Бул суроолорго Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун жетекчиси Жаркынбек Касымбеков жооп берет.
- Жаркынбек мырза, жаңылбасам сиз жетектеген институт кечээ жакында эле түзүлдү окшойт. Андан бери кандай иштер жасалды, изилдөөлөр жүрүп жатабы?
- Кечээ эмес, 86 жыл мурда түзүлгөн. Кыргызстандагы илим изилдөө жаатындагы туңгуч институт биздики десем болот. Биринчи жетекчибиз Эльберт Борис Яковлевич деген киши болгон. Ал биздин микробиология институтунан кийин азыркы Медициналык академияны да негиздеген. Профессордук-окутуучулук курамды уюштуруп, он жылдай (1938-1949-жж) эки институтту бирдей жетектеген.
Ал киши кийин Беларуска которулуп кетиптир. Бир эскерүүсүндө "Өмүрүмдүн эң жакшы ирмемдери Кыргызстанда өтүптүр" деп ностальгия кылган экен. Институт түзүлгөндөн бери ар кандай статустарды алып жүрдү. Туура эки жыл мурда, 7-декабрда "улуттук" деген статус берилип, Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту кылып кайра түзүү жарлыгы чыккан.
Жөнөкөй адамдар эмес кээде медиктер деле "ай, силер эмне иш кыласыңар?" деп сурап калышат. Коомдук саламаттык түшүнүгү аябай кеңири, айлана-чөйрө жана абанын тазалыгы, жол коопсуздугу ж.б. толгон-токой маселенин баарын изилдеп, анын негизинде сунуштарды иштеп чыгабыз. Саламаттык сактоо министрлиги оорунун кесепети менен күрөшсө, биз ооруну алдын алуу иштерин жүргүзөбүз десем болот.
- 86 жылды айтпай эле коеюн, улуттук деген статус алган эки жылда мамлекетке кандай сунуштарды бердиңиздер?
- Баарын атап, майдаланып отурбай эле конкреттүү иштерди айтайын. Эки-үч эл аралык илимий конференция өткөрдүк. Азыр Саламаттык сактоо министрлигинен тышкары Билим берүү жана илим министрлиги менен да үч чоң багытта иштешип жатабыз. Илим деген ийне менен кудук казгандай иш да. Баа, туюмга гана таяна албайбыз. Фактыларды, сандарды иликтеп, анализдеп анан гана сунуштарды беришибиз керек. Ага эки жыл аздык кылат.
Кыргызстанда кандай кооптуу вирустар бар?
- Убагында хирург Иса Ахунбаевдин тузга йод кошуу сунушу көп адамды богок оорусунан сактап калууга өбөлгө болуптур. Азыркы кыргыз илимпоздорунун арасында ошондой омоктуу сунуштарды бергендер барбы?
- Кийинки жылдан тарта Дүйнөлүк банк каржылаган "Бирдиктүү ден соолук" долбоору ишке кирет. Бул үч министрлик (Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл, Саламаттык сактоо министрликтери) биргеликте иштей турган чоң долбоор. Анда биз 20дан ашуун кооптуу, пандемиялык тобокелдиги бар инфекцияларга даяр туруунун жол-жоболорун иштеп чыгабыз. Коронавирус маалындагыдай абал жаралбашы үчүн кооптуу инфекцияларды жайылтпай ооздуктоо, аларга каршы күрөшүү жолдорун изилдеп жатабыз.
Андан тышкары илимий-практикалык борборлорубуз Санкт-Петербургдагы Пастер атындагы эпидемиология жана микробиология институту менен биргеликте чоң изилдөө жүргүзүп жатат. Ал бүткөндө биз гепатиттин беш түрүнө карата кыргыз жарандарынын жамааттык иммунитети кандай экенин биле алабыз. Абдан олуттуу, фундаменталдык изилдөө десем жаңылышпайм. Анын арты менен иммунизация иш-чаралары кандай багытта жүрүп жатканын билип, сунуш-усулдарыбызды бере алабыз.
Ушул жерден кошумчалай кетейин, гепатиттин В түрүнө каршы эмдөөнү жаңы жүргүзө баштаганда төрөлгөн балдардын алды азыр 18-20 жашка чыкты. Ошол муун арасында бул ооруга чалдыккандар өтө аз экен, туруктуу жамааттык иммунитет калыптаныптыр. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Биз ошону да эмдөөнүн жакшы жыйынтыгы катары көрсөткөнү жатабыз.
- Бир пульманолог адис 80-жылдары "кургак учук жок болду, биз эми эмнени дарылбайбыз?" деп ойлогонун айтып берди эле. Бирок 90-жылдары доор алмашканда бул оору күчөп кеткени белгилүү. Кийин эл аралык уюмдардын көмөгү менен туберкулезго каршы күрөш жүрүп, ооругандар кыйла азайганы кабарланган. Бирок өткөн жылдагы маалыматтарга таянсак, курак учук кайра көбөйө баштаптыр. Эмнеге мындай болуп жатканы изилдендиби?
- Кургак учук - социалдык оору. 80-жылдары мен мектепте окучумун, ошол кезде Советтер Союзу туберкулезду жеңгенин, фтизиатриялык борборлор жабылуу алдында турганын жарыялашкан. Андан көп өтпөй эле союз кыйрап, элдин турмушу начарлаганда оору жайылып кетти. Анткени эгемендиктин алгачкы жылдары оор болду. Саламаттык сактоо жааты каржыдан өксүп, көп адистер ишин таштап кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийинки жылдары донорлордун жардамы менен бул ооруну ооздуктаганбыз. Бирок кургак учуктун тенденциясы ушундай экен, толкун сымал өйдө-ылдый жылып турат. Экинчи жагынан ооруп жаткандар кимдер деген суроо турат. Ошол 90-жылдары төрөлгөн балдардын алды 30дан ашты. Алар убагында эмдөөдөн өткөнбү, толук кандуу тамактанды беле, ден соолугу чыңбы деген да маселе турат. Анын баарын изилдеп көрүш керек. Анткени оору тегин жерден пайда болбойт.
- Сиз COVID-19 тууралуу да айтып калдыңыз. Окумуштуулардын айтымында, абанын температурасы жогорулаган сайын муз астындагы илимге белгисиз вирустар, бактериялар ойгонушу мүмкүн экен. Климаттын өзгөрүшү менен Кыргызстанда да мөңгүлөр эрип жатат. Бизде ошондой коркунучтуу, медицина күрөшө албаган вирустар жокпу?
- Ич келте (чума) оорусу боюнча биз эндемикалык аймак болуп эсептелебиз. Мындан 12 жыл мурда чыкканда аны таратпай, кармап калганга жетишкенбиз. Ошондой аймактарыбыз дагы деле бар. Климаттын, жер кыртышынын өзгөрүшү, суулардын өйдө-ылдый болушу кээде вирустардын тарап кетишине шарт түзөт.
Экинчиден, абанын температурасы көтөрүлгөндө безгек өңдүү ооруларды козгогон инфекциялар бизге да келиши мүмкүн. Тропикалык аймактарда жашагандарда бул ооруларга каршы муундан муунга өткөн иммунитет бар. Бизде андай жамааттык туруктуу иммунитет жок. Институтта ушундай тобокелдиктерди алдын алуу, изилдөө бөлүмүн ачып жатабыз, ал кийинки жылдан тарта ишке кирет. Жасалма интеллекти колдонуу менен дүйнөдө болуп жаткан тенденцияларды тез иликтей калып, сунуштарды берсек болот. Бирок ал деле интеллектуалдык чоң жумуш. Иштин көзүн билген, материалдарды түшүнүп, анализдей алган адистерге муктажбыз.
Ооба, климат өзгөрүп жатат, мындан ары ага ыңгайлашып жашоого аргасызбыз. Ошол эле маалда анын кесепеттерин минималдаштырууга да даяр турганыбыз оң.
Вирустар эмнеге дарыны тоготпой калды?
- COVID-19 пандемиясы маалдында эл арасында ич өткөк оорусу менен ооруканага кайрылгандар азайганы айтылды эле. Адистер мунун себебин колду самындап жууган адатка байланыштырган. Азыр абал кандай?
- Адам жамандыкты бат эле унутат экен. 2020-жылдагы июнь-июль айында эл арасы дүрбөлөң түшпөдү беле. Ошол коркуу сезими бизди колду бат-бат жууганга, той-топурду чектегенге үйрөткөн. Андан кийин эмне болду? Баягы эле таз кейпибизге түшүп, кир колдун көйгөйү кайра пайда болду. Ичеги-карыны сезгенип ооруканага кайрылгандар пандемияга чейинки деңгээлге чыкты. Колду жууп туруу - адат да. Ал эми көнүмүш адаттарга адам кичинесинен үйрөнөт экен.
Өкмөткө мамлекеттик кызматкерлер түшкү тыныгууга чейин бир, түштөн кийин бир 7-15 мүнөткө чейин дене көнүгүүлөрүн жасасын деп сунуш киргизип жатабыз.Жаркынбек Касымбеков
Азыр биздин институт ушундай жөнөкөй, бирок пайдалуу адаттарды күнүмдүк жашоого киргизгенге аракет кылуудабыз. Мисалы, унутулуп калган өндүрүштүк көнүгүү. Өкмөткө мамлекеттик кызматкерлер түшкү тыныгууга чейин бир, түштөн кийин бир 7-15 мүнөткө чейин дене көнүгүүлөрүн жасасын деп сунуш киргизип жатабыз. Антпесек, кыймыл жоктугунан кан айланбай, омуртка, гинекология, урология оорулары көбөйдү. Ашыкча салмактан жабыркагандар да аз эмес, отуздагы балдардын курсагы чыгып, элүүдөгү кишидей көрүнөт.
Кийинки жылдан тарта энергетикалык суусундуктарды көп ичүүнүн, тузду ашыкча колдонуунун, тамеки чегүүнүн, фастфуддун кесепеттерин изилдеп, сунуштарды бергени жатабыз. Конкреттүү, сандарга таянган изилдөө болот.
- Сиз кесибиңиз боюнча уролог экенсиз. Азыр Кыргызстанда бөйрөк оорусуна чалдыккандар көбөйгөнү айтылып келет. Органын алмаштырып келгендер, гемодиализ алгандар да бар. Дегеним, бөйрөк оорусунун күчөсүнө кайра эле экологиянын, айрыкча суулардын булганышы таасир этип жаткан жокпу?
- Эми суу булганганда ичеги-карын сезгениши мүмкүн. Бөйрөккө анын түздөн түз тиешеси бар деп айтуу кыйын. Бирок биздин суулардын сапаты жакшы. Мөлтүр сууларыбыз - биздин негизги байлыгыбыз, мамлекетти бага турган ресурс десем болот.
Бөйрөк оорулары тууралуу айтсам, ошол биздин кыймылсыз жашообуз, зыяндуу адаттарыбыз, туура эмес тамактанганыбыз органдарыбызды талкалап жатат. Илдеттин көбөйүшү ириде адамдын өзүнө, анын жакындарына, анан мамлекетке зыян. Иштей турган, күч бере турган курактагылар ооруп калып жатат. Ошол себептүү дартты дарылоодон мурда, алдын алсак жакшы болмок.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун божомолунда алдын алуу иштери 12 долларга чейин үнөмдөйт экен. Бирок кээ бирөөлөргө профилактикага бөлүнгөн акча көп көрүнүп, адам көнүгүүнү кааласа жасайт, каалабаса жок, андан көрө оорукана, трансплантология борборлорун курбайлыбы деп чыгышы мүмкүн. Туура, өзүн сыйлаган мамлекетте ооруканалар болушу керек. Бирок адамды операцияга, гемодиализге жеткирбей алып калган андан да жакшы эмеспи.
- Жогоруда жугуштуу инфекциялар тууралуу айтып калдыңыз. Айрым вирустар, бактериялар бара-бара мутация болуп, кайсы бир дарыларды тоготпой калат турбайбы? Ошол маселени да изилдеп жатасыздарбы?
- Бул биздин кадыресе иштеп жаткан жумушубуз деп айткым келет. Бир жылдан бери суудагы микробдордун антибиотиктерге туруктуулугу изилденип жатат.
Вирустар, микробдор дарыны эмнеге тоготпой калат? Анткени ал дагы жандык, ал дагы жашоо үчүн күрөшөт. Мисалы, пенициллин жаңы табылганда адамзат инфекциянын баарын жеңебиз деп ойлогон. Азыр ал пайдасы жок эле препаратка айланды. Цефтриаксонду бир жашка чыга элек балдарга сайып жатабыз. Эгер бул дарыны өткөн кылымдын алдуу-күчтүү балбанына сайганда көтөрө албай өлүп калмак. Дээрлик 70-80 жылда адамдын организми өзгөрдү, ошого жараша вирус, микробдор да өзгөрдү. Ковид чыккандан бери эле анын канча штаммы пайда болду. Бул табигый процесс, ага таң калбаш керек. Медицина дагы бир орунда турбай, өнүгүп жатпайбы.
Ушул жерден кошумчалай кетейин, Батышта дарыгердин рецепти жок, жарым таблетка да беришпейт. Айрыкча антибиотикти. Бизде аны каалагандай сатып алып, ичсең болот. Бул туура эмес. Айрым вирустардын дарыны тоготпой калганынын бир себеби ушундан улам. Эгер дарыканачы сунуштаган таблеткаларды ала берсек, анда догдурдун эмне кереги бар? Фармацевттер эле дарылай бербейби?
Ыш менен таштанды азабынан кантип кутулабыз?
- Азыр кыш маалы, күн сууктаса эле көчөнү ыш каптайт. Сизди билбейм, бирок менин ыштан башым ооруп чыгат. Сиздердин институтта көк түтүндүн саламаттыкка кесепети изилдендиби?
- Изилденип жатат. Ушул жылы май айында Фулбрайт программасы менен Батыштан илимпоздорду чакырып, абанын сапатынын индексин иштеп чыгуу ыкмаларын үйрөндүк. Кийинки жылы да чакырабыз, биз дагы окуудан өтүп турушубуз керек. Бул эми саламаттык сактоо тармагына эле тийиштүү маселе эмес. ЖЭБ түтүнү, сапатсыз күйүүчү майлар, бышпаган көмүр менен цехтен чыккан кездеменин түтүнү баары биригип, ушул кырдаалды жаратууда. Ыштын курамындагы РМ 2,5, көмүр кычкыл газы, күкүрттүн оксиди, азоттун диоксиди ж.б. заттар ден соолукка сөзсүз терс таасир этүүдө. Алсак, РМ 10 өпкөнүн альвеолаларына топтолуп, оңой менен чыкпайт экен. РМ 2,5 болсо канга чейин сиңип, бардык органдарга тарап кетет экен.
Ыш көйгөйү толук жоюлгуча жумасына жок дегенде бир жолу шаар сыртына таза абага туруу керек, үйгө аба тазалагыч алган оң. Түтүн каптап жатканда көчөгө чыкпай, керектүү витаминдерди ичип, тамактануу образын өзгөртүү абзел.
- Азыр Бишкекте тыгын маселеси курч. Машинеден чыккан зыяндуу газдар да адамды оорутат деп окуп калдым эле. Бул маселени кантип чечсе болот, институттун сунуштары барбы?
- Мурда Фрунзе кезинде борбордун инфраструктурасы 90 миңден ашпаган гана машинеге ылайыкташкан экен. Азыр Бишкекте калктын саны көбөйдү, кирип-чыккандарды кошо эсептегенде калаадагы машиненин саны 500 миңден ашып кетти көрүнөт.
Машинелер көбөйгөн сайын абага зыяндуу заттар бүркүлүп жатат. Анткени баары эле сапаттуу бензин куйбайт. Ал эми иштетилбеген күйүүчү майдын курамында 180дей зыяндуу заттар болот экен. Анын баарын жутуп жатабыз, биз эле эмес бак-дарак, топуракка кошо сиңип, жер астындагы сууларга чейин булгап атат. Алар кайра агын сууга кошулуп, аны менен талааны сугарып жатабыз.
Мен тыгынды азайтуу үчүн мэрияга машине токтотуучу жерлерди жеке менчикке берүүнү сунуштайт элем. Алар ошол жерге токтогондордон акы алып, мамлекетке салык төгүп турмак. Бир саатка 50, эки саатка 100, үч сааттан ашса миң сом десе, машинени жол боюна токтотуп койгондор азаймак. Аймактан келгендер үчүн шаар четине машине токтотуучу жайларды уюштуруп, баасын арзан кылып коюш керек. Электр менен жүргөн коомдук транспортторду бат-бат жүргүдөй кылып шарт түзсөк, сырттан келгендер эле эмес, шаар тургундары деле ошону тандамак.
Экинчиден, азыр көпчүлүк ата-энелер балдарын мектепке машине менен ташыйт. Коопсуздуктан улам чоңоюп калгандарын деле алып барып, кайра алып келебиз. Бирок бул деле чечиле турган маселе. Райондук билим берүү бөлүмдөрү, мектеп жетекчилери менчик компаниялар менен сүйлөшүп, бир түстөгү, ыңгайлуу мектеп автобустарын уюштурса жакшы болмок. Бир класстагы кырк баланы кырк машине менен ташыбай, эки эле автобус алып кетсе тыгын азайганы жатпайбы.
- Кыргызстанда азыр таштанды маселеси да курч. Бийликтеги адамдарга чейин ишембиликке чыгып, талаа-түздү тазалаганы менен жер-суу кайра эле булганып жатат. Аны чечүүгө институт кандай сунуштарды бере алат?
- Саламаттык сактоо министрлигинде иштеп жүргөндө ишембиликке чыгып, айланма жолдун жээгин тазалаган элек. Калп айтпайын, беш-алты кап заара толтурулган баклажка жыйнаганбыз. Андан башка дөңгөлөктөр, малдын териси, балдардын жалаяктары деги койчу эмне гана жок.
Таштанды көйгөйү - коомдук аң-сезимибиздин төмөндүгүнөн кабар берет. Жерибизди өзүбүз булгап, өзүбүз сапатсыз көмүрдү, чүпүрөктү жагып, ыш кылып жатабыз.
Бул көйгөйдүн кесепети менен күрөшүүдөн мурда, анын алдын алууга өтсөк туура болмок. Климат өзгөрүп жатканда табиятка аяр мамиле кылууну элге аң-сезимдүү, билимдүү адамдар түшүндүрүүгө тийиш. Аны бала бакча, мектептен башташ керек. Адамга 12 жашка чейин жакшы адаттарды калыптандырбасак, андан кийин кеч болуп калат экен. Ата-энелер деле балдардын курсагын тойгузганыбыз болбосо, интеллектуалдык, моралдык тарбияны бербей калдык да.
Жакындан тарта медайым, догдур дарылоодон башка эмнени айтышы керек, мектепте кошумча сабакта эмнелер айтылууга тийиш деген сунушту да даярдап жатабыз. Анын ичинде экология маселеси да камтылган.
Жаркынбек Касымбеков менен маектин аудиосу.
Шерине