Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Түштүк Кореядагы учак кырсыгы: 85 адамдын өлүмү расмий тастыкталды


Муан аэропортунда кыйраган учак. Түштүк Корея. 29.12.2024.
Муан аэропортунда кыйраган учак. Түштүк Корея. 29.12.2024.

29-декабрда саат 9:07де Сеулга жакын жердеги Муан аэропортунда кыйраган учактагы 181 адамдын ичинен эки аял тирүү калды. Бири жүргүнчү, экинчиси экипаждын мүчөсү. Экөө тең Мокихо шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Yonhap агенттигинин маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт менен саат 13:30га (Кыргызстанда 10:30) карата 85 адамдын каза тапканы расмий тастыкталды. Калгандарынын тек-жайы такталууда.

Учакта 175 жүргүнчү, экипаждын алты мүчөсү болгон.

Куткаруучулар дайынсыз болуп жаткан адамдар да каза болушу ыктымалдыгын, учурда сөөктөрдү издөө иштери жүрүп жатканын билдиришкени кабарланды.

Түштүк Кореянын президентинин милдетин аткаруучу Чхве Сан Мок кырсыктан кийин өкмөттүк бардык кызматтарга "жок дегенде бир өмүрдү болсо да сактап калууну" буйруганын, окуя болгон жерге түшкө жуук келгенин Yonhap агенттиги анын кеңсесине шилтеме кылып маалымдады.

"Мен азыр эч бир сөз бул трагедиядан жабыркаган үй-бүлөлөрдү соорото албасын билип турам", - деген Чхве каза болгондордун жакындарына көнүл айтып, мамлекет колдон келген жардамын аябасын билдирген.

Jeju Air аба компаниясына таандык Boeing 737-800 жүргүнчү учагы Бангкокдон учуп чыккан. Сеулдан 288 чакырым аралыктагы Муан аэропортуна конордо конуу тилкесинен чыгып кетип, кашаага урунган.

Кореянын телеканалдары кагылышуу болору менен катуу өрт чыккан кадрларды көрсөтүштү.

Маалыматтарга ылайык, 173 жүргүнчү Түштүк Кореянын, эки адам Тайланддын жарандары болгон.

Кыйроонун себеби азырынча белгисиз. Баштапкы маалыматтарга караганда, учак канаттуулар менен кагылышуудан улам башкаруусун жоготкон болушу ыктымал. Yonhap агенттиги ушул себептен улам учактын дөңгөлөктөрүн - шассини башкаруу системасы иштебей калганын маалымдады.

25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку-Грозный багытында бараткан жүргүнчү учак кулап, андагы 67 адамдын 38и набыт болгон. Учак Орусиянын Куралдуу "Панцирь" деп аталган ракетасынын соккусунан жабыркаганы кабарланган.

Бул окуядан үч күндөн кийин, 28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам АлиевденАктауда кыйраган учак үчүн кечирим сурады. Путин "Орусиянын аба мейкиндигиндеги кайгылуу окуя үчүн кечирим сурап, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтканы, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган". Ал Орусиянын абадан коргонуу системасы украиналык дрондордун чабуулунун мизин кайтарганын белгилеген, бирок учакты ракета атып түшүргөнүн так айткан эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG