Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:04

Матцаковдун иши: Адвокаттар судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү


27-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы адвокат Самат Матцаковдун абак мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүн карады. Матцаковдун жактоочулары кийинки сотко тергөө тобунун башчысын чакырууну суранды. Судья бул өтүнүчтү канаттандырып, кийинки отурум 29-декабрга белгиленди.

Тергөөчүнүн өтүнүчү

Жума күнү кечке жуук башталган камактагы жактоочу Самат Матцаковдун бөгөт чарасын караган сот отуруму дээрлик 4 саатка жакын созулду. Сот отурумунда алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү Матцаковго коюлган айыпты окуп берип, тергөө иштерин толук кандуу жүргүзүү үчүн дагы убакыт керектигин айтты. Ал Матцаков эркиндикте болсо "качып кетиши же тергөө иштерине тоскоолдук жаратышы мүмкүн" деп анын камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 28-февралына чейин узартып берүүнү судьядан өтүндү.

Андан соң Матцаковдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков тергөөчүгө "айыпталуучу камакта жаткан маалында тергөө иштери жүргөнбү?" деп суроо узатты. Тергөөчү ага өзү тергөө ишин жүргүзбөгөнүн айтып, аны тергөө тобунун башчысы жүргүзүшү мүмкүн деп жооп берди.

"Бир дагы тергөө амалдары жүрбөптүр"

Мындан улам адвокат Нурсултан Жаныбеков сот отурумуна тергөө тобунун башчысын чакырууну судьядан өтүндү.

"Мына соттук отурумда билинип атат, бир дагы тергөө амалдары жүрбөптүр. Кылмыш-жаза процессесуалдык кодекстин 115-беренесинде так көрсөтүлгөн. Эгерде соттук отурумда айыпталуучу кармалган убакыттан баштап бир дагы тергөө амалдарына катышпаса, анда сот камактан чыгарышы керек".

Самат Матцаковдун бөгөт чарасын караган сот отуруму, 27-декабрь, 2024-жыл.
Самат Матцаковдун бөгөт чарасын караган сот отуруму, 27-декабрь, 2024-жыл.

Адвокаттын бул өтүнүчүн сот отурумуна катышып жаткан башка жактоочулар да колдоду. Судья адвокаттардын пикирин билгенден кийин эле дароо прокурор менен тергөөчүгө сөз берген. Адвокаттар жана Самат Матцаков өзү муну менен судья мыйзам бузганын айтышты.

"Тергөөгө суроолор көп"

Ошондой эле адвокаттар бул иште судьянын кызыкчылыгы бар деп ага ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Судья бул өтүнүчтү кароо үчүн кеңешүүгө кеткен маалда Самат Матцаков коюлган айып боюнча журналисттердин суроолоруна мындайча жооп берди.

Самат Матцаков
Самат Матцаков

"Мага коюлган айып боюнча тергөөнүн материалдары менен таанышып чыктым. Бирок мен жооп алгым келген өтө көп суроолор бар. Мен ушул күнгө чейин мага каршы даттанган адамдын арызын көрө элекмин. Мага Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгошкон. Бул анча оор эмес кылмыш иши болуп эсептелет. Андай болсо эмне үчүн тергөөчүлөр мени аңдып, телефонумду тыңшоого алышкан? Мага коюлган айып боюнча тергөө мындай жүрбөшү керек эле. Ошондуктан тергөөгө суроолор көп".

Ошондой эле Матцаков, буга чейин камакка алуу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимине аппеляциялык арыз берүү укугунан ажырап калганын кошумчалады.

"Менин баардык өтүнүчүм мыйзам бузуу менен каралып жатат. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талабы боюнча тергөө судьясы даттанууларды 10 күн ичинде карашы керек. Мен протоколду алуу үчүн арыз жазгам, ушул күнгө чейин ала элекмин. Ал жок мен эч кимге даттана албайм. Тергөө судьясы токтом чыгарса мен ага аппеляциялык арыз жазыш үчүн протоколду алышым керек да. Мунун баары мыйзам бузуу менен өтүп жатат. Мындан сырткары бүгүн менин камактагы бөгөт чарамды узартуу боюнча сот болуп жатат. Бирок мурдагы шаардык сотко жазган аппелциялык арызым күчүн жоготту. Демек, мен Биринчи май райондук сотунун чечимине аппелляциялык даттануу укугунан ажыратылдым".

Ошентип судья Туратбек Бекенов өзүнө карата ишенбөөчүлүк тууралуу өтүнүчтү канаттандырган жок. Сот отуруму андан ары уланып, адвокаттар тергөөчү суроолорго толук жооп бере албай жатканын белгилеп, отурумду башка күнгө жылдырып, ага тергөө тобунун башчысын катыштырууну сунушташты. Судья өтүнүчтү канаттандырып, кийинки отурум 29-декабрда саат 10:00гө белгиленди.

Матцаковдун бөгөт чарасы каралган сот отурумуна жалпы 12 адвокат катышуу ордерин берген. Бирок сот болору тууралуу маалымат чукул айтылгандыктан дагы бир топ адвокаттар келе албай калган.

"Матцаков он адамдын ишин жактап жаткан"

Сот отурумуна катышып жаткан "Кыргызстандагы адвокаттар ассоциациясынын" төрагасы Майрамбек Жумабеков Матцаковду камактан чыгарууга бир нече негиз бар экенин санап берди:

"Матцаковдун үч баласы бар. Алар кичинекей, чыркырап ыйлап жатышат. Жубайы жалгыз эч жакка бара албайт, мурун өзү алып барчу экен. Камакка алганга эч негиз жок болчу. Жашаган жери бар, бул кылмышкер эмес да, бирөөнү өлтүрүп, баңгизат ташып же дагы оор кылмыш жасагандай. Бул - адвокат, анын алдында толтура иштери бар. Ошол жарандар дагы жабыркап жатат. Азыр алар эмне кыларын билбей ыйлап жүрүшөт. Өткөндө суранып атышат, биздин ишти карап жатты эле, батыраак чыгарып койсо жакшы болот эле деп жатат. Демек, ушунун баарын эске алышы керек да".

3-декабрда Кыргызстанда бир нече жактоочу Самат Матцаковго кылмыш иши козголуп, анын камакка алынышын айыптап чыгышкан. Алар маалымат жыйын өткөрүп, бул окуядан кийин адвокаттык ишмердиктин мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерине коркунуч жаралганын белгилешкен.

Эркин журналист Мирлан Дүйшөнбаев ким болбосун аракетинде кылмыш иши болсо жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейт.

Мирлан Дүйшөнбаев
Мирлан Дүйшөнбаев

"Кандайдыр бир тергөө иштеринин жүрүшүнө таасир этет, же ошондой жагдай болуп кетиши мүмкүн деп билгендери бар болсо керек да. Ошон үчүн чыгарбай жатат го. Эгер кылмыш иши бар болсо адвокат болобу, министр болобу, ким болбосун айып тагылып, иш козголуп тергөө жүрүшү керек да. Адвокат болсо эле кылмыш иши козголбош керек, камалбаш керек деген туура эмес да. Анда адвокаттык макамга жамынып алып мыйзамсыз иштерди кыла берсе болот экен да. Бул туура эмес да".

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.

"Сот чечими мыйзамсыз". Адвокат Матцаковдун кармалышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү аныктап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. Анын адвокаттары соттун чечимине каршы апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна арызданган.

Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана – 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Самат Матцаков ким?

38 жаштагы Самат Матцаков Кыргызстан эл аралык университетинде юриспруденция адистигин бүтүргөн. Магистратураны Юридикалык академияда окуган. 2010-жылдардан бери юрист катары адам укугу, кыйноолорго каршы жаатында бир топ долбоорлордо иштеп келет. Матцаков адвокат катары өлкөдөгү жарандык активист, саясатчы, журналисттердин укугун коргогон. Ар кандай долбоорлор менен жарандарга юридикалык кеңеш берет.

Матцаков Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда алты жылга абакка кескен Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, беш жыл эркиндигинен ажыратылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун жактоочусу. Үч жылдык пробациялык жаза чегерилген журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын да укугун коргойт.

Самат Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып келет.

Ташов быйыл июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген. Ал абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.

Ишкер буга чейин өзүнө үч жолу кол салып, кайра камакка жеткирилген.

Шерине

XS
SM
MD
LG