Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

"Президент калкына карасанатайлык кылды". Сеулда саясий кризис уланууда


Жаанга карабай, парламенттин алдында президентти кызматтан кетүүгө чакырган демонстранттар. 5-декабрь, 2024-жыл.
Жаанга карабай, парламенттин алдында президентти кызматтан кетүүгө чакырган демонстранттар. 5-декабрь, 2024-жыл.

Түштүк Кореяда саясий кризис уланууда. Эми президент Юн Сок Ёлдун кызматтан кетүүсүн анын өзүнүн партиясы да талап кылды. Бийликтеги Элдик партиянын лидери Хан Дон Хундун айтымында, президенттин кызматта калуусу демократия үчүн коркунуч жаратат.

Буга чейин оппозиция мамлекет башчыга импичмент жарыялоого чакырган. Буга Юн Сок Ёлдун күтүүсүз аскердик абал жарыялап жибериши түрткү болду.

Сеулдагы парламенттин алдында президенттин бийликтен кетишин талап кылгандар 6-декабрда да чогулду. Ал эми имараттын ичинде оппозициячыл партиянын депутаттары “Президентти камагыла!” деп кыйкырып турушту.

Түштүк Корея парламентинин ичинде "президент келсе киргизбейбиз" деп чогулган мыйзам чыгаруучулар. 6-декабрь, 2024-жыл.
Түштүк Корея парламентинин ичинде "президент келсе киргизбейбиз" деп чогулган мыйзам чыгаруучулар. 6-декабрь, 2024-жыл.

7-декабрда добушка коюла турган импичмент жараянын бир гана оппозиция өкүлдөрү эмес, бийликтеги президенттин өзүнүн партиясы да колдой турган болуп калды. "Элдин күчү" партиясынын лидери Хан Дон Хун 6-декабрда жасаган билдирүүсүндө президентти кызматтан кетүүгө чакырды.

"Президент керек болсо аскердик абал жарыялаганы туура эмес болгонун мойнуна албай жатат. Ошондуктан эгер президент Юн Сок Елге мамлекет иштерин башкарууну улантууга мүмкүнчүлүк беришсе, чоң тобокелчилик жаралышы мүмкүн. Ал дагы бир ирет аскердик абал жарыялап, Корея Республикасын жана анын жарандарын дагы чоңураак коркунучка кептеши ыктымал", - деген Хан Дон Хун буга чейинки маалымат жыйында президентке импичмент жарыялоо жараянын колдоодон баш тарткан эле.

Президент 3-декабрда аскердик абал жарыялаган маалда оппозиция лидерлерин жана өзүнүн партиясынын жетекчисин да камоого буйрук бергени ачыкка чыкты. Бул маалымат Хан Дон Хундун пикирин өзгөртүүгө түрткү болду. Оппозиция 300 орундуу парламентте ансыз да көпчүлүктү түзөт. Бирок импичмент жарыялоо үчүн кеминде 200 добуш керек. Ал үчүн бийликтеги партиянын сегиз гана депутатты кошулса жетиштүү болот.

"Президент экинчи жолу аскердик абал жарыялап жибериши мүмкүн"

Түштүк Кореядагы оппозициянын башкы лидери Ли Чжэ Мён 6-декабрда президент Юн Сок Ёл парламент импичмент боюнча добуш бергиче дагы бир ирет аскердик абал жарыялоого аракет кылышы мүмкүн экенин айтты.

"Калкка мыйзамсыз, Конституцияга каршы келген аракеттери менен карасанатайлык кылган президентке бир да секундга улуттук иштерди башкарууга жол бере албайбыз", - деди Ли Чже Мён.

Түштүк Кореядагы оппозициянын башкы лидери Ли Чжэ Мён.
Түштүк Кореядагы оппозициянын башкы лидери Ли Чжэ Мён.

Ал маалымат жыйын куруп жаткан маалда президент парламентке барышы мүмкүн деген сөздөр чыгып кетти. Мындан улам оппозициячыл мыйзам чыгаруучулар чогула калып, аны киргизбөө үчүн эшиктин түбүндө тизилип турушту. Юндун кеңсеси бул маалыматты жокко чыгарды. Ал эми коргоо министринин милдетин аткаруучусу аскердик абал тууралуу экинчи буйрук тууралуу маалымат чындыкка коошпостугун айтты.

Ошентсе да Ли кырдаал түн ортосунда өзгөрүп кетиши мүмкүн деп кооптонот.

Күтүүсүз жарыяланган аскердик абал

Юндун 3-декабрдын кечинде күтүүсүздөн аскердик абал киргизүүсү коомду нес, өлкөнүн каржы базарын олку-солку кылды. Президент өз чечимин Түндүк Корея менен өлкө ичиндеги “мамлекетке каршы күчтөрдөн” тараган коркунуч менен байланыштырган. Адистердин айтымында, бул кадам тышкы эмес эле, ички саясий маселелерге байланыштуу болгон. Бирок анын буйругун депутаттар аскердик абалга карабай, эптеп парламентке кирип, добуш берүү аркылуу жокко чыгарган.

Парламенттин ичиндеги аскерлер менен мыйзам чыгаруучулардын тиреши. 3-декабрь, 2024-жыл.
Парламенттин ичиндеги аскерлер менен мыйзам чыгаруучулардын тиреши. 3-декабрь, 2024-жыл.

Социологиялык борборлор жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, түштүк кореялыктардын ондон жетиси импичментти колдоорун айтышкан. Мионжи университетинин профессору Шин Юлдун айтымында, учурда кырдаал абдан олуттуу болуп турат.

"Дээрлик бардык жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү кызматтан кетишти. Президенттик администрациядагы азыркы абалды эске алуу менен өкмөт мындан ары кандай иш алып барат айтуу кыйын. Юнга импичмент жарыяланса да, жарыяланбаса да, кырдаал абдан олуттуу. Азыр эми Юндун администрациясында ким иштегиси келет?" - деп суроо салат ал.

63 жаштагы Юн Сок Ёл аскердик абалды жокко чыгаргандан бери коомчулукка чыга элек, эч кандай кайрылуу жасаган жок. Анын рейтинги соңку күндөрү рекорддук 13% чейин төмөндөп кеткен.

Ал бийликке 2022-жылы шайлоодо жеңип келген.

Импичмент жарыяланса эмне болот?

Эгер парламент импичментти колдосо, Юндун ыйгарым укуктары менен милдеттери дароо токтотулат. Ал эми президенттин милдетин аткаруу премьер-министрге жүктөлөт. Андан соң акыркы чечимди Конституциялык сот кабыл алат. Эгер ал дагы импичмент жарыяланышын туура деп тапса, президент кызматтан четтетилип, 60 күндүн ичинде жаңы шайлоо өтүшү зарыл.

Анткен менен эксперттер баамдагандай, бул үчүн Конституциялык Соттун жети судьясы чечим кабыл алышы керек. Учурда ал жакта алты гана судья бар. Ал эми жетинчи судьянын шайланышы бир топко созулуп калышы мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG