрү кызыккан ишке кире албаса, кайсы бир кланга же адамдардын тобуна гана таандык болгону үчүн бизнеске аралаша албаса, теңсиздикти көргөн жаштар нааразылык билдирет. Алар башка жакка кетип, нааразылыгын туюнтат. Андыктан бул факторго көңүл бурбай коё албайбыз.

Экономикалык факторго келгенде, Борбор Азиядан, Түштүктүн башка өлкөлөрүнөн барып, ийгиликке жеткен мигранттарды алсак, бир кызык нерсени байкадык.

Мына дөнер Европа менен Британияга таанылган тамак болуп калды. Көпчүлүк британдар аны өздөрүнүн тамагы деп эле санашат. Бирок ишкердиктин ал түрүн жүргүзгөн жаштар - түрк дүйнөсүнөн, Түркиядан, Борбор Азиядан миграцияга баргандар. Швейцариядан Англияга чейин кеңири жайылган дөнер-кебабда жалаң жаш мигранттар отурат. Эң башкысы, алар барган жеринде өз жөндөмү менен ордун таап жатат. Алар ошол жерде бизнес түптөп, акча тапкандан тышкары, жылуу-жумшак орун-очок алууда.

Анткени алар эч кимден көз каранды эмес, өз ишин өзү башкарат. Бирөө жарым келип, алардын бизнесин, дүкөнүн, күркөсүн, имаратын жана башка оокатын тартып алып, ал жерден кууп жибербейт.

Андыктан дал ошол социалдык-маданий комфорт жана, албетте, экономикалык кызыкчылык чоң роль ойнойт. Мигранттар өз дареметин ачуу үчүн ыңгайлуу орун издейт.

- Рафис мырза, мигранттардын феноменине кеңири токтолдук. Эми ошол мигранттарды чыгарып жаткан мамлекеттерге келели. Мамлекет үчүн жаштар - башкы байлык. Алар алдуу-күчтүү, билимдүү катмар, демографиянын кору. Алардын он миңдеп, айрым өлкөлөрдө жүз миңдеп кетип жатканы ошол өлкөлөргө кандай кооптуу кесепетин тийгизет?

- Ырас, жаштар кетип жатат. Бул мамлекет үчүн жоготуу. Бул интеллектуалдык, илимий, эмгек жагынан алганда жоготуу. Ошол эле учурда айрымдар мунун жакшы таасири бар деп эсептешет.

Түркиянын мисалын алсак, көптөр кеткен, кийин алардын арбыны кайтып келген. Австрия, Германия, Швейцария жана Европанын түндүгүндөгү башка өлкөлөрдөн жаңы эмгек көндүмдөрүн үйрөнүп келип, жаңы ишкердик баштап, жемкорлук сыяктуу эски илдеттерден оолак болушкан. Башкача айтканда таяктын эки учундай нерсе. Бирөөлөр мунун баары жакшы десе, экинчи тарабы жоготуу деп баалайт.

Чындык ортосунда болсо керек деген ойдомун. Бул жерде маселе шарт-жагдайга жараша аныкталат. Эгер мамлекет бул багытта туура саясат жүргүзсө, анда өзүнүн мигранттарын кабыл алган ошол эле Түштүк Корея же ошол эле Германия менен келишимдерди түзөт.

Мына Өзбекстандын мисалын алсак. Ташкент Түштүк Корея, Жапония жана башка Батыш Европа өлкөлөрү менен келишим түзүп, мигранттарын расмий, жарым жартылай расмийлештирип жибергендиктен, алардын укуктарын коргоо үчүн кандайдыр бир укуктук база түзүлгөн. Бул мигранттарга өз мекенинен жаңы бир жөндөмдөрдү үйрөнүү, кесип алуу үчүн кетип, кайра адис болуп кайтып келүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Алар алыста өз ордун таап, көздөгөнүнө жеткен жарандар болуп кайтып келе алат.

Ошол эле маалда мигранттардын кайтып келиши үчүн зарыл шарттарды түзүү керек. Мисалы, Грузияда мындан 10-15 жыл мурун биз байкаган экономикалык секириктин сыры эмнеде болгон? Жарды, коррупция менен кылмыштуулук кулач жайган, мамлекеттик башкаруусу өтө чабал өлкөнүн экономикасы кантип эң натыйжалуу болуп калган?

Анын сыры – Грузияда мамлекеттик кызматтарга, билим берүү тармагына, бизнеске жана башка тармактарга сыртка чыгып кеткен грузин жаштарын чакырып, аларга өз дареметин иш жүзүндө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк беришкен.

Бул тажрыйба кыска мөөнөткө созулса да, мигранттарды сыртка чыгаруу жана аларды кайра өз мекенине кайтаруу жаатында туура саясат жүргүзүлсө, кайсы гана мамлекет болбосун миграциянын экономикалык пайдасын көрөрүн айгинелеген.

- Рафис мырза, миграцияга кеткен жаштардын илим-билим алып, жаңы кесиптерди өздөштүрүп, анан кайра кайтып келүүсү үчүн мамлекеттик саясат кандай болушу керек?

- Бул жерде бир катар үстүрт түшүнүктөр сакталып жатканын да айта кетели. Эсиңерде болсо керек, ХХ кылымда «жаман жумуш жок, эң башкысы, туура тандаш керек» деп айтышчу. Чындыгында иштин жаманы жок. Болгону жумуштун шарты, эмгекчилердин укуктары финансылык, экономикалык, социалдык жактан корголушу абзел.

Мигранттардын укуктарын коргоо – башкы маселе. Аларды кабыл алган көп өлкөлөр ырааттуу система түзүүгө умтулууда. Ошол эле глобалдык Түндүк глобалдык Түштүктөн агылган болжол менен 150 миллион мигранттын эсебинен эбегейсиз пайда көргөндүктөн, мигранттарды чыгарган өлкөлөр менен сүйлөшүп, мунасалуу алака кылууга кызыкдар. Албетте, мүчүлүштүктөр да бар, алар пайдалуу жагын арттыруу үчүн сүйлөшүү жараянына даяр.

Тилекке каршы, Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү четтеги өз жарандарын коргоо үчүн эл аралык укук механизмдерин колдонушпайт. Бириккен Улуттар Уюму баш болгон Эл аралык миграция уюму, Эл аралык эмгек уюму сыяктуу жумушчу жана башка миграциянын түрү менен алектенген бирикмелер бар. Мына ошолордун иш тажрыйбасына таянып, сыртка чыккан жарандарынын кызыкчылыгын коргоодо тез жана эффективдүү ыкмаларды колдоно билүүсү абзел.

Борбор Азия менен Батыш Европа өлкөлөрү колдоно турган бир жакшы таяныч бар. Ал – билим берүү. Анткени прогноздоо кызматтарынын жардамы менен европалык мамлекеттер кандай жумуш күчү жетишсиз экенин, эртең, жакынкы келечекте кайсы кесиптегилерге муктаждык жараларын так билишет.

Мына ошолор мигранттардын мекенинде, маселен, Кыргызстанда алардын билим алуусуна, кесипке үйрөнүүсүнө, роботту, өндүрүштү автоматташтырууну, атайын машинелерди башкарууга үйрөтүү үчүн кесиптик-техникалык окуу жайлардан тарта жогорку окуу жайларга чейин инвестиция салса эмнеге болбосун? Өзбекстанда жаштарга заманбап көп баскычтуу автоматташтырылган өндүрүштү, компьютерлешкен күнөсканаларды башкарууну үйрөтүү зарыл. Бул адистер айыл чарбасынын эртеңки келечеги эмеспи.

Бул мигранттарды кабыл алган өлкөлөргө да өтө пайдалуу болмок. Анткени адистерди жеринде даярдоо Европага алып келип окутканга караганда ондогон эсе арзан. Даяр адистер келип, кайсы жерде жумушчу күчү жетпесе, ошол жерде алдына эч кимди салбай иштеп кетмек. Демек, эки тарап тең сүйлөшүү маалында миграция агымын кантип туура жөнгө салууну талкуулап тактап алышы абзел. Оболу жаштарды, айрыкча кыз-келиндерди керектүү адистикке, кесипке үйрөтүп, билим берүүгө көңүл бурулса, максатка ылайык болмок.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG