- Менин Түштүк Кореяга келгениме сегиз жыл болду. Ага чейин Кыргыз-Түрк «Манас» университетин бүтүрүп, анимация тармагында иштеп жүрдүм. Эки-үч жыл иштегенден кийин чыныгы анимация деген эмне экен деп кызыгып, жакшылап билгиң келет экен. Анан жакшы бир университетте терең билим алсам деп ойлонуп жүрүп, көп өлкөлөрдүн университеттеринин сайттарына кирип, баарын карап чыккам. Тил үйрөтүп, окуу акысын толук төлөп жана стипендия да берген программалар бир нече өлкөдө, анын ичинде Түштүк Кореяда бар экен. Алардын ичинен мен Кореяга окууга тапшырып өтүп кеттим.
Нурила Козубаева Түштүк Кореянын Сеулда жайгашкан Улуттук искусство университетинде (Korean National University of Arts) анимация багыты боюнча билим алган. Аталган окуу жайы маданият тармагында алдына ат салдырбайт, окууга тапшырууда атаандаштык да күчтүү. Мекендешибиз бул окуу жайына өз алдынча изденип жүрүп, Интернет аркылуу тапшырган.
- Байкашымча, бүт баарын төлөп берген стипендиялык программалар азыр өтө эле аз. Анын үстүнө маданият тармагында кыйла аз экен. Мисалы, бизнес, эл аралык мамилелер сыяктуу факультеттерде окуу үчүн Америка, Европа өлкөлөрүнө кетсең болот. Бирок маданият боюнча программаларды табуу кыйын экен, болсо да кымбат. Себеби бул тармакта көбүнчө байдын балдары окугандыктанбы же эрмек катарында окугандар көп болгондуктанбы, айтор стипендиялар жокко эсе. Ал эми Кореядан стипендиялык программаларды көп эле тапсаң болот. Анткени Корея дүйнөлүк аренага чыгууга аракет кылып жатат. Ошондуктан башка өлкөдөгү студенттер көбүрөөк келип, Кореянын маданиятын, тилин үйрөнүп, кайра өлкөсүнө барып аны мекендештерине үйрөтсө, жайылтса дешет. Ар бир университет деп айта албайм, бирок окуу жайларынын 99% стипендиялык программалар бар. Зерикпей карап чыкса болот.
Нурила Түштүк Кореяга баргандан кийин үй-бүлөсүн сагынып, башында кыйналган. Бирок окуу жайындагы атаандаштык чыйралтып, кусалыкты тез унуттурган экен.
- Кыргыздар үй-бүлөрүбүзгө жакын болгондуктан, чек арадан өтүп жатканда эле «мен башка мамлекетке кетип жатам» деп ыйлагам. «Эки-үч ай тилин үйрөнүп алып эле кайра келем» деп кеткем. Жакын өлкөлөрдөн 20дан ашык студент келгенбиз. Алар менен сүйлөшүп отурсам, баарынын эле башынан ушундай окуя өткөн экен. Анан тамак-ашынан, тилинен да көп кыйналдык. Бирок «университетим жакшы экен» деп эле, кошо окуган студенттердин деңгээлин көрүп, «мен да алардай болсом экен» деп аракет кылып жатып эле ал кыйынчылыктардан өтүп кетсем керек. Анан чет өлкөдөн келген студенттерди баары эле кучак жайып тосуп албайт, айрыкча стипендия берип жаткан болсо. Биздин анимация факультетин курган кээ бир мугалимдерибиз: «Мамлекет бизге акча берип жаткандан кийин, биз силерди алгыбыз келген эмес. Бизге Маданият министрлиги эле «билим бересиңер» деп, силерди бөлүп берип койду. Ошон үчүн гана силерди үйрөтүп жатабыз», - деп ачык эле айтышкан. Ошого жараша талаптарды да жогору коюшат. Мисалы, «бир жыл ичинде тилдин үчүнчү, төртүнчү деңгээлин үйрөнүп, идеалдуу сүйлөшө башташың керек» деген ойго келбеген талаптары болот. Бирок чет өлкөгө чыгып, окуп келген профессорлор өтө түшүнүктүү келишет. Бизди «алыста жүрөт» деп, жумшак эмес, бирок түшүнүп мамиле кылгандары да болду.
Кореянын билим берүү тармагы күчтүү жана талап өтө катуу коюлат. Чыгармачыл Нурилага бул анча жага бербейт экен. Себеби, талаптын катаалдыгы көп корейликтерди стресске дуушар кылып, чыдабагандар чөгүп кетет экен.
- Мен билгенден жогорку билим албаган жарандардын саны, так айталбайт экем, бирок 7-10 тегерегинде болсо керек эле же андан да аз болушу мүмкүн. Себеби бул жакта билимге өтө маанилүү деп мамиле кылышат экен. Атаандаштыктын айынан «сөзсүз ийгиликке жетиш керек» деген принциптери бар. Бала бакчадан баштап 2-3 тилди үйрөнүшөт. Бизде окууну эртең мененки, түшкү деп бөлүп, бүтүрүп коет го? Бул жакта андай эмес. Сабагы бүткөндөн кийин чоң, оор баштыктарын көтөрүнүп алып, кошумча сабактарга барышат. Музыка, математика, чет тил курстарына барышат. Мектепте окуган окуучунун күнү кадимки иштеп жүргөн чоң кишинин эле күнүндөй: эрте кетип, 8-9дарда үйгө келишет. Университеттери да биздин билим берүү тармактарынан абдан айырмаланат. Себеби бул жактагылар Конфуций кезинен келген тарбияны алып калышкан. Мисалы, айткан нерсени корейлер угат, берилген тапшырманы сөзсүз жасап келиш керек, сөзсүз убагында тапшырыш керек. Керек тапшырма болобу, керексиз тапшырма болобу (кээде болуп калат) – эч кандай айырмасы жок, аткарылып, ошол айтылган мүнөттө мугалимдин колунда болуп калыш керек. Мугалимдери талаптарды катуу койгондуктан, бул стресске, депрессияга жеткирет. Бул чоң кемчилиги деп ойлойм. Анткени искусство адамдары сезимтал болушат эмеспи? Кесипкөйлүк жактан өтө жогору болгону менен, стресстин айынан чыгармачылык жактан кыйналып калышат.
Корейлер менен жарыша окуган Нурила үч жыл мурун окуусун аяктагандан бери «Chung Ang Central Animation Studios» деген студияда аниматор болуп иштеп жатат. Ал кесиптештери менен даярдаган «Big Five» деген долбоору өлкөдөгү эң чон каналдардын бири - KBS каналынан жумасына бир жолу көрсөтүлүп жатат. Журтташыбыздын айтымында Кореяда аниматорлор көбөйүп кеткендиктен алар өтө көп акча табышпайт.
- Азыр Сеулдун чет жагында жайгашкан студияда иштеп жатам. Эми-эми көнө баштадым. Өзүмдү мурункудай урушпай, «мен да иштей алат экем, жакшы аниматор болсом болот экен» деп өзүмө ишенич пайда болуп калды. Бул жакта аниматорлор көп акча табат деп айта албайм. Биринчи анимациялык агым башталганда, комикс китептерди окуп, жаңыдан тарта баштаган адамдар өтө көп акча тапчу. Анан Канададагы концепциясы жакшы анимациялык студиялар Түштүк Кореяда арзаныраак деп бул жакка офистерин көчүрүп келишкен. Анан кызыккан адамдар, сүрөт тарткан адамдар өтө эле көбөйүп кеткен. Ошондуктан азыр айлыгы жогору деле эмес. Албетте, биздин акчага салыштырсак, өтө эле жогору болот. Бирок Кореяга салыштырганда орточо эле.
Бул шилтемени басып, Нуриланын айрым эмгектерин көрүңүз.
Нуриланын баамында, Кыргызстандагы анимация тармагы менен Түштүк Кореяныкын салыштырууга болбойт.
- Биз көбүнчө совет мезгилиндеги мультфильмдерди көп көрдүк. Бул жактагылар көбүнчө Жапониянын анимацияларын көрүп, техникалык жактан өтө кыйын болушат. Кичинекей кезинен эле комикс китептерди көп окушат. Корейлердин атайын сабак алып жүргөндөрү эле эмес, тил окуткан мугалимдеринен бери сүрөттү укмуш тартышат. Мен Сеулда жүргөндө эки-үч кеңсеге барып калдым. «Simpson», «Family Guy» – Американын белгилүү мультфильмдери, «Губка Боб» сыяктуу мультфильмдердин бир канча бөлүгү, булар техникалык жактан күчтүү болгон үчүн, ушул Сеулдагы студиялардан тартылган. Ал эми бизде колдоо жок. Колдоо болбосо бир нерсе чыгаргың деле келбейт. Биздин элдин маданиятты, анимацияны ойлой турган убактысы деле жок. Интернеттен карап, өз алдынча кызыгып, окуп-үйрөнгөн бирөө эле чыкпаса – азырынча деңгээлибизди салыштырганга болбойт.
Чет жерде чыгармачылыкка берилген кыргыз кызы Нурила Козубаева азырынча Кыргызстанга кайтайын деген ою жок. Анын азыркы максаты- анимация тармагынын дагы көп сырларын үйрөнүп, тажрыйба топтогондон кийин жеке мультфильмин жаратуу. Ал фильминин каармандары кимдер болот? Азырынча бул да купуя сыр.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.