Франция менен Италия Борбор Азияга аскердик технологияларды сатат
The Diplomat басылмасы 3-декабрда Франция менен Италиянын Борбор Азиянын энергетика жана коргонуу өнөр жай тармагындагы активдүүлүгүнө арналган макала басып чыгарды.
Авторлор ал эки өлкө энергетика секторунда бири-бирине окшош, бирок эки башка кызыкчылыкты көздөй турганын белгилешет. Франция уранга басып жасап, Нигерияда былтыр болгон мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Казакстан жана Өзбекстандан ал чийки затты көбүрөөк алууну максат кылат.
Мисал катары макалада франциялык “Орано” кен казуучу ири компаниясынын ишмердиги айтылат. Ал компания Борбор Азияда уран казууда чоң роль ойнойт. Былтыр ноябрда француз президенти Эммануэл Макрон Өзбекстанга барганда бул тармактагы кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу макулдашылган.
"Ал эми казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин өткөн айда Парижге жасаган мамлекеттик сапары эки өлкөнүн өнөктөштүгүн бекемдөөнү көздөгөн", - деп улантышат журналисттер.
Маалыматка караганда, Казакстанда франциялык капиталды пайдаланган 200дөй компания иш алып барат. Жогоруда айтылган “Орано” компаниясы Казакстанда АЭС кура турган эл аралык консорциумдагы ири өнөктөш болуп калышы ыктымал.
Ошентип, Франция уранга көңүл бурса, Италия мунай менен газга кызыгат. Ал өлкөгө казак мунай экспортунун 27,9% туура келет. Андан ары кара май Европанын башка өлкөлөрүнө бөлүштүрүлөт. Италиялык ENI энергетикалык компаниясы Казакстандагы Кагашан жана Карачаганак кендеринде ири үлүштөргө ээлик кылат. Андан тышкары быйыл январда Италиянын компаниялары энергетика жана чийки заттар чөйрөсүнө бир жарым миллиард доллар инвестиция саларына убада кылган.
Андан тышкары Рим Түркмөнстандын газ кендерине да кызыгып жүрөт.
Макалада коопсуздук тармагындагы кызматташтык тууралуу да кеп кылынган. Авторлордун пикиринде, 2022-жылдын февралынан бери Орусия курал экспортуна мурункудай кызыкдар болбой калган. Муну менен Франция жана Италия үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Алсак, Париж Москва менен Астананын салкындаган алакаларын коргонуу өнөр жай тармагындагы катышты кеңейтүү үчүн пайдаланганы айтылат. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Франция менен Казакстан ортосунда түзүлгөн аскердик кызматташуу тууралуу келишимдин алкагында курал соодасы, биргелешкен машыгуу жана кызматкерлерди окутуу каралган. Казакстан Франциядан технологияларды, абадан коргонуу системаларын алды. Ground Master 400 системасы жарым-жартылай Казакстанда да жасалууда.
Макалада белгиленгендей, дагы бир маанилүү оюнчу – Airbus учак чыгаруу компаниясы болуп келатат. 2013-жылдан бери Франция Казакстанга C295 жүк ташыган учактардан 100 даана экспорттогон. Быйыл апрелде казак Аба күчтөрү үчүн A400M аскердик жүк ташуучу учак куралып бүткөнү маалымдалган. Экинчиси да жасалып жатат.
Авторлор айрым долбоорлор ишке ашпай калганын да жазышат. Мисалы мурда болжолдонгондой франциялык Rafale истребителдеринин ордуна Астана Орусиянын Су-30СМ учактарын алган. Rafale учактарын Өзбекстанга сатуу да үзгүлтүккө учураган.
Ал эми Италия аскердик техниканын маанилүү импорттоочусу болуп калды. Стокгольмдогу Тынчтыкты изилдөө эл аралык институту (SIPRI) жарыялаган маалыматка ылайык, Италия Түркмөнстанга тик учак, дрондорду, аскер-деңиз күчтөрү үчүн курал-жарак саткан.
Андан ары авторлор Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Франция жана Италия менен кызматташтык Орусия жана Кытайдан башка өнөктөштөр менен алака-катышты кеңейтүүгө, алдынкы технологияларга ээ болууга мүмкүнчүлүк түзгөнүн белгилешет.
Борбор Азиянын "Талибан" менен кызматташуу тенденциясы
Австралияда жайгашкан The Lowy Institute деген көз карандысыз аналитикалык институт Борбор Азия менен Ооганстандагы “Талибан” кыймылынын мамилелерин талдаган.
Эмил Авдалиани Казакстандын кеп болгон кыймылды террордук уюмдар тизмесинен алып салуу чечими региондун талибдер менен экономикалык алакаларды нормалдаштыруу тенденциясына төп келет деп эсептейт.
2-декабрда жарык көргөн материалда айтылгандай, согушкерлердин Кабулдагы бийликке кайтып келүүсүн согуш сазына баткан өлкө менен чектеш борбор азиялыктар өтө этият кабыл алганы менен эми алар стратегияларын кайра карап чыгышууда. Буга жүйө катары Ооганстандын изоляциясы экономикалык кырдаалды ого бетер начарлатып, аймактын өлкөлөрүнө да тассир этүү ыктымалдыгы аталат. Ошол эле маалда Батыш мамлекеттери “Талибан” менен тыкыз кызматташтыкка умтулбайт.
Автор Казакстандын позициясы өтө кызыктуу деп санайт. “Президент Касым-Жомарт Токаев 2005-жылы «кара тизмеге» киргизилген кыймылды террордук уюмдардын катарынан чыгарыларын билдирген. Казак лидери Ооганстан менен соода-экономикалык кызматташтыктын маанисин белгиледи. Августта Астана талибдер жетектеген өлкөгө өзүнүн расмий ыйгарымдуу өкүлүн дайындаган. Казакстандын чечими экстремизм менен күрөштө, соода тармагында кызматташууга, наркоаткесчиликти көзөмөлдөөгө багытталмакчы”, - деп айтылат макалада.
Автор талибдердин адам укуктарын бузуп келатканын да кеп кылды. Ошол эле маалда Ооганстанды регионалдык экономикалык жана башка стуруктураларга камтуу үмүтү да бар. Муну менен экстремизм коркунучун да басаңдатса болот. Авдалиани эске салгандай, былтыр жайында АКШ жана борбор азиялык 5 мамлекет Астанада Ооганстандагы абал боюнча атайын сессия өткөргөндө ал өлкөнүн стабилдүү, суверендүү жана бардык күчтөрдү камтыган инклюзивдүү өкмөтүн колдоо зарылдыгын белгилешкен.
Казак бийлиги Алматыда Борбор Азия жана Ооганстан боюнча БУУнун регионалдык борборун ачууну көздөйт.
Макалада Ооганстанда өстүрүлгөн апийим Евразияга тарап жатканы тууралуу да сөз болуп, талибдер менен кызматташууну өнүктүрүү Казакстанга жана региондун башка өклөлөрүнө маңзаттарынынын жайылышын көзөмөлдөөгө жана чектөөгө өбөлгө түзөрү айтылат.
Изилдөөчү авто жана темир жол куруу долбоорлорун иштеп чыгуу да товарларды дүйнөнүн булуң-бурчуна ташууну жеңилдетерин белгилейт. 2021-жылы Ооганстан, Пакистан жана Өзбекстан Термез-Мазари-Шариф, Кабул-Пешавар трансооган жолдорун узартуу тууралуу макулдашкан. Андан тышкары ооган Темир жол башкармалыгы жана казакстандык Integra Construction компаниясы Рознак-Рабаттарян жолун салуу ишин жандандырууну чечишкен. Муну менен геосаясий чыңалган заманда кооптуу болуп калган деңиз жолдорунан көз карандысыздык төмөндөмөкчү.
Макала “Казакстандын талибдерди террористтер тизмесинен чыгаруу чечими регионалдык стабилдүүлүктү экономикалык кызматташтык аркылуу бекемдөөгө багытталганы, бул чакан кадам ири көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет” деген ой менен жыйынтыкталат.
Киши колдуу болгон, төңкөрүлгөн, соттолгон. Түштүк Кореянын президенттери
Түштүк Кореядагы соңку саясий кризис дүйнөлүк басма сөздө байма-бай чагылдырылып келатат. Бир топ басылмалар буга байланыштуу ал өлкөдө президенттер ызы-чуу менен кызматтан кеткен учурлар көп болгонун эске салышат.
AFP агенттиги 5-декабрда жаңжалдарга малынган түштүк кореялык лидерлерди тизмектеп чыкты.
2016-жылы коррупцияга айыпталган президент Пак Кын Хе импичментке туш болгон. Ал чоң корпорациялардан, анын ичинде Samsung компаниясынан он миллиондогон доллар пара алган деп күнөөлөнгөн. Ага ошондой эле купуя документтерди ачыкка чыгаруу, кызматынан кыянат пайдалануу айыптары тагылган.
Мурдагы авторитардык президент Пак Чон Хинин кызы Пак Кын Хе 2013-жылы Түштүк Кореянын алгачкы аял президенти болгон.
2021-жылы 20 жылга абакка кесилип, ири өлчөмдөгү айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Бирок ошол эле жылдын этегинде жаңы президент Мун Чжэ Ин ага ырайым берген.
Пак Кын Хенин алдындагы мамлекет башчы Ли Мён Бак 2018-жылдын октябрында паракорлук үчүн айыпталып, 15 жылга абакка өкүм кылынган. Ал өлкөнү 2008-2013-жылдары башкарган. Экс-президенттин асыресе Samsung корпорациясынан пара алганы, бул үчүн анын жетекчиси Ли Гон Хиге артыкчылык бергени аныкталган. Ли Гон Хи өз кезегинде салык төлөбөгөнү үчүн кесилген.
Азыркы президент Юн Сок Ёл 2022-жылы декабрда Ли Мён Бактын айыбын кечкен.
2003-2008-жылдары Түштүк Кореянын башында турган Но Му Хён Пхеньян менен жакындашуу саясатын жигердүү колдогондордун бири болчу. Маркум 2009-жылы майда тергөө жүрүп жатканда аскадан боюн таштап өз жанын кыйган. Ошол маалда бут кийим чыгаруучу бай ишкердин президенттин аялына миллион доллар, жээнинин күйөөсүнө 5 миллион доллар пара бергени иликтенип жаткан.
1987-жылы автократ лидер Чон Ду Хван отставкага кеткен. Кванжу шаарында анын башкаруусуна каршы чыккан көтөрүлүштү күч менен басканы үчүн “Кванжу касапчысы” деген атка конгон Чон Ду Хван массалык демонстрациялар тутанганда кызматтан кетүүгө макул болгон. Президенттикти шериги Ро Дэ Уга өткөрүп берген. 1996-жылы экөө тең 1979-жылкы кутумга байланыштуу чыккынчылык, коррупция жана башка кылмыштар үчүн айыпталып эркинен ажыратылган. Чон Ду Хвандын өлүм жазасы өмүрүнүн аягына чейин абакка кесүү менен алмаштырылган. 1998-жылы экс-президенттер мунасага туш болгон.
1979-жылы диктатор Пак Чон Хини өзүнүн эле чалгын кызматынын башчысы кечки тамак учурунда өлтүргөн.
Дал ошондо башаламандыктан пайдаланып, генералдар Чон Ду Хван менен Ро Дэ У мамлекеттик төңкөрүш уюштурган.
Пак Чон Хи өзү 1961-жылы дагы бир кутумдун натыйжасында бийликке келген. Ал президент Юн Бо Сонду бийликтен кетирген.
Ал эми Түштүк Кореянын алгачкы президенти, 1948-жылы шайланган Ли Сын Ман 1960-жылы студенттер козголгондо отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Ал бурмаланган шайлоо аркылуу кызматтагы мөөнөтүн узартууга аракет кылганда, эл толкуган. Мамлекет башчы Гавайиге качып, 1965-жылы ошол жакта көз жумган.
Шерине