Өкмөттү үч жыл башкарган Акылбек Жапаров эмнеси менен эсте калат?
Президент Садыр Жапаров өкмөт башчы Акылбек Жапаровду өзү жазган арыздын негизинде кызматтан бошоткон жарлыкка 16-декабрда кол койду. Мамлекет башчы дагы, Министрлер кабинетинин төрагасы дагы азырынча комментарий бере элек.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөт башчынын кызматтан алынышын "ротация" деп чечмеледи. Ал Фейсбуктагы баракчасына мурдагы өкмөт башчы "эл үчүн кызматын улантат", - деп жазды.
"Президент Садыр Жапаров өзүнүн администрациясынын, Министрлер кабинетинин жетекчисин ротация кылуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул чечим логикалуу жана өлкөнүн өнүгүшүнө жаңы темп берүү ниетинен улам жана мамлекеттик башкаруу стилин, социалдык-экономикалык өнүгүүнүүнү жаңыртуу максатында кабыл алынды. Акылбек Жапаров өлкөбүздүн эгемендигинин 30 жылдан ашкан тарыхында баа жеткис тажрыбасы менен бөлүшкөн мамлекеттик ишмер катары эле эмес, бийликтин вертикалын өзгөрткөнү, баарыбызга натыйжалуу жана абийирдүүлүк менен башкарууну үйрөткөнү, мамлекеттик аппаратка жогорку деңгээлде иштегенди көрсөткөнү менен тарыхта калат", - деп жазды Байсалов. Ал Акылбек Жапаров мамлекет башчынын жанында "жакын санаалашы катары калып, элге ак ниеттик менен кызмат кыларын" жазды.
Акылбек Жапаровго президент Жапаров кеңешчилик кызматты сунуштаганы тууралуу маалыматтар айтылды. Азырынча андай жарлык чыга элек.
Анын отставкасы тууралуу талап, сөздөр Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов баштаган бул тармактын жетекчилери корупцияга шек саналып кармалганда күчөй баштаган. Жогорку Кеңеште Исхак Масалиев өңдүү айрым депутаттар анын жоопкерчилиги каралышы керектегин айтып чыгышкан.
Масалиев өткөн аптада парламент жыйынында экономика жалаң гана өкмөттүн аракети менен өсүп жатат деп баалоо туура эмес экенин белгилеген. Тарыхый мааниси бар имараттардын бузуу өңдүү чечимдерди туура эмес деп баалап, жетекчилер өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун "жоопкерчилигин карашы керек" деген маселени көтөргөн.
"Экономиканын өскөнүнө жалаң эле депутаттар, министрлер жакшы иштегени эмес, башка объективдүү себептер да бар. Дүйнөдө ар кандай окуялар болуп жатат, кандай болсо да биз пайда көрүп калып жатабыз. Мисалы, 200 миң машина келип-кеткени биздин тарыхта болгон эмес. Биз андан пайда көрүп жатабыз, ага тоскоол кылбашыбыз керек. Беш-алты жылдан бери доллардын өзгөрүшү дагы көрсөткүчтөргө таасир берип жатат. Биз бир нерсени эстен чыгарбашыбыз керек, депутаттар менен өкмөттүн ортосунда эч кандай уруш болбош керек, бирок талаш-тартыш, талкуу болушу керек. Бири-бирибизди душман көрүп, бузуку деп атоо - бул эң оңой жол. Акыркы учурда өкмөт жактан бир топ кызыктай иштер болуп жатат. Биздин эстеликтерибиз бар, алар мыйзам аркылуу корголот, ата-бабалардан калган мурас. Биз аларды буздуруп жатабыз. Ысык-Көл мейманканасынан баштап буздурула баштады. Мейли, Ысык-Көл мейманканасынын ордуна чоң хансарай курулду. Анын жанында турган ВДНХны мамлекет туура кайтарып алды, бирок аны сөзсүз буздуруп, ордуна конференция залын салуунун кажети жок. Анын ордуна кытайлар куруп берген резиденцияда чоң конференция зал бар да. Ошол эле жерди көргөзмө бойдон калтырып, келген-кеткендерге көрсөтсө болбойбу? Эски аянттагы өкмөт үйүн Кант цемент заводу чыгарган плита менен чаптап, сырдап койдук. Анын жанындагы соттун имаратында да ушундай аракеттер болуп жатат. Аларды тим эле койсок, эски калыбына келтирип койсок эмне болот? Ал биздин тарыхыбыз да. Баарыбыз эле кутуларда жашаганыбыз болбойт. Эски имараттарды сактап, керек болсо туристтик аймак кылып койсок болот да. Панфилов атындагы музейди талкалап, аны 3800 тонна арматурага алмаштырып жатасыңар.
Мен 64кө чыгып, мамлекет жерди арматурага алмаштырганын биринчи жолу угуп жатам. Муну Башкы прокуратура бир карап чыкса болот эле. Батыш жана Чыгыш автовокзалдары тарыхый эстеликтердин катарына кирет. Өкмөттүн укугу экен, аларды тизмеден чыгарып алат экен. Бирок мен тарыхый эстелик имараттарды жок кылып ката кетирип жатабыз дейм. Өкмөт башчы үч жыл мурда көмүр кендерин кытайлык компаниялар иштетет деген, бирөө дагы иштей элек. Мал базарлар цементтелет дегенсиңер, бирөө дагы цементтелгенин көргөн жокмун. Канча министр кызматтан кетти, канча жооптуу кызматкерлер жоопко тартылды, буга өкмөттүн башчысы жооп бериши керек. Эгер ага ишенбестик жарыяланса, менден башка эч ким добуш бербейт. Системаны өзгөртмөйүнчө коррупцияны жоё албайбыз. Менин пикиримде, өкмөттүн иши жетиштүү эмес. Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жоопкерчилигин карашыбыз керек", - деген Масалиев.
Акылбек Жапаров ошол жыйында мындай дооматтарга үн каткан эмес. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөт берген убадаларын баарын аткарып жатканын айткан.
Журналист Төлөгөн Сулайманов Фейсбуктагы баракчасына Акылбек Жапаров тунгуч президент Аскар Акаевдин бийлигинин тушунан бери эле саясатта келатканын жазды. Анын салык тармагында тажрыйбасы чоң экенине токтолуп, "элге караганда бийлик башчыларына көбүрөк ишенди" деп белгиледи.
"Чынын айтыш керек саясатчылардын арасынан бир да киши бюджетти Акылбек Жапаровдой коруй албайт. Бюджеттен бир тыйын бирөөгө жылдыргысы келбейт. Пенсия, жөлөк пул, маяна деле бербей койгусу келет, айла жок да. ККМ, ЭТТН дегендер ошондон келип чыккан. Элге кандай иштеди аны тарых тастыктайт, бирок азыркы бийлик үчүн жан алы калбай иштеди. Азыркы "эки дос" финансы тармагынан алыс саясатчылар, алар "тап, сал, кур, төлө" деген лексиконго бай болсо, Акылбек Жапаов цифраларды каалашынча "ойнотот". Ал цифрага карапайым элге караганда эки дос көбүрөөк ишенчү. Кайталайм, бийлик үчүн жакшы кызмат кылды. Бүгүн отставкага кетиши элди эмес, ак үй ичиндеги өзү түзүп келе жаткан командасын шок кылды" - деп жазды Сулайманов.
Акылбек Жапаров өкмөттү жетектегенден тартып эле салык саясатын кескин өзгөртүүгө, салыктын эсебинен бюджетти көбөйтүүгө киришкен. Адегенде ири иштеринин товар саткан ишкерлерди, соодагерлерди көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирди. ошондой эле товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Мунун айынан Бишкек жана Ош баштаган айрым шаарларда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү. Өкмөт айрым чечимдирин бир аз артка жылдырып, айрымдарын жумшартууга аргасыз болду.
Акылбек Жапаров ишин жаңы баштаганда эле "кедей өлкө деген синдромдон арылып, жакынкы жылдары экономика, энергетика жана кен тармагында ири долбоорлор башталарын жарыялаган. Өлкөдө өнүгүү үчүн туруктуулук керектигин баса белгилеген.
Жапаров бийлик өлкө экономикасын көтөрүүдө, элдин жашоо-шартын жакшыртуу үчүн ички ресурстарга таянарын айткан. Салыктын эсебинен мугалим, дарыгер сыяктуу кызматкерлердин айлыгы 50-100% чейин көтөрүлөрүн жүйө келтирген. Көп өтпөй өкмөт кризиcке каршы планын жарыялаган. Жети бөлүктөн турган планда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, негизги товарлардын баасын турукташтыруу чаралары көрсөтүлгөн.
Акылбек Жапаров өкмөттүн жакынкы убакта аткарыла турчу иштери менен кошо узак мөөнөттүү пландарына да токтолгон.
“Экономиканын өсүшүнө бут тосуп жаткан тоскоолдуктарды алып салып, Кытай, Индия, Өзбекстан тарапка багыт алабыз. Өлкө рыногунун көлөмүн кеңейтип, энергетиканын жаңы кубаттуулугун киргизебиз. Жакынкы 3-5 жылдын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1 ишке кирет. Каржы ресурстары бар. Финансы министрлиги жакында курулуштун биринчи фазасына 498 млн. долларды мобилизациялайт. Быйыл курулушка даярдык көрүү үчүн бюджеттен 20 млн. АКШ доллары каралып, жакынкы арада ишти баштайбыз. Жакынкы жылдары Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке кирсе, бул Камбар-Ата-2 ГЭСнин толук кубаттуулукта иштөөсүнө шарт түзөт. Экинчи жана үчүнчү блокторду ишке киргизүү менен Камбар-Ата-1 ГЭСнин жалпы кубаттуулугу жакынкы үч жылда 360 МВт түзөт. Ошондо эки ГЭСтин жалпы орнотулган жана ишке киргизилген кубаттуулугу 1000 мегаватт болот. Мен сыйкырчы эмесмин жана биздин команда сыйкырчылардан түзүлгөн эмес. Азыр ар бир жаран Конституциядагы милдеттерин так аткарып, салык төлөшү керек. Ал эми биздин өлкөдөн киреше таап жаткан ишкерлердин эки эсе жоопкерчилиги бар. Болгону салык төлөгүлө”, - деген Жапаров.
Деген менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу сыяктуу ири долбоорлорго ири инвестор чыкпай, ишке ашыруу ойдогудай жүрбөй келет. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну баштоо дагы дымактуу пландардын бири болгон жана өкмөт жакында батыл аракеттер башталарын жарыялаган.
Акылбек Жапаровдун тушунда "Улуу көчмөндөр мурасы" өңдүү улуттук холдинг түзүлгөн, ага кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу ланы бар экенин билдирген. Бирок холдингдин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк камакка алынып, мекеменин өзү жоюлуп кеткен.
Өкмөт 2021-жылдан бери бюджет дээрлик үч эсе өскөнүн билдирип келген.
Өткөн айда Акылбек Жапаров 2025-жылы бюджет 700 миллиард сомго жетери пландалганын маалымдаган. Анын эсебинде күнүнө 2 млрд сомдон таап туруу керек болгон. Финансы министрлиги 2028-жылга чейин кирешени 1 триллион сомго жеткирүүнү убада кылганын жарыялаган. Өкмөт өсүштүн негизги себебин көмүскө экономиканын азайышы менен негиздеген.
Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Акылбек Жапаровдун өкмөттү жетектеп тургандагы үч жылдык иши "ийгиликтүү болду" деп эбаалайт.
"Садыр Жапаровдун президент болуп турганда ага ошондой мүмкүнчүлүк берилип абдан ийгиликтүү иштеди. Кыргызстандын эгемен тарыхында эн бир ийгиликтүү, натыйжалуу өкмөт башчы катары жазылып калат болушу керек. Ага бюджет, салык, бажы тармагы деген далилдер толтура. Бул жерде анын депутаттык тажрыйбасы дагы чоң роль ойнодубу деп ойлойм. Депутат болуп турганда бюджет боюнча комитетти башкарып турду. Кыргызстандын бюджети кандай нукта өнүгүп жатат, кандай мүчүлүштүктөрү бар талдап жүргөн адис катары айтсак болот. Ички дүң өнүм дээрлик үч эсе көбөйдү. Кумтөрдүн Кыргызстанга алынышында дагы Акылбек Жапаровдун чон эмгеги бар. Энергетика тармагын өнүктүрүү, фискалдык саясатты жүргүзүү, социалдык, илим-билим чөйрөсүндө абдан чоң иштер жасалды".
Талдоочу, журналист Адил Турдукулов Жапаровдун кызматтан алынышын ириде салык саясатынан улам жаралган нааразылыктын алдын алуу чарасы менен байланыштырды.
"Акылбек Жапаровду буга чейинки премьер-министрлер менен салыштырууга болбойт. Себеби азыркы өкмөт башчылардын фунциялары абдан эле кыскарган. Толугу менен президенттин гана тапшырмаларын аткарган гана фигура десек болот. Эгерде биз Акылбек Жапаровду сындасак же мактасак аны баары келип эле президентке такалат. Өзү демилгечи болгон иштерге токтолсок анда бул - фискализация жана салык чогултуу. Бул жаатта жакшы эле жетишкендик болду деген ойдомун. Себеби өлкөдө көмүскө экономика басымдуулук кылып келген. Салыктын көбөйүшү элдин капчыгына оорчулук келтире баштады. Мындай реформалар сөзсүз түрдө карама-каршылыктуу болот. Нааразы болгон топтор да көбөйөт. Ошондуктан Акылбек Жапаровду жылдын аягында кызматтан кетирген себеби ошол нааразылыкты ага оодаруу аракети болду деген ойдомун".
Акылбек Жапаров кызматта турганда мамлекеттик орган-мекемелерге кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсе кыскартып, электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүүнү талап кылды. Креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө аракет кылып, 2022-2026-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекитти.
Ушул жылы август айында эгемендик күнүн жана Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата өкмөт 100 жаңы объект салтанаттуу ачылганын жар салган. Анын алтымышы мектеп, бала бакча өңдүү социалдык, жайлар, маданий мекемелер, спорттук комплекстер болду, калган кыркы ГЭС, чакан заводдор, фабрика сыяктуу өндүрүш болгон.
Бул өкмөттүн тушунда кымбатчылык, баалардын кесин көтөрүлүшү, инфляциянын жогорулашы көйгөйлүү маселелердин бири болду. Кыш келип, суук түшкөндөн бери жарыктын улам-улам өчүрүлүшү өлкө энергетикалык каатчылыктан дагы деле чыга электигин эске салды.
Акылбек Жапаровдун тушунда бир катар министрлерге, өкмөт өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду, айрымдары камалды, кээ бири иштен алынды.
Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду бул кызматка дайындаганда анын "ар бир кадамын жеке өзү көзөмөлдөй турганын" билдирген. Мындан улам талдоочу Руслан Акматбек Фейсбуктагы баракчасына президенттик башкаруу системасында өкмөт башчынын кызматтан кеткени мынчалык "талкуу жаратпашы керек" деген оюн жазды.
"Өзү, негизи, аткаруу бийлигин президент башкарган өлкөдө, жоопкерчилик бир кишиде болгон өлкөдө, администрация жетекчисинин алмашуусу мынчалык резонанс болбош керек эле. Эртеден бери "Кетиптир, ордуна ким келет экен?" деген эле суроо... Конституцияга ылайык аткаруу бийлигин президент жетектейт жана аткаруу бийлигин президент жүзөгө ашырат. Кайра эле баягы "өкмөт, өкмөт башчысы" дегенге өтүп алдык".
Акылбек Жапаров кайсы кызматка барары тууралуу азырынча белгисиз. Айрым бир кабарларга караганда ал Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалышы мүмкүн. Учурда бул орун бош турат.
Шерине