Бишкекте кыргыз-казак мамилесинин өнүктүрүлүшү талкууланды. Эки өлкөнүн өкмөт аралык жыйынына казак премьери Олжас Бектенов келди. Жыйында чек ара бекеттерин жаңылоо, соода-логистикалык, суу-энергетикалык жааттагы кызматташтык жана Ысык-Көлдөгү казак пансионаттарынын укуктук маселелери талкууланды.
Өкмөттүк делегацияларды Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жетектешти.
Акылбек Жапаров эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды чыңдоодо транспорттук инфраструктуранын ролу жогору экенин белгиледи. Ал ошондой эле эки өлкөнүн соода алакасын жакшыртуу үчүн бир катар чечимдерди аткаруу зарылдыгын белгиледи:
“Кеңештин мурунку жыйынынан бери бир жылдан ашуун убакыт өттү. Бул убакыт аралыгында биз өкмөттөр аралык кенешинин 11-жыйынынын протоколунун 60% ашыра аткарууга жетиштик. Бул биздин оюбузга төп келбейт, муну биз 80-100%га чейин жеткиришибиз керек. Соодада оң тенденция байкалууда, өз ара соода көлөмү жыл сайын өсүүдө. Ошол эле учурда биздин мамлекеттердин башчылары тарабынан 2030-жылга чейин өз ара сооданын көлөмүн 3 млрд долларга чейин жеткирүү максаты коюлган. Аталган максатты ишке ашыруу үчүн биз өнөр жай кооперациясында жана жаңы мүмкүнчүлүктөрду ачууга, сооданын альтернативдүү формаларын, анын ичинен электрондук коммерцияны түзүүгө, өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүгө, соодада болгон тоскоолдуктарды жоюуга, товарлардын эркин өтүүсүн толук камсыздоого жана кыргыз-казак чек арасында туруктуу кырдаалды сактоого тийишпиз”.
Жыйында Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы жети чек ара бекетин жаңылоо иши талкууланды. Казак тарап бекеттерде заманбап автоматташтырылган көзөмөл жана текшерүү системасын орнотуу планын ортого салды. Быйылкы сегиз айда эки өлкөнүн экспорт-импорттук жүк ташуулары 3 млн тоннага жетип, мурунку мезгилден 4,1% көбөйгөнүн белгилешти. Ортодогу көмүскө соода жүгүртүүнү азайтуу боюнча биргелешкен аракеттер жүрүп жатканы айтылды.
Олжас Бектенов “Кара-Суу” жана “Ак-Тилек” чек ара бекеттеринин тушуна индустриалдык соода-логистикалык комплекс курууну пландап жатышканын билдирди. Ал үчүн казак өкмөтү жер бөлүп, “Алатау” деп аталган аймактык индустриалдык зона түзгөн.
“Соода көлөмүн арттыруу үчүн жеткизиле турган товарлар менен кызматтардын номенклатурасын кеңейтип, түз ишкердик байланыштарды орнотуу керек. Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында индустриалдык соода-логистикалык борбор куруу өз ара сооданы өнүктүрүүгө түрткү берет. Ошонун алкагында “Алатау” аймактык индустриалдык зонасы курулду, жер тилкелери бөлүнүп, тийиштүү келишимге кол коюлду. Инвестициялык байланыштар да жакшы өнүгүп келет. 2005-жылдан баштап Казакстандын Кыргызстан экономикасына салган жалпы инвестициясынын көлөмү 34 млрд долларды түздү”, - деди Олжас Бектенов.
Тараптар “Алматы - Бишкек экономикалык коридору” демилгесин да талкуулады. 2014-жылы башталган долбоор эки калаа менен алардын айланасындагы аймактарды мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилген бирдиктүү экономикалык мейкиндикке айландырууну көздөйт, ага Азия өнүктүрүү банкы донор болууда. Казак өкмөтү расмий кабарлагандай, долбоордун алкагында транспорттук тутумдар, туризм, абанын сапатын жакшыртуу, саламаттык сактоо, агробизнес жана климаттык өзгөрүүлөргө чара көрүү жаатында изилдөөлөр жүргүзүлүп келет.
“Алматы - Ысык-Көл” автожолун курууга кызыккан мамиле бар экендиги айтылды. Узундугу 280 чакырым болгон “Алматы - Узунагаш - Кастек - Михайловка - Чолпон-Ата” жолунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу чечилген. Долбоорду Азия өнүктүрүү банкы каржылайт.
Жыйынтыгында өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын протоколуна, айыл-чарба азыктарын өз ара жүгүртүү боюнча жол картасына жана туризмди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Муну менен катар Ысык-Көлдөгү пансионаттарга казак өкмөтүнүн менчик укугун жөнгө салуу протоколу түзүлдү. Бул жаатта 2006 жана 2009-жылдардагы макулдашууларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгени маалымдалды.
Саясий курал болгон транзит жолу
Кыргызстан менен Казакстан Евразия Экономикалык биримдиги, Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюму, Түрк тилдүү мамлекеттер уюму өңдүү бир катар эл аралык платформаларда кызматташат.
Ошондой эле коңшу турган эки өлкөнү бири-бирине чырмалыша байланыштырган бир нече тармактар бар.
Кыргызстандын эл аралык жүк ташуусу негизинен Казакстандын аймагы аркылуу өтөт. Кыргыз жүк ташуучуларынын казак чек ара бекеттериндеги узун кезек тыгыны байма-бай болуп тургандыктан, экономикалык кесепеттери да бир кыйла оорчулукту алып келет. Экспортерлор муну казак бийлигинин саясий айласы катары көрүшөт.
Кыргыз өкмөтү Казакстандагы көйгөйлөрдүн токтобой жатканынан улам, аны айланып өтө турган альтернативдүү каттамдарды издөө менен алектенип келет.
Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев кыргыз-казак бийликтеринин сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык аз болуп жатканын айтат:
“Мобу Кытайдан келаткан жүктү токтотконго аракет кылып жатышпайбы. Себеби алар өздөрү жак менен өткөрүп жатат. Бул, орусча айтканда, “торговая война” болуп жатат. Мисалы, казактар менен 6-7 жолу жолугушуу болду, сүйлөшүштү. Ушул Казакстандагы транспорттук коридор боюнча президенттер эки жолу сүйлөшүштү. Кана жыйынтыгы? Кана бир кичине болсо да оңолгону? Машиналар дагы деле турган бойдон эле турат”.
Казакстан аркылуу өткөн транзиттик жолдун азабы оорлошуп кеткендиктен, кыргыз өкмөтү соңку жылдары дүйнөлүк рынокко чыга турган башка альтернативдүү багыттарды издеп келет. Мындай жолдордун бири катары Өзбекстан - Түркмөнстан - Каспий деңизи аркылуу Европага жана Орусияга бара турган транспорттук коридор даярдалууда. Өкмөт бул жаатта Орусиянын, Өзбекстан менен Түркмөнстандын бийликтери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлап турат.
Муну менен катар Пакистандын "Карачи" порту аркылуу деңиз жолуна чыгуу багыты да сыналып жатат. Ал жол Кытай аркылуу Пакистанга барат.
"Суу бекем ынтымакты талап кылат"
Казак премьери "экология жана суу ресурстарын адилеттүү пайдалануу жаатында эки тараптуу байланыштарды тереңдетүү өтө өзөктүү маселе" экенин айтты. Ал климат өзгөрүп жаткан доордо бул жаатта биргелешкен маанилүү чечимдерди кабыл алуунун зарылчылыгын белгиледи.
"Быйыл биргелешкен иш-чаралардын арты менен сугат мезгили көңүлдөгүдөй өттү. Эми ошол багытта жумуштарды алдыга карай улантуунун мааниси абдан зор. Биздин максатыбыз - суу ресурстарын туруктуу башкаруу үчүн ынтымакты жогорку деңгээлге көтөрүү", - деди Олжас Бектенов.
Эки өлкөнү аралап аккан дарыялардан жыйналгандыктан, Нарындагы “Орто-Токой” жана Таластагы “Киров” суу сактагычтарынан чоң көлөмдөгү суу жайында казак талааларына берилет. Кыргызстанды суу берүүгө милдеттендирген өкмөттөр аралык келишим бар.
Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков чөлкөмдөгү суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн анын баасы болушу керектигин айтат:
“Электр энергия чыккан да, чыкпаган да суу сактагычтардын баарын бириктирип, суу ишканасы түзүп, сууга баасын коюш керек. Мына, мисалы, “Орто-Токойго” суу толуп, анан Чуга айланып, Боом менен Чүй өрөөнүнө келип, Казакстанга кетет. А биз болсо ошол суу сактагычтарды мамлекеттик ишкана кылып, анан суунун баасын койсок, казактар болсо жөн эле мынчалык көп суу ала беришпейт. Сууну болсо биз сатабыз. Анткени бул Чу суусу 300 чакырымдан кийин Казакстандын чөлүнө барып сиңет. Ошон үчүн баасы жок болгон немени каалагандай пайдаланып атышпайбы. Сууга болсо баасын коюп, жок дегенде 10 тыйын кылыш керек. Дүйнө жүзүндө ошондой эле, кошуна мамлекеттерде, Орусияда 15 тыйын. Биз болсо 10 тыйын кылып койсок, кичине мындай үнөмдөп калышат да. Биз болсо экспортко дагы сууну баасы менен берип калабыз. Жанагы суу ишканасынын өзүнүн бюджети болуп калса, анда мамлекет ошол каражатты кайра сууга жумшаса болот”.
Ортодогу суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип жөнгө салуу үчүн Нарын дарыясына курулганы жаткан “Камбар-Ата 1” ГЭСин курууга да Өзбекстан менен Казакстан теңшерик болуп кирген.
Эки өлкөнүн өкмөт аралык жыйыны президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилени тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялаган мыйзамга кол койгонго учурга туш келди. Келишимге ушул жылы 19-апрелде президент Садыр Жапаровдун Астана шаарына болгон расмий сапарында кол коюлуп, Жогорку Кеңеш 30-октябрда мыйзамды кабыл алган.
Маалыматта келишимдин максаты ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерди бирлик жана стратегиялык өнөктөштүк маанайда андан ары чыңдоо экени жазылган.
“Келишим 1997-жылдын 8-апрелиндеги Түбөлүк достук жөнүндө келишимди жана 2003-жылдын 25-декабрындагы Бирлик мамилелери жөнүндө келишимди толуктайт, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, - деп жазылган билдирүүдө.
Документ эки өлкө ортосундагы саясий, аскердик-техникалык, экономикалык, инвестициялык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, миграция жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө эки тараптуу аракеттенүүнү бекемдей турганы жазылган.
Кыргызстандын тышкы соода алакасында Казакстан 8,5% үлүштү ээлеп, үчүнчү орунда турат. 2023-жылы эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсү 1 млрд 371 млн доллар болгон. Эки өлкөнүн башчылары 2030-жылга карата өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 3 млрд долларга жеткирүүгө аракет кылышарын билдиришкен. Бирок, статистика көрсөткөндөй, быйылкы тогуз айда сооданын көлөмү мурдагы мезгилге караганда 6% азайып кетти.
Шерине